Эл арасында “чыныгы сулуулар күзгүнү эле сүйүшөт” деген азил-тамаша айтылып жүрөт. Бүгүнкү коногубуз клип, кино, жарнамаларга тартылып, жүзү жаңыдан таанылып келе жаткан фотомодель Эркеайым Абдуллаева. Cүрөттөрүнөн абдан “дерзкая” көрүнгөн бул сулуу жашоодо уялчаак, биринчи көргөн адамына көнгүчө оңой менен ачыла бербеген кыз экен.
ЭРКЕАЙЫМ АБДУЛЛАЕВА
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 20-январь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетинде 4-курста окуйт
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Фобиясы – Жылан
Чыгармачылыкта – Нурлан Насиптин “Менин да сүйүүм ушундай”, Кенже Дүйшееванын “Тумарым” клиптеринде, “Миллиондук мелдеш-2” тасмасында, жарнамалык роликтерде тартылып жүрөт.
– Кандайсың, Эркеайым? Инстаграмдагы кооз сүрөттөрүңдү көрүп фотого жакшы түшөрүңдү байкадым. Бул кызыгуудан улам пайда болгон шыкпы же табияттан берилген талантпы?
– Саламатсыздарбы? Мектепте окуп жүргөндө жылмайып, күлүп, кабагымды бүркөп, айтор, ар кандай эмоцияда телефонго сүрөткө түшө берчүмүн. Мендеги моделдик кесипке болгон шык ошондо эле пайда болсо керек. Окуучу кезде классташтарымдан өзгөчөлөнбөгөн, чачымды байлап, кабакты түйүп алып окууга түз барып, түз келген катардагы кыз болчумун. Университетке тапшыргандан тартып боёнуп баштагам. 2013-жылы “Кыргызстан сулуусу” сынагына катышканда мени байкап калышкан экен, бир жарнамага тартылып берүүнү сунушташты. Моделдик кесипке алгачкы кадамды ошондо таштадым.
– Сени тасмадан да көрүп жүрөбүз?
– “Миллиондук мелдеш-2” тасмасына менин сүрөттөрүмдү көрүп чакырышкан. Мага негизи кастингдерге катышкан жага бербейт. Аталган тасмага кастинг жүрүп жатканда мен эң акыркы катышуучу болгом. Эмнегедир сөзсүз өтөм деген ишеним бар болчу, ойлогондой эле мени башкы каармандын ролуна бекитишти. Чынында, тасмада “стерва” кыздын ролун ойногум келген, анткени өзүмдү башка мүнөздө да көрсөтүп, талантымды ачкым келчү. Жакшы кыздын ролун аткарып жатканда өзүмдү ойногондой эле болдум. Бул тасмадагы ролум менин талантымды толук ачып бере алган жок деп ойлойм.
– Моделдик кесипте өзүңдү сынап, кино, клиптерде көрүнүп калып жатканыңды ата-энең кандай кабыл алышууда?
– Ата-энем башынан эле, азыр деле каршы. Мисалы, тасмага “ата-энем уруксат берди” деп калп айтып коюп тартылгам (күлүп). Кийин афишаларынан апам мени көрүп калып ызы-чуу салып, “үйдөн чыгып кет” дегенге чейин барган. Ата-энемдин түшүнүгүндө кыз киши турмушка чыгып, эне болуп, үйдө балдарын тарбиялап, күйөөсүн жумуштан тамак жасап күтсө – мына ошол бакыт. Мен деле ушинтип эсептейм, болгону азыр жашмын, турмушка чыккычакты иштеп алсам болот да. Анан турмушка чыккандан кийин көрөбүз, жолдошум уруксат берсе иштейм, каршы болсо үйдө отурам. Ата-энеме азыр “ушундай клипке тартылайын деп жатам, жакында журналдын биринчи бетине чыгам” деп калсам, “кызым, андан көрө турмушка чыкчы” деп “өчүрөт” да. Популярдуу болгондон кийин сөз ээрчийт, жаман кепке кабыласың, ошондой кептер менен кантип турмушка чыгат деп чочуласа керек. Негизи моделдик кесип түбөлүктүү эмес, мен хобби катары көрөм. Келечекте өзүмдүн кесибим менен иштейм деген тилектерим бар. Өзүмө да кеңседе отуруп иштеген, туруктуу жумуш жагат. Учурда Жогорку Кеңеште стажировкадан өтүп жүрөм, бирок атам “сот тармагында иштейсиң” деп жатат.
– Сени “Жебе” тобундагы Кумар менен кыз-жигит мамиледе деп угабыз?
– Жеке жашоомду сыр туткум келет. Кумар менен 15 жашыбыздан бери таанышпыз. Ал менин эң жакын адамым. Экөөбүз колледжде чогуу окуп, кошуна жашап, ынак сырдаштарданбыз. Мен андан эч нерсемди жашырбайм, ал да мага ошондой мамиле кылат. Кыскасы, бир тууганымдай көрөм.
“ЭРКЕК ФОТОГРАФТАРДАН УЯЛА БЕРЕМ”
Лунара Бекиева
star@super.kg