
Сайкал Садыбакасованын жаӊы тартылып бүткөн «Мени алдаба» аттуу клибинин тизери учурда интернетте кызуу талкууга алынып жаткан кез. Казак боордоштор Сайкалдын аталган клибин: «Биздин «Аюми» тобунун «Hey-La» деген клибинин көчүрмөсү. Формасынан баштап бийлегенине чейин окшош. Башка идеяӊ жок калдыбы?»- деп сындашууда. Талкууга топтун продюсери да аралашып, кыргызстандык кесиптештерине «изденгиле» деген кеӊешин бере кеткен.