ОСКАР-2016: ЛЕО «АМАН КАЛДЫ»

28-февраль. Лос-Анжелес. «Долби» кинотеатрына агылган жылдыздар фотографтарга сүрөткө түшүп берип, кийип келген көйнөгү менен кийимге табити мыкты экенин стилисттерге далилдөөгө аракет кылып жатышты. Бирок бул жолку «Оскар» демейдегиден өзгөчө болду десек жарашат. Анткени жыл бою Леонардо Ди Каприонун тегерегиндеги жылуу да, ачуу да кептер интернетте, басылмаларда кызуу талкууланып, баары быйылкы «Оскарды» күтүп жатышкан. Буга кошумча кара терилүү актёрлордун «Оскарга» бойкот жарыялаганы да аталган аземге кызыгууну арттырды.

ЧЫҢАЛУУ МЕНЕН БАШТАЛГАН АЗЕМ
Жылдын эң маанилүү окуясы «Оскар» сыйлыгына талапкерлер ачыкталгандан тарта чыңалуу менен башталган. 14-январда киносыйлыкка талапкерлердин тизмеси жарыяланары менен кара терилүү актёрлор нааразы болгонун жазганбыз. Бойкот жарыялаган режиссёр Спайк Ли менен актёр Уилл Смиттин жубайы Жада Пинкетт-Смит айткандай эле сыйлыкты тапшыруу кечесине келишкен жок. Бирок кара терилүү өнөрпоздор канча ызы-чуу салып, аземди үзгүлтүккө учуратууну каалабасын теги африкалык Крис Рок алпаруучу болду.

«ОСКАРДЫ» КУЧАКТАП ЖЫГЫЛГАНДАР
Леонардо Ди Каприо «Оскар» алабы, албайбы деген жоромолдор жылдын башкы интригасына айланган эле. Акыры 18 жашынан бери «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок багы ачылбай жүргөн Леонардону киноакадемиктер талашсыз «Мыкты актёр» деп табышты. Сыйлыкты алып жатканда Леонун кубанычы үчүн залда отургандар туруп кол чаап, «Титаниктеги» өнөктөшү Кейт Уинслет көзүнө жаш алса, актёр өзүн бир калыпта олуттуу, салмактуу кармап, «Аман калган» («Выживший») тасмасы тууралуу кеп салды. Режиссёр Алехандро Гонсалес Иньярриту Леонун далысынан таптап, «сен аман калдың» деп тамашалаганы учурда кызуу талкууда.
Муну менен катар Иньярриту «Мыкты режиссёр» деп табылып, эки жолу катары менен «Оскар» алып жатат. Ушул эле тасманын оператору Эммануэль Любецки «Мыкты оператор» наамын алып, катары менен үчүнчү «Оскарды» илип кеткени баарын таң калтырды. Ал эми «Мыкты тасма» наамын «Кө­ңүл чордонунда» («В центре внимания») фильми, «Мыкты актриса» наамын «Бөлмө» («Комната») фильминде жараткан ролу үчүн Бри Ларсон, «Экинчи пландагы мыкты актёр» наамын «Тыңчылар көпүрөсү» («Шпионский мост») тасмасындагы ролу үчүн Марк Райлэнс, «Экинчи пландагы мыкты актриса» наамын «Даниялык кыз» («Девушка из Дании») тасмасындагы ролу үчүн Алисия Викандер алышты.

КЫЗЫКТУУ

  • «Укмуштуу Макс: Кыжырланткан сапар» («Безумный Макс: Дорога ярости») тасмасы бул жылы 6 номинацияда «Оскар» сыйлыгын жеңип, жылдын фаворити аталды.
  • Аземден кийин Леонардо Ди Каприо достору менен сыйлыгын майлап жүрүп статуэткасын барда унутуп кала жаздады. Актёр машинага отурганда жанындагылар анын колуна биринчи шампан, андан соң «Оскардын» статуэткасын алып келип беришкен. Актёр сыйлыгын алдыда отурган таанышына сунуп, колуна шампанды кармап алган видео интернетке тарап кетти.
  • Салтанаттын алпаруучусу Крис Рок кыздарын сахнага алып чыгып, залда отургандардан алар жасаган печеньелерди сатып алууну сунуштады. Актёр кече бүткөндөн кийин мындай «кирешелүү ишмердигинен» 65 миң доллар пайда тапканын айтты. АКШнын вице-президенти Жо Байден печенье үчүн 20 доллар берген.
  • «Оскар-2016» аземинде эң күтүлбөгөн учур «Жылдыздар согушу: Күч-кубаттын жанданышы» («Звёздные войны: Пробуждение силы») тасмасындагы роботтордун номер көрсөткөнү болду. Тасма наамга көрсөтүлүп, бирок бирине да илинбей калды.
  • Твиттерде Леонардо Ди Каприонун «Оскар» алганын 1 мүнөттө 440 миң колдонуучу жазып, рекорд коюшту.

«Көңүл чордонунда» тасмасынын жаратуучулары фильмдин мыкты тасма болгонун укканда минтип ордуларынан секире кубанып алышты.

Шарлиз Терондун кызыл көйнөгү «Ачык болсо да уятсыздай көрүнгөн жок» деп бааланды.

Кейт Уинслетти стилисттер эң табитсиз кийинген атактуулардын тизмесине кошушту.

Кейт Бланшеттин жаз чакырган көйнөгүн көбү мыкты деп табышты.

«Аман калган» тасмасындагы «аюу» жеңүүчүлөрөгө кол чаап залда отурду.

Солдон оңго Марк Райлэнс, Бри Ларсон, Леонардо Ди Каприо, Алисия Викандер.

АЙТТЫ ДА КОЙДУ

Дэвид Бекхэм: КЭЭДЕ УЛУУ АДАМ БОЛУШ ҮЧҮН КҮТКӨНГӨ ТУУРА КЕЛЕТ. КУТТУКТАЙМ, ЛЕО!

 

 

 

 

 

 

ЖЫЛМАЙЫП КОЮҢУЗ!

«Лео күттү, сен да күтөсүң!» Интернет айдыңында жогорудагыдай тамаша пайда болду.
Кийинки «Оскарды» күтүү кезеги Жонни Депптеби?

 

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Adi.Avazbekov
2016-03-07 10:20:49
A di kaprio kech alganyna naarazy
0
aytkulova
2016-03-07 10:31:08
Коптон куткон Ди Каприонун "Оскары". Эми Джони Деппке бериш керек)))
0
Senuchunzhashaim
2016-03-07 12:29:19
Джони Депти суйомго ))))
+1
rianna
2016-03-07 16:02:14
Выживший- кинону коруп ото эле кыйналат экенсин. Лео мыкты аткарган Оскарга татыктуу .
+1
begai93
2016-03-07 17:03:36
Даа.. соонун чыккан! Коруп аябай ыйлагам молодец! !!!
0
AKCAHAT
2016-03-07 21:48:10
Оскарды ала элек легендалар дагы коп мис: Джим Керри.
0
bela77
2016-03-08 10:49:49
Оскар ала элек жылдыздар толтура кагылайындар: Бред Питт, Том Круз, Жонни Депп, Жимм Керри, Уилл Смит айтор коп.Буларга кезек жеткиче чач агарып кетет го.
0
Decmond
2016-03-08 15:44:51
Лео красавчик!
0
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан