«Айыл өкмөтү» тасмасында аймактык тескөөчүнүн ролун жараткан кер мурут актёр Аскат Сулайманов жубайы менен ажырашып кеткендиги тууралуу кесиптештеринин укканыбыз бар. Окуянын чын-бышыгын билүү үчүн актёрдун жубайы Элмира айымга байланышканыбызда: «Бул тууралуу эч нерсе айткым келбейт, Аскаттан сурагылачы»,- деген кыска жообун узатты. Ал эми Аскат мырза: «Көпчүлүк учурда колум бошобой калып келинчегим той-кечеге жалгыз барып калып жатат. Ошондон улам ушундай кеп тарап кетти окшойт»,- дейт. Үй-бүлөлүк турмушта кагышуулар, таарынычтар болуп турат. Көрөрмандардын сүймөнчүгүнө айланган Аскат Сулаймановдун бүлөсүндө да тынчтык болушун каалайбыз.