Каны кыргыз болбосо да, жаны кыргыз болгон Алекс деген ырчы бар. Акыркы учурда ырчынын дайыны чыкпай кеткен. Чээнге кирген ырчылардын катарына кошулдубу деп кабарлашсак, жаӊылыктары менен бөлүштү. «Жаӊы ырларды жаздырып, клип тарттырып жатам. Жакында экинчи наристебиз жарыкка келет, перзентибизди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз»,- дейт ырчы.