АДИЛЕТ АЗИМОВ "УРАЛ МОҢО-2016" СЫНАГЫНДА 1-ОРУНДУ ЖЕҢДИ

Ырчы Адилет Азимов 26-майда Башкортостандын Уфа шаарында өткөн "Урал моңо-2016" эл аралык музыкалык фестиваль-сынагында 1-орунду өңөрүп кайтты. "Ардагым", "Күлгүн жаш" чыгармаларын аткарып ийгилик жараткан ырчы жигитке 100 миң рубль тапшырылды.
«Элдин ишеничин актасам экен деп аябай сарсанаа болдум. Жеңишке жетип, жүзүм жарык мекениме кайтканыма кубанычтамын. Сынакка көп таланттуу ырчылар катышты. 56 ырчынын ичинен биринчи орунга татыганыма сыймыктанып жатам», - дейт кубанган Адилет. Бул сынакта баш байгени алтайлык Добрыня Сатин жеңип, 200 миң рубль сыйлыкка ээ болду.
Кошумчалай кетсек, Айчүрөк Иманалиева бул жылы да аталган фестивалдын калыстар тобунун мүчөсү болду. 2014-жылы аталган сынакта Курал Чокоев 1-орунга ээ болсо, опера ырчысы Айбек Саралаев 2-орунду багындырган.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
owtu
2016-06-06 11:39:20
Azamatsyn! Kuttuktaivyz
+1
Sajakat14
2016-06-07 02:31:40
Супер инфо видеосу жокпу?





+1
admin_superstan
2016-06-07 09:24:22
Sajakat14, саламатсызбы? Видеосун төмөндөгү шилтеме менен кирип көрсөӊүз болот: http://www.super.kg/media/uservideo/168897/
+1
Sajakat14
2016-06-12 17:16:48
admin_superstan,Рахмат! Адилеттин ырдаган видеосу жокпу? Ырдаган жерин жүктөсөңөр сонун болмок!
0
Myrza.
2016-06-08 21:35:55
Кандай гана кубанычтуу кабар жакшы болуптур
+1
shairgulisaewa
2016-06-10 18:19:48
азамат мырза
+1
Sajakat14
2016-06-12 17:19:07
shairgulisaewa,Ушул фестивадьдын мурункусунда дагы 1-анан2-орундарды кыргыздардын эки ырчы уулдары алган:)!
+1
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан