Бир ырдын тарыхы
Укканда жан дүйнөнү титиреткен чыгарма обончунун 25 жашында жараткан эмгеги.
...Эстелик жанына келип,
Энелер, ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла...
9-Майда Жеңиш күнүнүн урматына көпчүлүк жакшы көрүп ырдаган ырлардын бири – “Эстелик”. Сөзү Атакул Жакыповго, обону Хабибилла Азиреткуловго таандык ырдын жаралышы туурасында обончу кеп салды.
– Хабибилла мырза, обондуу ырларыңызды санай келсек бир топ эле, бирок сиздин атыңызды элге тааныткан “Эстелик” ырыңыз болду окшойт...
– Апам ыраматылык ар дайым чачымдан жыттап, "наристе жытың дагы эле ошол бойдон жүрөт, тун балам болгонуңданбы, 8 перзентимдин ичинен мен үчүн өзгөчөсүң" деп көп айтып калчу. Ата-энеге канынан жаралган уул-кыздары канчалык кымбат болсо, чыгармачыл адамдарга да ар бир эмгеги ошончолук баалуу. Алгачкы обондорум 16 жашымда жаралган, канчалык убакыт өтпөсүн тун бала өңдөнүп жакын сезиле берет экен. "Жүзүңдү айдың жел аймалап" деген сап менен башталган "Жылдыздуу түн", "Өскөн жер", "Таарынба", "Каркыралар", "Түшүнөрсүң акыры" деген обондорум ошол кезде жаралган. "Эстеликке" чейин жаралган ушул ырларым менен жүзүм элге бир аз тааныла баштаган.
– Ошондо “Эстелик” деген ырыңыз канча жашыңызда жаралды?
– "Эстелик" деген композициямды 25 жашымда жазган экенмин. Арадан көп жылдар өтсө да эл арасында популярдуулугун жоготпой келе жатканына шүгүр кылып, кубанып келем. Окуучу кезимде 9-Майда согуштун ардагерлери менен жолугушуулар өткөрүлүп, аксакалдар өтө кызыктуу баян куруп беришет эле. Таятам да Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, экинчи топтогу майып болчу. Ал да алаамат жылдар тууралуу укмуш окуяларды көп айтып берчү. Аягында терең улутунуп "ал күндөрдү силер көрбөгүлө, балдарым" деп башын ылдый салып, ойго чөмүлүп кетер эле. "Атам эмне мынча улутунат" деп койчумун, бир чети баламын, экинчиден, согушту көргөн жокмун да.
Менин студенттик жылдарымда Ооган согушу тутанып, кырчындай жаш жигиттер өмүрү менен коштошуп жатышты.
Бир жолу жаз же жай айлары болсо керек эле, жатакананын балконунда уктап жаткам. Бир убакта түн жарымында аялдын "Балам!" деген ачуу кыйкырыгынан ойгонуп кеттим. Жатаканабыздын так маңдайында темир жол аркылуу көмүр түшүрчү чоң аянт бар болчу. Көрсө, эл терең уйкуга кеткен учурда Оогандан каза болгон жоокерлердин сөөгүн поезд аркылуу ата-энесине жеткирип беришчү экен. Ошондогу эненин ачуу айкырыгы, боздоп ыйлаганы унутулгус таасир калтырды. Көп өтпөй эле Жеңиштин 40 жылдыгына арналган Бүткүл союздук патриоттук ырлардын сынагы жарыяланып калды. Баягы аялдын ачуу чаңырыгынын таасиринен, таятамдын айткандарын элестетип ыр жаздым. Ошентип "Эстелик" деген ыр менен Бүткүл союздук сынакка катышып, жеңүүчү болдум.
– Туурасы, ырдын обонун сиз жараттыңыз да?
– Ыр 1984-жылы жаралган. СССР мезгилинде ырдын сөзүн да, обонун да бир киши жазса телерадионун фондуна албай коё турган жагдай бар эле. Ырдын сөзүн жазып алып, райондук гезитте иштеген Атакул Жакыпов деген агайга көтөрүп бардым. “Байке, ушуну оңдоп бериңизчи” десем мен ойлогондон да жакшы кылып оңдоп берди. “Сөзү эми сиздики болуп калды” десем, ал өтө жөнөкөй адам эле, “жок, кереги жок” деп болбойт. Баары бир Атакул байкеники болуп кала берди. Ырдын сөзүнүн таасирдүү болушуна ал кишинин салымы чоң.
– Обон жараткан соң биринчи кимдин сынынан өткөрөсүз?
– Эсимде, түн бир оокумда "Эстеликтин"обонун жазып бүтүп, апамды ойготуп ырдап бердим. Көзүнөн токтобой жаш агып жатты... Шаарга келгичекти ар бир чыгарган обонумдун алгачкы угуучусу да, баалап, сындап берүүчүсү да апам эле.
Учурда бул ырды өзүмдөн башка Кыргызбай Осмонов, белгилүү опера ырчысы Бакыт Ыбыкеев, Айбек Касымов, Самара Каримова, Токтобек Асаналиев элдин алдында ырдап келе жатышат. Ыр бир ырдалып кала бербей, улам бир ырчы жаңыртып ырдап, унутта калбай келет. Элге алымдуу, жакын болгондуктан согушта Ата Мекен үчүн канын-жанын аябай каза болгондорду эскерип, ушул ырымдын атынан кыргыз ыр ышкыбоздорунун башын бириктирип, борбордо концерт коюп жатам.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg