Орусиялык ырчы Жанна Фриске каза тапканына бир жылга жакындап калса да, айланасында ызы-чуу токтобой койду. Алгач уулу Платонду талашып атасы менен жарандык жолдошу Дмитрий Шепелев чатакташса, эми дарылоого чогулган миллиондордун кайда кеткени тууралуу “Русфонд” менен туугандарынын арасында териштирүү башталды. Эки жыл мурун маркум ырчы фонд менен келишим түзүп, эл чогулткан акча ырчынын банктык эсебине которулуп турган. Жаннанын өлөрүнө бир нече жума калганда апасы Ольга Копылова калган акчаны өзүнүн атына которткону белгилүү болду. Жалпысынан дарылоо үчүн делген 20 миллион рублдан ашуун акчанын дайынын издешүүдө. Жаннанын апасы бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.