Көптөн бери кыргыз эли орусиялык «Главная сцена» долбооруна катышкан Кайрат Примбердиевдин жаратып жаткан ийгиликтерине сыймыктанып, колдоп келе жаткан. 23-декабрь күнү мекендешибиз Москвадан Бишкекке учуп келди. Бишкекке жол тартканда «Мекен, Кыргызстан, мен, сүйүү, сагынуу, көз жаш...» деген сезимдерин интернет баракчасына жазган ырчы мырзаны аэропорттон дос-туугандары, кесиптештери болуп тосуп алып, сынактан кийинки сезимдерин угууга ашыктык.
– Ийгилигиӊиз кут болсун! Кыргызстанга кандай сезимдер менен келдиӊиз?
– Чоӊ рахмат! Кечээ бир байкенин «Убагында Андрей Курнявка деген Олимпиада чемпиону бир мелдеште 1-орунду багындырып, Кыргызстанга кайтканда аэропорттон келинчеги жалгыз гүл менен тосуп алган экен» деп айтканын эстеп ошондой болуп калабы деп ойлодум эле. Бирок аэропорттон досторум, жакын адамдарым, сиздер ушундай бир шаӊ менен тосуп алганда башкача сезимдерге чулганып жатам.
– Сынак учурунда кыргыз эли сизди аябай колдоп жатышты. Ал өзүӊүзгө да байкалса керек?
– Сынак аяктаганча үч ай Москвада жүрдүм. Улам Кыргызстанга келип-кетип турууга каражат тартыш эле. Келинчегим башында эле мени менен чогуу кеткен. Москвада классташ баламдыкында турдук. Кыргыз элим мени колдоп социалдык тармактарга жылуу сөздөрүн жазып, тааныштарым телефон чалып жатышты. Мунун баары мага күч-кубат, дем берди. Ошол үчүн элиме чоӊ ыраазычылыгымды билдирем. Артымда ушундай кыргыз элим турганда мындан дагы бийик жетишкендиктерди багынтып, дүйнөлүк деӊгээлге чыгабыз.
– Финал кандай өттү? «Кол ийрисине тартат» демекчи, калыстар акыйкаттыктан тайган жокпу?
– Финалга жалпысынан 18 ырчы өтүп, Кремль сарайындагы чоӊ концертке катышты. Концерттин жүрүшүндө 6 финалчы суперфиналга өттү. Суперфиналчылардын арасында мен да болдум. Тилекке каршы, жеӊүүчү боло албай калдым. 1-орунду орусиялык ырчы Арсений Бородин ээледи. Калыстар тобу жеӊүүчүнү кантип аныктаганын бир Кудай билет. Чынын айтсам, келинчегим экөөбүз жок дегенде 2 же 3-орунду алам го деп ойлоп жатканбыз. Бирок бир чети жеӊбей калганым деле жакшы болду. Себеби жеӊсем «максатыма жеттим» деп кийинки сынактарга катышпай бошоӊдук кылып коймоктурмун. Кыргызда «жыгылган күрөшкө тойбойт» дейт го. Анын сыӊары бул жеӊилүү менин мындан ары дагы изденүүмө, өсүүмө себепчи болду. Башында финалга жетүү түшүмө да кирген эмес. Кудайга шүгүр, калыстар акыйкат баа беришип, сүрөп отуруп финалга жеткиришти. Болбосо калыстар тобундагы белгилүү ырчылар үчүн мен ким элем? Кыргыз эстрада ырчыларынын бири да буга чейин Орусиядагы Кремлде ырдаган эмес экен.
– Сынактан кийин ал жакта күйөрмандарыӊыз пайда болдубу?
– Москвада келинчегим экөөбүз сейилдеп жүрсөк 45 жаштардагы орус улутундагы киши жаныбызга келип: «Сиз Кайратбексизби? Биз үй-бүлөбүз, кошуналарыбыз менен сени колдоп, 1-орунду алышыӊды тилеп жатабыз» деп жылуу сөздөрүн айтты. Ага финалдын жыйынтыгын айтып берсек, «ка-ап, Арсений эмес, сен татыктуу болчусуӊ» деп аябай кейиди.
– Байкашыбызча, калыстардан Диана Арбенина, Владимир Пресняков, Елена Ваенга сизди аябай колдоду. Ал эми Валерий Леонтьев анча жактырбагандай сезилди. Ал сизге да байкалдыбы?
– Валерий Леонтьев талапты катуу койгон, профессионалдуу ырчы. Ал өзүнүн образынын үстүнөн иштеп, ырчы менен элдин байланышуусун да жакшы колдонгон адам. Леонтьев «Кудай берген үнүӊ бар экен. Бирок эл менен байланыш түзүү же шоу кылууга аракеттен» деген ой-пикирин айтты.
– Калыстардын бири Елена Ваенга сынак учурунда «Сизге сунушум бар» деди эле...
– Ваенга сахнанын артында бизге жолугуп, «Январдын аягында туулган күнүмдүн урматына Санкт-Петербург шаарында концерт коём. Келип катышып бер» деген сунушун айтты. Мен оозума сөз келбей туруп калыптырмын. Келинчегим дароо «албетте, келе алат» дегенде гана эсиме келип, макулдугумду бердим. Балким, ал жактан да башка сунуштар түшүп калаттыр.
– Катышуучулар же уюштуруучулар сизди кыргыз деп башкача мамиле жасашкан жокпу?
– Башында мен 600-700 катышуучунун ичинен жалгыз азиат болчумун. Улам эки жагымды карап башкача болуп жаткам. Кийин келинчегим, досторум колдогону келгенде коркпой да, сүрдөбөй да калдым. Байкашымча, катышуучулар бири-бири менен иштери деле жок жүрүштү. Ар бири өзүнүн сахнага чыгарын ойлонуп, бири-бирине бут тосууга деле убактысы жок болду окшойт.
Айзат Болотбек кызы
star@super.kg