БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып,
SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан, жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

АИДА КАРАБАЕВА

Жашы – 18
Параметри – 82-66-91
Бою – 166 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Учурда – А.Каниметов атындагы №1-интернат-гимназиясынын 11-классынын окуучусу

Аида Карабаева: «ЖАН ДҮЙНӨМӨ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖАКЫН»

– Аида, мектепте окуйт экенсиң, келечекте кайсы кесиптин ээси болууну тандап жатасың?
– Мектепти бүткөндөн кийин, буюрса, экономика жаатында билим алууну пландап жатам. Бирок жан дүйнөмө чыгармачылык жакын. Буга чейин «Мезгил жана Алыкул» тасмасында эпизоддук ролго тартылгам, комузда ойнойм. Тасма, клиптерде башкы каармандын образын жараткым келет, ошондуктан планым өзгөрүп, Искусство университетине тапшырып калышым да мүмкүн.

– Сынак үчүн кандай курмандыктарга барууга даярсың?
– Бикиничен эл көзүнө чыгарым эле мен үчүн чоң эрдик, өзүнө ишенген, өз ою, принциптери бар адам гана мындай кадамга бара алат деп ойлойм. Учурда дос-тааныш, туугандарымдын баарын «добуш бергиле» деп үндөп жатам. «Мага добуш бергиле, мен татыктуумун» деп таңуулагым келбейт, татыктуу катышуучуну эл тандайт да. Ошентсе да колдоо ашыкча болбойт.


ГҮЛДАНА ТУРГУНАЛЫ КЫЗЫ

Жашы – 20
Параметри – 80-58-89
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 53 килограмм
Учурда – КУУнун 3-курсунун студенти

Гүлдана Тургуналы кызы:«МЕНИ МИЛА ЙОВОВИЧКЕ ОКШОШТУРГАНДАР КӨП»

– Гүлдана, сынакка кандай максатта катышып жатасың?
– «Максатсыз адам болбойт» дешет, мен да эгер сынакты утуп калсам моделдик кесип менен профессионалдуу түрдө алектенгим келет. Журналдардын биринчи бетинен түшпөй, кийимдердин жарнамасына тартылсам дейм. Учурда КУУнун журналистика факультетинде окуйм, окуудан сырткары футбол ойнойм, сүрөт тартам.

– Эмне үчүн SUPER.KG порталынын колдонуучулары дал сага добуш бериши керек?
– Көпчүлүк катышуучулардан мен табигый сулуулугум менен өзгөчөлөнөм. Анткени жашоодо эле эмес, фотосессияларда да аз боёном. Салондордо күнү-түнү отурган кыздардан эмесмин, өзүм эле жеңил боёнуп алып, көчөгө чыга берем. Анан да мени Мила Йововичке окшоштургандар көп.

SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Анара 115 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Салтанат 69 добушка ээ болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
tim11ai
2016-05-09 19:26:24
Мага да жакпады
+2
narime
2016-05-09 21:06:15
Нукура сулууларды коргум келет, боегу жок. Мумкун кийинки сандардан коруп калаарбыз деген умуттомун. Сулууларды макияжы жок, катыштырса сонун болмок супер инфо. Ошондо чыныгы сулууну аныктамакпыз!
+4
asel96
2016-05-12 15:05:32
narime,мм туура айтыңыз
0
niet
2016-05-09 21:08:29
быйылкы сулууларга эмне болгон бир да сулуу кыз чыга элек Аида Карабаева жакшынакай экен
0
jalguzum
2016-05-09 22:55:38
Экоотен жакпады
+2
perim.ai
2016-05-09 23:36:43
Ушуга чейинки чыккан сулуулардын ичинен Аида гана жакшынакай корунду. Кантип добуш берсек болот админ?
0
Kanzada97
2016-05-10 00:11:07
Талтайбай туз эмне болмок
+2
Kanzada97
2016-05-10 00:12:43
Туз турса
+1
bagira77
2016-05-10 00:52:50
Боексуз чыгаргылачы суперчилер! Суперлерди тандайлы биз дагы.
+2
arzuuu
2016-05-10 00:53:21
Мила йововичтин макияжы укмуш го.
+3
nelli
2016-05-11 01:08:27
Шпаклевкасы жок фотосун деле кошушса жакшы болмок. Шпаклевка менен укмуш сулуулука ээ болуу азыр оной болуп калбадыбы..
0
Nazikbaigazy
2016-05-11 02:18:24
Супер сулуу болом дегендерге вообще каерден добуш беребиз
0
admin_superstan
2016-05-11 11:09:32
Nazikbaigazy, саламатсызбы? http://www.super.kg/vote/
0
getlucky-kg
2016-05-11 21:16:38
мага экоотен жаккан жок. ал эми макияжсыз суроттун эмне кереги бар. ДУЙНОЛУК сулуу наамын алгандар деле макияжсыз анча корунбойтта.
+1
jaka92
2016-05-12 03:17:38
Мен ватсапптан сурот жибере албай жатам го. Силердин номер ватсапта жок дейт.
0
admin_superstan
2016-05-12 11:44:49
jaka92, саламатсызбы? WhatsApp`ка сактаган соң тизмеңизди жаңылап көрүңүз же ушул номерге байланышыңыз.
0
edil.kg
2016-05-12 04:35:51
экоон тен сулууусун бали- бали
0
Davlet1994
2016-05-13 21:49:49
ekoo ten jarabaitko
+1
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан