«Салам, Нью-Йорк!» тасмасында Эриканын ролун аткарган модель, актриса Аида Тулебаева учурда кызын тарбиялап, аны менен бирге жарнамаларга тартылып жүрөт. Аида «хобби менен үй-бүлөлүк милдетти чогуу алып кетүү өтө деле кыйын эмес, башкысы жетишсең болду» дейт.
Толук аты-жөнү – Даниярова Аида Дүйшеналиевна
Туулган жылы-күнү –1988-жыл, 10-июль
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-европа факультетин бүтүргөн
Бою – 172 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Параметри – 85-65-90
Фобиясы – Курт-кумурскалар
– Салам, Аида! Бизге мурунку жолу маек бергениңде фамилияң Тулебаева эле, азыр Даниярова кылып өзгөртүпсүң...– Саламатсыздарбы?! Ооба, сиздердин гезитиңиздерге биринчи жолу маек бергенде «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы менен таанылып калган кез болчу. Андан бери жашоомдо көп өзгөрүүлөр болду. Кыздуу болдум, жолдошумдун фамилиясына өттүм дегендей. Негизи эле кичинемде балдарымдын фамилиясы меникине окшош болсо деп кыялданчумун. Ал кыялымды орундатыш үчүн жолдошумдун фамилиясына өткөнгө туура келди. Ата-энем да бул идеяма каршы чыгышкан жок.
– «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынан кийин сени башка тасмалардан көрбөй калдык, актрисалыктан моделдик кесипке өтүп кеттиңби?
– «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынан кийин мага көп эле фильмдерге тартылууга сунуш түштү, бирок бирөөсүнүн да сценарийи жаккан жок. Менде эптеп эле киного тартылсам деген максат жок. Ошондуктан жакшы фильмдерге сунуш түшмөйүнчө актрисалык кесипти убактылуу токтото турам. Ал эми моделдик кесип мен үчүн жөн гана хобби. Анан да үй-бүлөмдөн убакыт ашса гана мода жумалыктарына катышам, жарнамаларга тартылам. Өзүмдү моделмин деп эсептебейм, моделдик кесипке киного келгендей эле кокусунан келип калгам. Актрисалыкты да, моделдик кесипти да эч жерден окуган, үйрөнгөн жокмун. Университетте окуп жүргөндө сулуулар сынагына катышкан элем, ошол жактан мени байкап калышып, жарнамаларга тартылууга сунуштар түшө баштаган.
– Кыргызстанда модель болуп иштеп ийгилик жаратуу мүмкүнбү?
– Модель болуп популярдуу болуп кетүү мүмкүн, бирок байый албайсың. Ал үчүн кошумча бизнесиң болушу керек. Бизде шоу-бизнес жөн эле кызыгуу. Сен кандай жакшы актёр, ырчы, модель болбо, эч качан өзүңө жараша акча төлөп беришпейт. Ошондуктан биздин көптөгөн моделдер чет өлкөгө иштегени кетип жатышат. Чет өлкөдө өсүү керек, муну жакшы эле кабыл алам. Өзүм моделдик кесипке кеч келдим, азыр үй-бүлөм бар. Эгер бойдок болсом, мен деле чет өлкөгө иштегени кетип калмакмын. Бизде моделдик кесипке талаптар да төмөн. Кээ бир моделдик агенттиктер салмагы, бою, кебетеси туура келбеген кыздарды деле эптеп бизнес кылыш үчүн ала беришет. Азыр бизде эки жолу фотосессия кылып өзүн модель сезип алгандар көп.
– Бизде көпчүлүк белгилүү айымдар турмушка чыккандан кийин карьерасын таштап, өзүн үй-бүлөгө арнап коюшат. Ал эми сенде бул жаатта кандай?
– Кызым Амелинин төрөлүшү менин жашоомду жаңы нукка бурду. Кызымды тарбиялоо азыр менин эң сүйүктүү жумушум. Мындай жумуштан чарчабайсың, тажабайсың. Бала багуучу жалдаган жокмун, себеби аябай корком. Жумуштар менен бир жакка барып калсам да кызымды көтөрүп алам. Бирок учурда үй-бүлөм менен моделдик карьерамды жакшы айкалыштырып жатам. Анткени жолдошум мени бардык тараптан колдойт, экөөбүздүн мамилебиз идеалдуу. Ал дайым хобби менен бала багууну бирге алып кетүү пайдалуу деген кеңештерин берет. Аял киши төрөгөндөн кийин эле өзүн таштап койбош керек.
– Учурда эмне менен алектенесиң?
– Жолдошум экөөбүз учурда өзүбүздүн чакан бизнесибизди өстүрүү менен алекпиз. Суусамырда туристтик базабыз бар, кыштын тең жарымын ошол жакта үй-бүлөбүз менен өткөрөбүз. Негизи эле жолдошум табиятынан экстремал. Мендеги экстримге болгон сүйүүнү жолдошум ойготту. Азыр анын баарын кызыбызга үйрөтүп жатат. Жакында чыгармачылык менен байланышы бар бир долбоор ачканы жатам. Азырынча ал сыр бойдон калып турсун.
– Сенин гардеробуңдан кандай кийимдерди көп тапса болот?
– Гардеробумда жынсы шымдар аябай көп, анткени ыңгайлуу, аны кроссовка, туфли менен да кие берем. Футболкаларым толтура. Өзүм жашоодо көп боёнбойм, бирок косметикалык бардык каражаттарым бар. Ар бир кызда тоналдык крем, тень, тушь жана ачык түстөгү помада болуш керек деп эсептейм.
– Келбетиңди бир калыпта сакташ үчүн эмне кыласың?
– Эч качан диета кармап көргөн эмесмин. Йога менен медитация кылам, бий ийримине, сууда сүзүүгө катышам, фитнеске барам. Адам дайыма кыймылда болуп туруу шарт, бул жакшы маанай тартуулайт.
Лунара Бекиева
(Сүрөттөр Аида Даниярованынөздүк архивинен алынды)
star@super.kg