Легендарлуу "Твин Пикс" сериалынын уландысы тартыларын режиссёр Дэвид Линч буга чейин жарыялаган эле. Мындай маалымат тараганда күйөрмандары “кайсы жылдыздарды тасмадан көрөт болдук экен?” деп кызыгып жүрүшкөн. Жакында гана драмалык сериалга тартылчу актёрлордун тизмеси жарыкка чыкты. Тизмедеги 217 актёрдун катарында Моника Беллуччи, Дэвид Духовны, Наоми Уоттс, сериалдын биринчи бөлүмүндө баш каарманды ойногон Кайл Маклахлен жана башка белгилүү жылдыздар бар экендиги ого бетер кызыгууну жаратууда. Тасма 2017-жылы экранга чыгуусу пландалып жатат.