«Позитифф» командасынын оюнчусу Урмат Борченовдун үнүн жарнамалык роликтерден угуп келебиз. Тамашоучу жакында эле «Левитандай сүйлөйбүз» аталыштагы эл аралык радиосынакта 10 мыкты катышуучунун катарына кирди. Аталган сынакка кантип катышып калганы жөнүндө Урмат мындай дейт: «Левитандай сүйлөйбүз» радиосынагы башталганын уккан элем. Эмнегедир маани берген эмесмин, досторум «катышып көрбөйсүңбү» дегенинен үнүмдү жаздырып жиберип койдум. Карасам Кыргызстандын атынан алдыңкы 10 катышуучунун катарына кирип калыптырмын. Ондукка киргендерди 10 өлкөнүн ичинен 100дөн ашуун катышуучунун арасынан тандап алышыптыр. Кыргызстандын атынан дал менин үнүмдү жактырышканына сүйүнүп жатам. Буюрса, жыйынтыгы май айында чыгат»