Эне үчүн боор этинен жаралган баладан артык эч нерсе жок. “Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт” деп коёт кыргыздар. Бирок, тилекке каршы, тогуз ай боюнда көтөргөн наристесин бапестеп чоңойтуунун ордуна оозуна кагаз тыгып, башына баштык кийгизип өлтүргөн энени көрүп, эмне дээрибизди биле албай турабыз. Балким, багып алган таежеси Насипаны жакшы тарбия менен өстүрсө, мындай окуя болбойт беле, ким билет?
БАКТЫСЫЗ БАЛАЛЫК
Насипа 1989-жылы Баткен облусунда жарык дүйнөгө келген. Үч бир туугандын ортончусу, бир эжеси жана бир иниси бар. Тагдырдын башка салганы белем, 3 жашында Насипанын энеси оорудан улам каза болуп калат. Үч баланын түйшүгүн көтөрүү оор болдубу же башка бир себептери барбы, айтор, атасы Тургунбек да балдарын карабай кетет. Ата-энесинен айрылган жетимдерди туугандары багып алышат. Эжесин атасынын эжеси багып алып, Насипа менен инисин таежеси алып кетет. Ошентип, эки бир тууган таежесинин колунда күн өткөрө башташат. Айылдан турмушу өтпөй калган таежеси шаарга көчүп келгенде, бир туугандардын улуусу 5-классты, кичүүсү 3-классты аяктаган эле. Шаарга келгенде окуубузду уланталы деп канчалык далалат кылышса да, таежеси окуйм дегендерине каршы болот. Үстөлдүн үстүнө майда-барат нерселерди саттырып, экөөнү «Ош базарга» чыгарат. Ушундай күндөр биринин артынан бири улана берет...
БИР ТУУГАНДАР БИРИГИП...
Бой жетип калган Насипа иниси менен кеңешип, таежесинен бөлүнүп иштөөгө аракет кылышат. Кудайдын жетимдерге боору ооруганбы, айтор, соодалары жакшы жүрүшө баштайт. Таежесинин товарларына өздөрүнүн товарларын кошуп сатып, акырындан акча чогултуп киришет. Акчалары көбөйө баштаганда, экөө эжесин чакыртып алууну чечишет. Ал кезде эжеси турмушка чыгып, балалуу болууга жетишкен эле. Эжеси менен жездеси жашоонун өйдө-төмөнүнөн кыйналып жүрүшкөн. Сиңдиси менен инисинин чакыруусун угар замат эжеси баласын кайындарына таштап, күйөөсүн ээрчитип Бишкекке келет. Ошентип, үч бир тууган борбор калаада биригип, бирге түтүн булата башташат. Бул күндөр 2009-жылдын жаз айлары болчу.
ЖИГИТ КҮТҮҮ
Жакшы жашоого далалат кылган Насипа жигит күтүүгө да жетишет. Жигит жандап бактылуу күндөрдү башынан өткөргөн ал убактар азыр жомок сыяктуу. 2009-жылдын апрель айында таанышкан кыз-жигиттин мамилеси сентябрь айына чейин гана уланат. Бир күнү Насипа “боюмда бар экен, төрт айдан ашып калыптыр” деп жигити Мирланга айтат. Башында ишенип-ишене бербеген жигити ишенген соң качып кетүүнүн бир жолун издегенби, айтор, “Орусияга келип иште деп байкемдер чакырып жатышат” деген шылтоо менен дайынын билдирбей кетет. Мирланды Насипа акыркы жолу 10-сентябрда көргөн. Таанышкан күндөн баштап бал тилге салып, “сенден башка кыздарды жактырбайм. Мага ишене бер! Жакында үй алам, үй алгандан кийин үйлөнөбүз” деген жигитти алдап кетет деп Насипа ойлогон эмес. Жадакалса анын аты-жөнүн толук билбейт, каякта жашаарын да так сурап алган эмес. Анын айтымында, жигити Мирлан менен «Ош базардан» таанышкан. Мирлан “жерлигим Баткендин Лейлегинен, базарда жүк түшүрүп иштейм” деп айткан экен. Айтканына арбалып, жигитине алданып калган Насипа учурунда аборт жасатып же аман-эсен төрөп, баласы жок бирөөлөргө берип койсо деле болот эле. Бирок терең ойлонбогон таш боор эненин азыр өкүнүп турган кези.
ДААРАТКАНАДА ТӨРӨП...
Боюндагы наристе беш айдан ашкан кезде «ооруп жатам. Ооруканага көрүнсөм суукта көп жүрбөй, жылуу үйдө отур деди» деген сыяктуу шылтоолор менен Насипа үйдө отуруп калат. Эжеси, жездеси жана иниси таң атпай ишке кетип, кара күүгүмдө келген күндөр өтө берет. Үйдө жалгыз калган болочок эне курсагы чоңойгон сайын билгизбегенге аракет кылып таңып, төрөгөнчө жашырып келген.Жаңырган жылдын 21-январь күнү өзүн жаман сезген Насипа кечки саат 8дер чамасында инисин ээрчитип, таежесиникине барып келүүгө жолго чыгат. Жолдон дааратканага баргысы келип, борбор калаабыздын Пишпек аймагындагы сейил багына коомдук дааратканага кирет. Иниси күтүп сыртта калат. Жарым сааттан ашык күтүп кечиккен эжесин «болбойсуңбу?» десе, «ичим ооруп жатат, күтө тур» деп жооткотуп койгон. Ошол кезде даараткананын жанына кароолдо жүргөн милиция кызматкерлери келип калат. Инисине келип «караңгыда бул жерде эмне турасың?» деген суроосуна “эжемди күтүп жатам” деп жооп берет. Ал учурда эжеси Насипанын толгоосу келип, эркек төрөгөн эле.
Кыз канчалык кыйынчылык менен төрөсө да, боор этинен бөлүнүп чыккан тун уулун жарыкчылыкка ыраа көргөн жок. Жашоого жаңы келген наристенин оозуна даараткана кагазын тыгып, башына баштык кийгизип өлтүрүп, баштыкка салып чыккан жерден милиция кызматкерлерине кармалган. «Алгач баштыктын сырты кан болгондуктан, эт экен деп ойлогонбуз» дейт милиция кызматкерлери. Акыры тана албасына көзү жеткен таш боор эне болгон чындыкты айтып ыйлап жиберген. Насипа “наристени өлтүрбөстөн, бирөөлөрдүн үйүнө таштап же балдар үйүнө өткөрүп салсаң болбойт беле?” деген тергөөчүлөрдүн суроосуна “кантип багам деп ойлодум, төрөгөн учурда шок болуп, өзүмдү билбей калыптырмын” деп жооп бериптир. Эжесинин боюнда бар экенин билбеген, эч нерседен кабары жок иниси ошол жерден эсин жоготуп, жыгылып калган. Ымыркайын өзү өлтүргөн эне учурда сурак берүүдө...
Мынакей окурман, өзүңүз окуган бул окуя 2010-жылдын 21-январь күнү Бишкек шаарынын Пишпек аймагындагы сейил бакта болуп өткөн. Буга кызды алдап кеткен жигит күнөөлүүбү же кийин аман-эсен төрөлгөн ымыркайын өлтүрүп салган эне күнөөлүүбү, аны өзүңүз талдап аларсыз.
Мындай окуялар чанда кездешет. Көпчүлүк учурда энелер төрөгөн балдарын таштанды челектерге таштап кармалбай кетишет. Мындан бир-эки жыл мурда борбордогу студенттик жатаканалардын биринде ушундай кылмыш иши катталган. Анда төрөгөн эне баласын өлтүрүп туруп, даараткананын тешигине салып жиберген эле.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу каармандын аты өзгөртүлүп берилди.
Амантур Султанкулов
koom@super.kg