(Башталышы өткөн сандарда)
Анан дагы аскерлер шоколад аябай көп жешет экен, таштанды таштаган чакасы шоколаддын кагазына эле толуп калат.
Бири-бирине кичи пейил мамиле кылышат, сөгүнүп, кыйкырышканын көрбөйсүң. Эгер кокусунан түртүп кетсе же сен түртүп кетсең деле кечирим сураганча шашышат, бизге окшоп дароо эле кыйкырышып, мушташып кетпей.
Бул базада көпчүлүгү америкалыктар, калгандары Европанын мамлекеттеринен, Азиянын Япония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрүнөн да бар. Анан дагы Непал сыяктуу өнүгүп келе жаткан мамлекеттерден жалданма аскерлер жүрөт. Кедей мамлекеттен келген аскерлер бош убагында эс алышпастан кошумча жумуш кылып акча табышат экен. Кир жуумай, айлананы шыпырып тазаламай, терезе-эшиктерди жууп-тазалоо, таштандыларды чогултуу жана башка ушул сыяктуу иштер.
Чоң 2 кабаттуу имарат бар. Анын кичине бир эле эшиги болбосо, андан башка бир да терезе же кичинекей тешик жок. Үстүндө толтура антенналар, сырты болсо кондиционерге толгон. Бул имаратта базанын айланасындагы 3000 чакырым жерге чейинки аралыктагы уюлдук телефон, үй телефону, компьютер, кыскасы, байланыш каражаттарынын бардык түрүнөн адамдардын сүйлөшүүлөрүн тыңшап, окуп турушат экен. Кыскасы, шпиондуктун жаңы түрү тура деп койдум. Америкалыктардан эч нерсе жашырып болбой калыптыр. Ушул жерден туруп эле Кыргызстандагы сүйлөшүүлөрдү угуп турса, бул эмне деген жашоо?
Иштеген жеримдеги шериктерим баары жергиликтүү ооган эркек, аялдар. Өзүм Лейлектен болгондуктан тажик тилин жакшы эле билчүмүн, ооган эли менен оңой эле сүйлөшүп кеттим.
Саат 5терде ишим бүтөт, иштен кийин бекерчимин, бөлмөмдө телевизор көрүп коюп жатам. Бир күнү Макфелл машыгуучу залга уруксат кагаз алып келиптир, “бош жатпай машыга бер” деп. Дээрлик күндө залга барам, аскерлер менен таанышып алгам, бири-бирибизди эптеп-септеп кол менен жаңсап отуруп түшүнүшө беребиз. Англисчени деле анча-мынча түшүнө баштадым. 1 жылда кадимкидей эле сүйлөп калдым, мага аты-жөнүн жаздырганы келген аскерлер менен көбүрөөк сүйлөшкөнгө аракет кылам.
Аба ырайы биздин Лейлектикиндей эле экен, күн аябай ысык, ошол эле ысык шамал түнкүсүн суук болуп кетет.
Кээде Баграм шаарына барып шаар кыдырабыз, базарына барып базарлык кылып келебиз.
Шаарга бара турган болсоң, 1 жума мурун жазылып коюшуң керек. Себеби өзүң каалаган убакта эле бара албайсың. Чаканыраак автобустар бар, ошолор менен адамдардын бара турган санына карап 2 же 3 автобус барат. Автобусту алдынан 3, артынан 3 Хаммер жана эң алдыда бир БТР, эң артта бир БТР коштоп жүрөт. Коштоп баргандар көбүнчө жаңы кызмат кылганы барган жаш аскерлер.
Залда жиу-житсу менен машыккан бир америкалык аскер бар болчу. Ошол экөөбүз жакшы болуп кеттик. Күндө машыгабыз, мага жиу-житсунун жашыруун, көпчүлүк билбеген ыкмаларын үйрөттү. Адамдын денесинде ар кандай точкалар бар экен, бир бармагың менен эле басып адамды ар нерсе кылсаң болот. Мушташып кетсең бир жериң ооруп калса өзүңдү өзүң дарылап да аласың. Мисалга, башың ооруса сол колуңдун алаканын оң колуңдун баш бармагы менен укалап, баш бармак менен сол колуңдун сөөмөйүнүн учун тырмагың менен катуу сайсаң 10 мүнөткө жетпей оорубай калат жана башка ушул сыяктуу ыкмаларды үйрөттү. Азыр мага чынын айтсам, канча адам менен мушташсам да айырмасы жок эле. Башкысы ыкчам кыймылдасаң, канчасы болсо да баарын жеңсең болот. Анан ар кандай шарттарда өзүңдү сакташты үйрөттү. Мисалы, ээн чөлдө суусуз калсаң, жерди казып үстүнө клеёнка жаап, түбүнө идиш коюп койсоң, абанын курамындагы суу клеёнкадан сарыгып түшөт да, таңга маал идишине суу толуп калат. Күнгө, жылдызга, дарактарга, жадакалса жерде жаткан чоңураак ташка карап багытты билсең болот экен.
Иштегениме 1 жылдан ашып калган. Бир күнү эртең менен иште отурсам, Жон Макфелл мени чакыртыптыр, бардым, саламдашып, аны-муну сурашкандан кийин:
– Каныбек, сага АКШ мамлекетинин иши түшүп калды, бул иш сенин колуңдан келет. Эгер макул болсоң, 20 миң доллар төлөп беребиз,-дейт.
– Эмне иш, эгер колумдан келсе эле макулмун,- эмнегедир ичим ысып кетти, акчаны уккангабы.
– Макул, сөздү көбөйтпөй ачыгын эле айтайын, эгер макул болбосоң, уккан сөздөрүң ушул жерде калыш керек. Айрыкча бирге иштеген жаныңдагы оогандар билбесин. Өзүң түшүнөсүң, азыр согуш маалы.
– Менден эч кимге сөз чыкпайт, ал жагынан кам санабай айта бериңиз.
– Анда кеп мындай, биздин базадан 180 чакырым алыс аралыкта Пули-Хумри деген шаарча бар. Ошол жерде бир аскерибиз кечээ жашыруун спецоперацияда калган. Азыр бекинип жатат, тез арада алып чыкпасак, аны таап алышса өлтүрүшөт. Ошол балабызды алып чыгышың керек.
– Кантип алып чыгам? Өзүңөр эле аскерлер менен барып куткарып албайсыңарбы?
– Анда ашыкча сөз болушу мүмкүн. Дүйнөлүк коомчулукка туура эмес кабар кетет, азыр бизден кынтык таппай эле тургандар көп. Жок жерден адамдар набыт болушу мүмкүн, сен биздин аскерге кийим эле алып барып берсең болду. Анан түндөп чыксаңар силерди машина күтүп турат, шаардан чыксаңар вертолёт менен алып келебиз. Шаардан сыртта биздин вертолёттор күнү-түнү деле учуп жүрө берет, шаарга гана киргенге болбойт...
(Уландысы кийинки санда)
Субан Жуманалиев