Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!
Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.ЭЛИЗА ТАШБАЕВА
Жашы – 19
Параметри – 91-68-93
Бою – 166 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Учурда – КУУнун педагогика факультетинде 2-курста окуйт
"Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионумун"
– Элиза, спорт менен дос экениңди айтып калдың...
– Ооба, 5 жылдан бери спорт менен жакын досмун. Башында дзюдо менен машыксам, 3 жылдан бери бокс менен алектенем. 54 килограмм салмакта бокс боюнча кыздар арасында Кыргызстандын чемпионумун. Ошондой эле акробатикага окшоп кеткен, таяк менен бийлөөчү "pole dance" бийи менен машыгам.
– Сынакта эң эле болбоду дегенде канчанчы орунду алгың келет?
– Мисалы, мен спортто таяк жейм, бетим көгөрөт, үйдө айлап жатып калган күндөрүм болот. Мелдештерде дайыма өжөрлүгүм менен жеңишке жетишип келгем. Сулуулар сынагында финалга чыксам экинчи же үчүнчү орунга канааттанбайм, спорттогудай эле бардык жерде биринчи болушум керек. Ошон үчүн жеңишти илип кетүүгө болгон аракетимди жумшайм.НУРИЗА АКБАРАЛИ КЫЗЫ
Жашы – 20
Параметри – 85-62-88
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 54 килограмм
Учурда – Тигүү цехинде иштейт
"мыкты дизайнер болгум келет"
– Нуриза, дизайнерликке кызыгат экенсиң...
– Ооба, бир көйнөктү көрсөм ошого окшоштуруп бат эле тигип кийип алам. Келечекте мыкты дизайнер болсом деген тилегим бар. Азыр тигүү цехинде тажрыйба топтоп, жакшы тиккенди да үйрөнүп жатам.
– Сынактан эмнени күтөсүң?
– Эң эле болбоду дегенде финалга чыккым келет. Көпчүлүк сулуулар сынактары таза өтпөйт деп угуп калчумун. "Супер сулуу" сынагы таза өтөрүн билем, андыктан менде өзүмө болгон ишеним чоң.
SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Айпери 89 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Бермет 52 добушка ээ болду.