Швециянын Стокгольм шаарындагы "Эрикссон-Глоб" концерттик аренасында "Евровидение" сынагы болуп өттү. Финалга озуп чыккан 26 мамлекеттин "тирешүүсүнүн" жыйынтыгында Украинанын катышуучусу Жамала жеңүүчү аталса, 2-орунду австралиялык Дэми Им багынтып, орус ырчысы Сергей Лазарев 3-орунга татыды.
СЫНАКТЫН "ДЕСЕРТИ" – ЖАСТИН ТИМБЕРЛЕЙК
Ырчылар көрүүчүлөрдүн эсинде сакталыш үчүн сахнага укмуштуудай номерлери менен чыгышты. Алардын ичинен Сергей Лазарев жылып турган тепкич менен көтөрүлүп, космос мейкиндигине кулаган элес калтырып элди таң калтырды. Мальталык Ира Лоско 6 айлык кош бойлуу экенине карабай ырдап чыгып эсте калса, конок ырчы катары келген дүйнөлүк жылдыз Жастин Тимберлейк жаңы ырын аткарып "десерт" болуп берди.
СЫНАКТЫН ШАРТЫ ӨЗГӨРБӨГӨНДӨ ЛАЗАРЕВ ЖЕҢМЕК БЕЛЕ?
Бул жылы сынактын добуш берүү системине өзгөрүү киргизилип, калыстар жана көрүүчүлөр өзүнчө добуш беришти. Жаңы шарт боюнча добуш берүү 2 этаптан туруп, алгач калыстардын берген упайы жарыяланды. Ага көрүүчүлөрдүн добушу кошулуп эсептелинди. Жыйынтыгында үнү, ыры менен өзгөчөлөнгөн Жамала сынактын жеңүүчүсү аталды. Хрусталдан жасалган статуэтканы бийик көтөргөн ырчы кыз: "Мен тынчтыкты каалайм! Рахмат, Европа!"- деп кыйкырып алды. Өлкөсүнө жеңиш тартуулаган ырчынын эмгеги бааланып, ага дароо эле Украинанын Эл артисти наамы тапшырылды. Көрүүчүлөрдөн эң көп упай топтогон Сергей Лазарев болсо "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамын алды. Бул сынакта Сергей Лазаревге продюсер болгон Филипп Киркоров жыйынтыкка нааразы болду. Ал Лазаревдин номери менен сыймыктанарын айтып, "эгер сынактын шарты өзгөрүлбөгөндө Орусия жеңмек" деген оюн билдирди.
ЖАМАЛАНЫН ТАЛАШКА ТҮШКӨН "1944" АТТУУ ЫРЫ
Орусия менен Украина сынакта бири-бирине башкы атаандаштар болду. Жамаланын Улуу Ата Мекендик согуштагы крымдык татарлардын депортацияланышы тууралуу ыры "Евровидение" башталганда эле Орусия тараптан сынга алынган. Уюштуруучулар ырдын текстинен саясатка байланыштуу эч нерсе табышкан эмес, бирок сынактын саясат тууралуу ырдалбасын деген талабы жок. Айрым орусиялык саясатчылар ырдын темасын катуу сынга алышкан. Мисалы, Санкт-Петербургдун депутаты Виталий Милонов "Анда "Евровидениеге" Орусиядан жана Польшадан артист жөнөтөлү, 1943-жылдагы Волындагы кыргын тууралуу ырдап келишсин" деп айтып чыккан (ред. 1943-жылы Украинанын Волынь облусунда жашаган польшалык жарандар жана башка улуттун өкүлдөрү украиналык армия тарабынан массалык кыргынга кабылган).
ОШТО ТӨРӨЛГӨН ЖАМАЛА
Украиналык опера жана жаз ырчысы Жамаланын толук аты-жөнү – Жамаладинова Сусанна Алимовна. Ал 1983-жылы Кыргызстандын Ош шаарында төрөлгөн. Атасы хор дирижёру Алим Жамаладинов крымдык татар, апасы пианист Галина Тумасова армян кызы. Ырчынын үй-бүлөсү Кыргызстандан 1989-жылы Крымдагы Малореченское айылына көчүп кетишкен. Бала кезинен музыка менен алектенген Жамала "Жаңы толкун-2009" сынагында да жеңишке жетип, популярдуулугу артат. Ырчы жакында чет өлкөлүк басылмалардын бирине маек куруп: "Мен Кыргызстанда төрөлгөм, бирок бул өлкө менин мекеним экенин эч качан сезчү эмесмин. Крымда төрөлбөсөм да, Крым жан дүйнөмө жакыныраак",- деп билдирген.
ЖИЙДЕШ ИДИРИСОВА: "УКРАИНА МЕНЕН ОРУСИЯГА ДОБУШ БЕРГЕН ЖОКМУН"Кыргызстандын атынан биринчи жолу аталган сынакка калыс болгон мекендешибиз мындай дейт:
– Жамала биздин жердешибиз экенин билген эмесмин. Муну билгенден кийин Кыргызстан дагы бир сынакта атын чыгарып алганына аябай сүйүндүм. Украина менен Орусияга добушумду берген жокмун. Ырчылардын музыкасына, аранжировкасына, кулакка жагымдуу угулушуна көңүл бурдум. Мага Нидерландынын атынан чыккан Боб Дауэнин ыры аябай жакты. Аны укканда "Битлз" тобун элестеттим. Европалыктардын табити башкача экен да, жеңүүчү башка болду. Бул сынакка калыстык кылганым мен үчүн гана эмес, жалпы Кыргызстан үчүн сыймык болсо керек.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg