(Башталышы өткөн сандарда)
«Жапайычылык, жапайычылык бул. Ким азыркы заманда ушинтет?! Булар таш доорунда калган немелер го. Түшүнүгү жок турбайбы!»- Жанар ызаланып баратты. Чынында ал акырын гана баарын түшүндүрүп көндүрмөкчү болгон, минтип кабыл алышат деп ойлогон да эмес. Үйүнө шаша-буша барып, кийимдерин салыштыра баштады.
– Эмне, кетип жатасыңбы?- Зуура баласына кайрылды.
– Ооба.
– Бир аз жүрүп кетпейсиңби?
– Жок, апа. Мен айылга келип сизге эркелеп, шаарга барып өзүмө өзүм бий болуп жаман көнүптүрмүн. Караңызчы, дагы эле кедей бойдон экенмин. Байышым керек,- Жанар тамашаламыш этти.
– Ден соолугуң болсо табасың аны да...
– Наргизанын ата-энесине барып келдим. Мени кедейсиң, томаяксың дешти. Байыйын деп жатам. Чын! Тамаша эмес!
– Сүйлөй беришсин... Убагы келгенде баары болот. Кызын бербесе бербей эле койсун.
– Апа, чынын айтайынбы, ызаланып жатам. Элдикинен кем эмес оокатыбыз бар. Муну билем. Кедей эмеспиз. Томаяксың дегенине териккен жокмун. Алар атамдын сизди таштап Айша эжеге кетип калганын да айтышты. Атамдын катачылыгы, аны ээрчиген жаманатты сөз үчүн кызын бербей баш тартып жатышат... Миң жаман болсун мен атамдын баласымын. Атам жакшы киши болгонун далилдегим келип жатат... Билесизби, кантип далилдейм? Байыйм, сый-урмат күтөм... Ал кем акылдарга ушинтип гана далилдеш керек. Мен ошентем, бармагын тиштеп өкүнгүдөй кылам,- Жанардын чындап ызаланып калганы байкалды. Бирок дилинде Наргизаны аяп жатты. Жок, ал аны таштабайт. Ал экөө сөзсүз чогуу болушат, бирок азыр эмес.
ххх
Жанар Бишкекке келген соң өзүн коёрго жер таппай жатты. «Минтип жүрө берген болбойт. Бир нерсенин ичинен чыгыш керек» деп, бирок уйгу-туйгу ойлордун учугун таппай койду. Жумушунан келип керебетине чалкасынан түшүп жатат. Ызасы таркай элек. Ушул учурда телефонуна чалуу келди. Наргиза экен. Аны менен айылдан келгенден бери байланыша элек болчу.
– Жанар!
– Оу, Наргиз! Кандайсың?
– Кандайсың дечи? Жаман! Жаманмын! Эмнеге чалбайсың? Керегим жок болуп калдыбы?
– Жок. Чалайын дегем, бирок...
– Эмне бирок? Мени алып кетип жатышат.
– Ким?
– Жанар, биз бир болушубуз керек эле го? Биз акырына чейин күрөшүшүбүз керек эле го?! Жанар!- кыздын ыйлаганы угулду.
– Наргиз, мага баарын түшүндүрчү? Эмне болду?
– Жанар, сен мени айылга алып келгенсиң. Ала качып кет десем укпадың. Ата-энем сага бербейбиз дешти. Сен ызаландың да, кетип калдың. Мени таштап туруп кетип калдың. А мени күйөөгө берип жатышат... Ушул күнгө чейин сени айылда экен деп ойлоптурмун. Эртеси да келет дептирмин. Сен болсо ошол күнү эле шаарга зуу коюп мени унутуп кетиптирсиң. Эмнеге? Эмнеге ушинттиң?
– Наргиз, мен азыр эле айылга чыгам. Ачуум менен ойлонбой эле ар кайсыны кыла бериптирмин. Мен барып калам...
– Жок. Келбей эле кой! Эми кеч,- Наргиза телефонун өчүрдү.
Жанар дендароо болуп отуруп калды. Эртеси апасы айылдын эң бай кишиси Токтобек Наргизага куда түшүп келгенин чалып айтты. Жигит өзүнүн чечкинсиз экенин билип, дагы бир ирет бакыт кушун колдон учурганын сезди. Ичи ачышты. Бир жакка тентип кеткиси келди. Бирок ал Арууке аны таштап Москвага кеткенден кийинкидей күйүт, ыза Наргиза турмушка чыкканда көкүрөгүндө пайда болбогонун билди. Кыязы, анын жүрөгү ары согулуп, бери согулуп жедеп бышып калган өңдүү.
Жанар ойлонуп отурган жок. Кырдаалдын башка нукка бурулуп кеткени аны чечкиндүү кылды окшойт. Москвага билет алды да, ал жактагы досунукуна жөнөй турган болду. Аруукеси менен коштошушу керек.
ххх
Шаар четиндеги мүрзөгө жакындап баратты. Аруукенин сулуу сүрөтү чегерилген эстеликтин жанында кимдир бирөө отурганын көрдү. Ооба, апасы экен. Жанар аны жакындай бергенде тааныды. Калия карый түшкөн. Күйүт жеп койгондой.
– Саламатсызбы?
– Аа, кандайсың? Сен да келип турасыңбы?
– Ооба. Кээде...
– А тиги гүлдөрдү сен тиктиң беле?
Жанар башын ийкеди. Калия муңайым жылмайды. Эмнегедир бул жигит ага жакын адамындай туюлуп жатты. Балким, кызы тирүү болгондо күйөө баласы болуп калмак беле? Сымбаттуу да жигит. Аруукени унутуп койбогонуна ичинен ыраазы болду.
– Мен кызым менен сүйлөшүп кетип турам. Кыйладан бери келе элек болчумун. Бүгүн келсем гүлкайырлар ачылып калыптыр. Аруукем гүлдөрдү жакшы көрчү,- Калиянын сөздөрүн угуп отуруп Жанар бир да жолу Аруукеге гүл берип көрбөгөнүн эстеди. Ичи ачышып кетти.
– Гүл тигип туура кылыптырсың. Аны эстеп турганың жакшы. Бирок сен эми жаңы жашоо башташың керек. Өткөндү эстеп ызага муунуп жүрө берген болбойт. Жашсың, үйлөн... Менимче, Арууке деле сенин бактылуу болушуңду каалайт.
Жанар үндөбөдү.
– Баса, кээде биздин үйгө барып тур. Азыр атасы экөөбүзгө Аруукенин курбулары көп келип турушат. Сен да келип тур. Макулбу?
– Барам, бирок кийинчерээк, мен азыр чет жакка кетип жатам. Арууке менен коштошкону келдим эле...
– Аа. Эмесе, мен басайын. Экөөңөр сүйлөшүп алгыла... Биздикине сөзсүз кел, балам,- деп Калия узап кетти. Жанар эстеликке жөлөнүп отурду.
– Ооба, кеткен жатам. Москвага. Үйлөнбөй калдым. Ата-энеси бербей койду. Мен баягыдай боштугума салып, колумду куушуруп баса бериптирмин. Ал мага таарынгандай. Жакында анын тою болот. Мейли, бактылуу болсун!
Сен мага ак жол каалап кой! Алдыма максат коюп кетип баратам. Буюрса, баары жакшы болот. Сен мени менен сөзсүз сыймыктанасың! Мен тез эле келгенге аракет кылам.
(Уландысы кийинки санда)