НУРЛАН ТИЛЕБАЕВДИН ӨМҮРҮН САКТОО ҮЧҮН ЧЫГАРМАЧЫЛ ЧӨЙРӨ АКЧА ЧОГУЛТУУДА
Баарыбыз сүйүп уккан "Унутам деп", "Оо, жаным" деген ырлардын автору Нурлан Тилебаев 3 жылдан бери боору ооруп, учурда акыбалы оор. Ырчынын азыркы абалы тууралуу видео интернетке жүктөлүп, ага таасирленгендер жапа тырмак акча чогултууга киришишти.
Аны уюштуруучулардын бири, продюсер Мирлан Муратов: – Нурлан Тилебаев менен 12 жылдан бери ага-ини катары үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Азыркы абалы абдан оор, колуна чыны кармап чай иче албай, баса албай, сүйлөй да албай калды. Жубайы, жеңем Уулжанга рахмат, ажатканага чейин өзү алып барып жатат. Нурлан байкенин учурдагы абалын видеого тартып, интернетке жүктөп койгон элем. Боорукер адамдар көп экен, айрыкча чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар колдон келген жардамын аяган жок. "Жардам беребиз" деп журналисттер, ырчылар, режиссёрлор, продюсерлер, Ош, Москва шаарындагы мекендештерибиз тынымсыз чалып жатышат. Бишкектеги айрым кафе, ресторандар да "акчалай жардам беребиз" дешүүдө. Операцияны Тибеттен аябай чоң суммадагы акчага жасайт экен. Биз чогулткан каражат ырчынын керегине жарап калар деген үмүттөмүн. 26-июнь күнү "Түштүк дарбаза" сейил багына баарыбыз барып, чогулган каражатты Нурлан Тилебаевдин колуна тапшырабыз. Ушул күнгө чейин 74 миң сом чогулду, 26сына чейин бул сумма дагы көбөйөт деген ойдомун,- дейт. Биз да ырчынын эртерээк айыгып, кесиптеш, дос-курдаштарынын катарына кошулуусун каалайбыз.

star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Эртерек сакайып кетиниз. Аллахым узун омур берсин.
Дартын берген Аллах, шыпаасын да берген болсун. Батыраак айыгып, көрбөгөндөй болуп кетиңиз..
Былтыры маек берген ссылкасын берип койгулачы сураныч.
Айыгып кетсе экен Уулжан эжеге рахмат кабагым кашым дебей багып келе жатат. Ооруну берген кудайым шыпаасында берсин айыгып кетет деген умуттомун.
Айыгып кетишине тилектешмин
Жардам бербейлиби каяктан табам адресин
Жардам бербейлиби адресин айтып койгулачы?
Жанна Фриске ракка кабылганда орус шоу бизнеси жана орусия калкы аябай колдоп Жакшы каражат топтоп берген, биздин да маданият кызматкерлери, кыргыз калкым жардамын аябайт деп ишенем
Эртерээк уюштуруп,чогултканда жакшы болмок!Кудайым колдоп,ден-соолугу жакшы болуп кетсин агайдын!
shakeSultan,cайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер
info@super.kg же
admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Сакайып кеттиниз Нурлан байке
Бир гана жараткандан суранаарым Нурлан Тиллебаевдин айыгып кетишин сураар элем а аялына келгенде видео ррликкти коргон сон ар бир Адам ОЗУ таразалап алаар Э жараткан Аллах аялана кор