Жай келип, айрымдар чет өлкөгө сапар алышса, кээ бирлер мекенибиздин кооз жерлеринде эс алышууда. Атактуулардын жаратылыш коюнундагы "чырк" эттирген кадрларына комментарий алдык.
БАЯСТАН: "ЭС АЛУУНУ КӨЛДӨН БАШТАДЫМ"
Керемет көлүбүздүн суусу жылый электигине карабай жылдыздар байма-бай катташууда. Алардын катарында Баястан менен Аяна да көл сезонун ачып келишти.
– Жайкы эс алууну керемет көлүбүздөн баштадым. Аяна өзүнүн жумуштары менен барган болчу. Убакыттын тардыгына байланыштуу Ысык-Көлдө мен 1 эле күн болдум. Ушунча келгенден кийин жөн кетпейин деп суунун муздактыгына карабай көлгө түшүп кайттым.
МИНЮРА РАХИМЖАНОВА: "УЙ СААЙМ ДЕП КОЛДОРУМ ТЫРЫШЫП КАЛДЫ"
Минюра Рахимжанова кетмен чаап, суу коюп, дыйканчылык кылып жүргөн учуру. "Быйылкы эс алуу жалаң кара жумуш менен өтүп жатат. Бул мага аябай жакты",- деген ырчы буга чейин Жумгалдын Кош-Булак жайлоосунда бир жума эс алганын айтат.
– Уй саайм деп колдорум тырышып калды. Ал жактагылар уйду башкача саагандыктан, мени көрүп күлүп жатышты. Жайлоодогуларга жардам кылып сүт тарттым, кымыз быштым, тезек калап, нан жаптым. Таң эрте тоого чыгып жаратылыштын кооздугуна суктанып ырдадым. Айтор, кара жумуш менен айкалышкан эс алуудан көп энергия топтодум.
АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВ: "ТОО КОЮНУНДА УКМУШ ЭС АЛДЫК"
Шайлообек Дүйшеев, Асылбек Өзүбеков, Кыялбек Урманбетов, Келдибек Ниязов баштаган өнөр адамдарынын лөктөрү да жаштардан калбай, тоо коюнунда эс алып келишиптир.
"Чыгармачыл адамдар жаратылышка чыгып чер жазып турбаса болбойт" деген Асылбек Өзүбеков эс алууну кыскача сүрөттөдү. "Шар аккан суунун боюнда өткөн-кеткенди эстеп, кымыз ичип, эт жеп укмуш эс алдык, чер жаздык".
АЙЫМЖАН АЙЫЛЧИЕВА: "АТ МИНИП, ТАЗА АБАДА СЕЙИЛДЕДИМ"
Айымжан Айылчиева да шаардын ызы-чуусу менен ысыгынан бир аз алыстап, тоого барып эс алып келгенин айтат.
– Чуңкурчак жайлоосуна ата-энем менен барып эс алып келдик. Ат минип, селкинчек тээп, таза абада сейилдедим. Атты кичинемде мингендиктен анча кыйналган жокмун. Башында коркунучтуу болуп жаткан, кийин көнүп кеттим. Бул эс алуунун башталышы гана. Буюрса, үй-бүлөбүз менен Кыргызстандагы тарыхый жерлерге барууну пландап жатабыз,- дейт ырчы.
ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ: "САХАЛИНГЕ ЖАЗ ЭМИ КЕЛДИ"
Гүлжигит Сатыбеков Орусияны кыдырып концерт коюп жүргөнүнө көп болду. "Эл-жер көрүп, маданий азык тартуулап, бир ок менен эки коён атып эс алганга да жетишип жатам" деген ырчы учурда Сахалинде жүрөт.
– Сахалин мага аябай жакты. Өзүнчө эле материктей экен. Бул жерде эми гана сирень гүлү ачылып, жаз өкүмүн сүрүп жатат. Мындан тышкары Татар кысыгы, Охотск, Япон деңиздеринде, Тынч океандын жээгинде болдум. Быйыл чыгармачылыгыма 10 жыл болду. Бул эс алуу менен айкалышкан гастроль күзүндө өтчү концертиме даярдык.
Султан Төрөбеков
star@super.kg