Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!
Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.ЭЛИЗА АБДЫБАЛИЕВА
Жашы – 18
Параметри – 78-60-85
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 48 килограмм
Учурда – Кыргызстан Эл аралык университетинин алдындагы жалпы билим берүү колледжинин эл аралык мамилелер факультетинде 2-курста окуйт
«Сынак мени турмушка бышырат»
– Элиза, сулуулар сынагына алгачкы жолу катышып жатасыңбы?
– Ооба, биринчи жолу катышып жатам. Бул сынак мени турмушка, жашоого бышырат деп ойлойм. Анткени сынакта жеңем деген аракет, кыздар арасындагы атаандаштык мени чыйралтат.
– Окуудан сырткары эмнеге кызыгасың?
– Учурда өз колум менен чачка такчу ободокторду, колго такчу шуру-мончокторду курбуларыма жасап берип жатам. Башкалар да кызыгып буюртма беришүүдө. Келечекте ушул жумушумду чоң бизнеске айлантсамбы деген пландарым бар. Ошондой эле кесибим менен чет өлкөдөгү кыргыз элчиликтеринин биринде иштесем, чет жердеги мекендештерибиздин укугун коргоого жардам берсем деген ойлорум бар.
НЫШАНБАЙ КЫЗЫ ГУЛИНСА
Жашы – 22
Параметри – 87-60-88
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Учурда – КУУнун экономика факультетинде 5-курста окуйт
«Актриса, журналист болгум келет»
– Гулинса, сулуулар сынагына бир максатты көздөп анан катышып жатсаң керек?
– Ооба, өзүмө актрисалык менен журналистика жакын. Режиссёр Сүйүн Откеевдин «Көпөлөк» деген тасмасында эпизоддук ролду аткаргам. 2-3 клипке тартылдым. Сынак мага элге таанылууга жардам берет деп ойлойм. Өзүмө да жакшы тажрыйба болот. Анан башкы максатым – чет өлкөгө баруу.
– Ырчылыкка да кызыгып жүргөнүңдү билебиз...
– Ооба, ырчы Гүлзинат Суранчиевадан вокалдан сабак алгам. Мындан 2-3 жыл мурун эки ыр жаздырып тойлордо ырдап жүрчүмүн. Бирок ырчылык мага жаккан жок, анын үстүнө ата-энем да каршы эле, ошон үчүн таштап койдум.
SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Нуриза 111 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Элиза 68 добушка ээ болду.