БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

(Башталышы өткөн сандарда)

Апасы мени жакшы көрчү, барганда отура бербей иштерине жардам бергеним үчүнбү, билбейм, айтор, барсам сүйүнчү. Ошонукуна барайын дедим, себеби алардын айылындагылар Казакстанга көп барышчу, породалуу аттарды жашыруун жолдор менен алып өтүп сатып келишчү. Менин оюм Казакстанга кетүү эле, эч жерге аты-жөнүм жазылбай чек арадан жашыруун өтүп алсам, аяктан паспорт алсам болот эле. Акчаӊ болсо бүтпөгөн иш жок го.
Саня үйүндө экен, апасы менен инисин атасы Орусияга алып кетиптир. Үйлөнүп бир балалуу болуптур, аялы жумушунда экен.
Саня ишеничтүү бала эле, ачык эле айтып бердим. Ал казакстандык коммерсанттарга машинасы менен «Дордойдон» товар алып өтүп берип иштеп жатыптыр.
– Дем алып тур, мен бир-эки саатта келем. Бир жакшы адам бар, ошонун колунан келет, барып сүйлөшүп келейин,- деп бир жакка кетти. Телевизор көрүп жатып уктап кетиптирмин, турсам саат кечки 6 болуп калыптыр, Саня ойготпогон окшойт. Сүйлөшүп келиптир. «Дарегин Кордайлык кылып паспорт, аскердик билет жасатып берем, үч күндө даяр болот. Болгону Астана жакка барып жашаш керек бул жакта жүрбөй» дептир. Мага айырмасы жок эле каякта жашоонун. Айткан акчасын бердим, Саня дароо эле алып барып берди. Эми үч күн күтүш керек. Ал «үйдөн чыкпай эле кой, коӊшулар көрсө эмне деп ойлойт, үч күн чыдап тур» дейт. Макул болдум.
Эртеси күнү Бишкекке барып карточкаларымдагы акчалардын баарын «American express» деген карточка алып ошого котордум. Ал карточка менен дүйнөнүн кайсы бурчу болбосун ала алат экенсиӊ, колуӊда карточка болуп, анын паролун билсеӊ болду.
Кечинде жатып агентти ачсам, Элиза көп нерселерди жазыптыр. Жооп жазбаганымдан кийин чалган окшойт, «Каяктасыз?», «Чалсам телефонуӊуз өчүк болуп жатат» деген сыяктууларды жазыптыр. Аябай сагыныпмын, жооп жазайын дейм, эмне деп жазат элем, аны да бекер ойлондуруп. Саат түнкү 12 болуп калган, күндүз уктап алгангабы, уйкум келбей интернеттен ар нерселерди окуп жаткам, маал-маалы менен Элиза жазды бекен деп карап коём. Уктап кетиптирмин, ойгонсом таӊкы 7 болуп калыптыр. Карап коёюн деп агентке кирип окуп коркуп кеттим. Элизанын почтасынан Жумалы байке жазып жибериптир. Биринчисин түнкү саат экилерде жазыптыр:
«Эрмек, каяктасыӊ, мени менен байланыш, балам», «Мага телефон чал же номериӊди жаз» деп телефон номерин жазып коюптур. «Эрмек, бүгүн акыркы күн, эртеӊ келбесеӊ Элизаӊан айрыласыӊ» деп да жазыптыр. Бир сааттай күтүшкөн окшойт, анан видео жөнөтүшүптүр, ачып көрсөм, жер үйдө окшойт, Элиза ыйлап полдо отурат, көп ыйлаган го, көздөрү кызарып, шишип калыптыр. Аябай коркуп калган өӊдүү, камерага тартып жаткан адам «сүйлө!»  деп кыйкырды эле, чочуп ыйлап жиберди, үнүнө караганда Бекболот менен машинада сүйлөшкөн бала окшойт. Элиза камерага карап:
– Эрмек аке, деги эмне болуп жатат? Мени аябай урушту, сизди каякта, таап бер, сен билесиӊ деп. Эмне керек буларга?- деди. Бирөө барып оозуна скотч жармаштырып
койду. Артынан тааныдым, Бекболот эле, камераны карабайт. Анан Жумалы аке сүйлөптүр:
– Эрмек, балам, тез келип кал, сага тийбейбиз. Эки ооз сөз бар, сүйлөшөбүз, анан кызыӊды алып кете бересиӊ, акылсыздык кылба.
Элизанын ыйлаганы угулуп, камераны ошол жакка бурду, Бекболот барып Элизанын чачынан тартып, «үнүӊдү чыгарба!» деп башын жерге басып-басып койду эле, Элиза үнүн чыгарбай жатып калды. Жумалы акенин «Зарыл, болду, өчүр камераны!» деген үнү чыгып видео бүтүп калды. Видеого тартып жаткан баланын аты Зарыл окшойт. Артынан «Бүгүн биз менен байланышпасаӊ, кызыӊды өлтүрөбүз» деп жазып жиберишиптир.
Видеону көрүп жаным чыгып кетти, айрыкча чачынан тартып кармаганда. Жанында болсом эмне кылат элем, билбейм. Жазылган номерге чалсам, үнүнө караганда Зарыл, машинада бараткан окшойт:
– Да...
– Жумалы акеге бер телефонду!
– Аа, Эрмексиӊби?- жанындагыга:
– Эрмек экен,- деди да, – Жумалы аке жаныбызда жок, анан барганда өзү чалат. Каяктасыӊ? Сени Элизаӊ аябай чыдамсыздык менен күтүп жатат, сагынган окшойт,- деп күлөт.
– Эгер Элизанын бир тал чачы түшө турган болсо, баарыӊар жооп бересиӊер, силердин да чачыӊарды бирден жулам!
– Ой, ой, аябай коркуп кеттим! Сөздү көбөйтпөй келип кал, Жумалы акенин сөзү бар сенде.
– Айтып коёюн, Элизага тийбегиле, мен барып калам, барганда өзүм чалам.
Саняга үч күндө келем деп коюп такси менен Ошко жөнөдүм. Булардын Элизаны алып кетери оюма эч келбептир, көрсө, мени аӊдып жүрүшчү экен да.
Жолдо келатып кичине өзүмдү токтотуп эмне кылышты ойлондум. Кантип болсо да Элизаны алардын колунан алып чыгып кетишим керек эле, жакшысы, мени өлтүрүшсүн.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
islamsalamat1315
2015-12-28 09:12:08
мен биринчи
+2
asdef
2015-12-28 09:20:57
islamsalamat1315,мен биринчи элем просто жазбай койдум да )))))
+5
jeka17
2015-12-28 09:47:49
Мен3су)) аябай жакты башынан бери калтырбай окуп келемин
+2
MEN.KG007
2015-12-28 11:44:33
Эхх!!!Дагы бир жума.
+2
aizada15
2015-12-28 12:12:33
Эмне болуп кетет экен эми
+2
gul91
2015-12-28 20:20:48
соонун
+1
gul91
2015-12-28 20:21:28
Оштук болгонум учунбу,ар бир адрести так айтып жатканынан коз алдымда кинодой отуп жатат!
+2
malywKG
2015-12-28 20:55:22
Турктун сериалы жолдо калдыго 5 минут окуп кийинки жуманы кутуп
+2
jamakeev2015
2015-12-28 21:40:33
Айланайын коп коптон эле чыгаргылачы
0
Baichik17
2015-12-28 22:38:20
Эрмектин тынчыганы эле жаман да, за то Элиза коп акча менен алыскы ысык жака кетет.
0
Chika78
2015-12-29 13:35:17
Эрмек олбош керек
+1
bolotbek91
2015-12-30 06:50:35
ушул чыгарма жакты аягы жакшы болуп бутсун кутуп жатам башынан окуп келе жатам
+1
altynaiB
2015-12-30 15:13:03
Озу чыгарма баары толук жазылып гезитке чыгып буткондо тез эле окуп алчу элем. Каяктан дагы окуп баштадым билбейм эми силерге окшоп бир жума кутмоой деп журо берем.
+2
Kubanychbek1994
2016-01-01 21:32:05
озу окуубай, бир топтоп окууп туруш керек екен ошо кызыктуу екен .туурабы?
0
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан