БРИТАНИЯДА ДА АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖОКПУ?


25-майда бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" бий тобу Лондондо "Britain's Got Talent-2016" бий сынагынын жарым финалында бий чеберчилигин көрсөтүштү. Кайталангыс номер тартуулаган мекендештерибизге калыстар, залдагы көрүүчүлөр ордуларынан туруп кол чабышкан эле. Бирок жыйынтыгында калыстар тобунун сынынан өтпөй калып, бийчилердин өнөрү көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнө коюлуп, биринчи орунда бара жатышкан. Анткен менен жыйынтыгында 3-орунга гана илиништи. Мекендештерибизди колдогон чет элдик күйөрмандары сынактын расмий баракчасына: «Силердин британиялык эместигиңер башкы кемчилигиңер болду. Бул жакта да саясат ойноп кетти»,- деген сыяктуу нааразычылыктарын жазышты.
Бул тууралуу Атай Өмүрзаков: «Улуу Британиянын жарандарынын жана башка өлкөлөрдөгү интернет колдонуучулардын бизди колдоп, жыйынтыкка нааразы болгону биз үчүн кымбат, бул жеңишке барабар»,- деп билдирди.


Атай Өмүрзаковдун командасынын сынакта көрсөткөн номерин интернетте 5 күндө эле 4 миллиондон ашуун колдонуучу карады.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Urmat-1989.
2016-06-06 09:46:45
англия деле олгон экенда))
+4
abdamitoff
2016-06-10 10:29:27
Urmat-1989., Максим бар да ал жакта)))
+1
Wave.
2016-06-06 10:53:39
Негизи эч жерде адилеттуулук жок бул дуйнодо. Ошол эле тош каккан АКШда да адилетсиздик толуп жатат.
Бир гана акыретте болот чыныгы адилеттуулук, туугандар...
+11
Aksy-13
2016-06-06 11:26:44
Капаланбагыла Азаматсынар силер биз учун бутундой Кыргыз эли учун биринчи болуп журосунор!
+5
bermi
2016-06-06 11:30:26
Видеосун корсок бт бекен? Не терпится.... )
-5
admin_superstan
2016-06-06 11:41:46
bermi,саламатсызбы? Төмөндөгү ссылка менен кирип көрсөӊүз болот. http://www.super.kg/media/uservideo/168635/
0
ofcourse
2016-06-06 19:44:04
En negizgisi kuyormandy taasirletse myna osho jenish!!!!! Kuttuktaym atay j.n komandasyna!!!
+3
mafi
2016-06-07 02:16:14
Это страна санкционеров и большой политики. И вся Европа такая же
Потому что у них союз. Не дюбят они наших
+2
omu
2016-06-07 10:35:54
Бизге келсе, биз деле озубуздукуно тартмакпызда...
+3
BiLLy Beck
2016-06-07 15:30:02
Негизи чет олкодо жергиликтуу элдин ичинен чыккан талантардын ичинен суурулуп чыгыш ото оор.Конкурстун башкы байгесин утуш учун конкурстун журилерин бир чымындай сомнения жаратпай чыныгы профессианалдуулукту корсотсон утуш сен жакта болот. Егер кичине жакшы болбой калча кечирип кой отпой каласын.. чындык
0
Myrza.
2016-06-08 21:57:08
Силердин талантынарга соз жеткис , эн башкысы конулду тушурбой алдыга жол тартышынарга тилектешмин
+3
janim
2016-06-16 16:08:17
Азаматтар дессе. Атагы алыска кетти Атайдын
0
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан