КЫРГЫЗСТАНДЫК МОДЕЛЬЕР ОРУСИЯДА ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

Мекендешибиз, кыргыз кызы Аида Робертова Москва шаарында өткөн Надежда Ламанова атындагы жаш профессионал модельерлердин сынагында Гранприни жеңип алды. Жеңүүчүгө Москвада өтчү «Mercedes-Benz Fashion Week Russia» мода көргөзмөсүнө катышууга жолдомо жана демөөрчүлөрдүн баалуу белектери тапшырылган. Аида өзү тууралуу: «21 жаштамын, Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин технолог, модельер-конструк- тор факультетин бүтүргөм. Билимимди тереңдетүү үчүн Москвадагы белгилүү модельер Вячеслав Зайцевдин 10 айлык курсуна тапшырдым. Сынакта япон дизайнери Йоджи Ямамотодон таасирленип, коллекциямда япон стилине басым жасадым. Калыстардын көпчүлүгүнө жакты. Окуума 300 миң рубль төлөйм, ал эми жатакана, жол кире, жумушка керектүү аспаптар, тигүү машинаны өзүм сатып алдым. Бул окуу мага келечекке кенен жол ачат деп ишенем, кийинчерээк өзүмдүн бренддик фирмамды ачсамбы деген тилектерим бар»,- дейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
KYRGYZJERI
2016-05-02 15:09:49
Азаматсын ийгилик гана тилейм
0
Aruwka.89
2016-05-03 13:39:06
Маладец!!!
0
bagira77
2016-05-03 19:04:51
Азаматсын!
0
Uhtishka.
2016-05-04 02:47:37
Азаматсын! Ийгилик каалайбыз!
0
D.Uezalieva
2016-05-05 02:50:12
Умница,тилегине жет!
0
portugalia
2016-05-07 10:02:04
Ийгилик каалайбыз дагы да!
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан