МЕКЕНДЕШИБИЗ КАРАЖАТТЫН ЖОКТУГУНАН УЛАМ РУМЫНИЯДАГЫ СЫНАККА БАРБАЙ КАЛДЫ

Буту менен жаа атып таанылган 16 жаштагы акробат Чынара Мадимкулова үстүбүздөгү жылдын январь айында «Румыния таланттарды издейт» аттуу сынакка катышып, жарым финалына өткөн. Бирок май айында өтчү финалдык туруна каражаттын жоктугунан улам катыша албай калды.
«Жол чыгымдарын аталган сынак төлөмөк. Бирок ал жакта жашаганыбыз өзүбүздүн моюнубузда болгондуктан 1,5 миң доллар таба албай, катышпай калдык»,- деп билдирди Чынаранын машыктыруучусу Жыпаргүл Шамырова. Мамлекеттик цирктин таланттуу акробат кызы ал сынак менен токтолуп калбай, июлда Астанада өтүүчү «Азия жаңырыгы-2016» аттуу цирк искусствосунун эл аралык фестивалына катышууга даярдык көрүүдө.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
tim11ai
2016-06-06 09:20:02
Татынакай экен! Алдыдагы сынактарга ийгилик каалайм!
+9
Nuka93
2016-06-06 11:23:43
Мен депутат болгонумда ушундай кыргыздын таланттуулары каражаттын жетишсиздигинен сынака катыша албай калганын укканда уялмакмын
+7
owtu
2016-06-06 11:37:42
4ondor ki4ine jardam korsotso bolmok, birok eger kaaloo bolso ak4any tapsa bolotle
+5
Aruwka.89
2016-06-22 20:38:21
owtu,
Канале акча табуу каалонон коз каранды болсо
+1
tynchtyk93
2016-06-06 12:25:37
jaman boluptur katyshyp orunga ilinse bizdin ele syimygybyz bolmok
+8
nasik198
2016-06-06 14:38:33
Биздин мамлекет маданият жаатына кобуроок конул бурса жакшы болмок.
+9
Qnet
2016-06-06 23:52:10
Ухуууу мынча минустарды ким басып атат?Туура эле пикирлерди жазышыптыр го менимче...
+9
arimaz89
2016-06-07 01:40:45
Qnet,депутаттардын дос, тууган, тааныштары басып жатса керек минустарды
+3
Stervamyn
2016-06-09 07:56:26
Qnet,депутаттар басып жатат да))
0
PeRa
2016-06-07 01:45:39
Посольствого кайрылса болмок. Румыниядагы кыргыздар менен байланышып, жатканга орун таап беришмек. Же уйлоруно чакырышмак.
+2
PeRa
2016-06-07 01:48:08
Бул жактагы консулдар жакшы эле иштеп жатышат.
+5
omu
2016-06-07 14:51:04
Мен Nuka93ко + бассам, - кобойуп калдыго?
+4
Nureles92
2016-06-07 15:56:25
Татынакай кыз экен бирок баралбай калганың жаман болптур
+4
Aikan1966
2016-06-08 10:48:12
бул кыз мага жагат ,кордум эле передачаларын ,мамлекет кичине жардам корсотсо болмок,Жыпаргул ири мекемелерге барса болмок акча сурап,кичинеден чогулуп олтуруп топтолуп калмак,биздин мекеме дайым жардам кылат коп адамдарга,ушинтип барышпай кала берсе булардын эмгегин анан ким баалайт,жаштар да кызыгуусу жоголот.
0
Myrza.
2016-06-08 21:51:09
Биздин чондор бири-биринин аркасын чукугандан коро ушуларга жардам корсотсо балким эл кичине болсо да аларга ыраазы болмокго
+3
OMURBEK.
2016-06-12 02:01:58
Бул кыз талант сынагына барбай эле сулуулар конкурсуна барчудай экен
0
dastan1998
2016-07-20 02:48:41
мен жакшы кором бул кызды!!!
0
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан