СВЕТЛАНА НАЗАРЕНКО «БИШКЕКТИН АРДАКТУУ АТУУЛУ» БОЛДУ
Көп жылдан бери Орусия шоу-бизнесинен өз ордун таап, эмгектенип келе жаткан кыргызстандык «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко(сахнадагы аты Айя) «Бишкектин ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды. Ырчыга сыйлыкты 21-декабрда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов тапшырды. Шаар башчысы сыйлык тапшыруу учурунда Светланага чыгармачылык ийгиликтерди каалап: «Бул сыйлык дагы да болсо бийиктиктерди, жогорку деӊгээлдеги ачылыштарды жасаганга түрткү болот. Биздин ар бир жараныбыз сиз менен сыймыктанат»,- деди. Назаренко ыраазычылык билдирип: «Мен бул сыйлыкка татыктуумунбу, жокпу билбейм. Бирок сыйлык жакындарыма жагымдуу белек болот»,- деп кубанычы менен теӊ бөлүштү. Андан кийин эле ырчы интернеттеги баракчасына: «Кыргызстандыктар, мындан ары ар бир кадамыма дыкаттык менен мамиле кылам. Мага ишеним артканыӊыздарга чоӊ рахмат! Мен Кыргызстанда төрөлгөнүмө сыймыктанам!»- деп жазып чыкты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.