БЕКТЕМИР УУЛДУУ, НУРДӨӨЛӨТ КЫЗДУУ БОЛДУ

"2013-жылдын супер актёру" Бектемир Мамаюсупов 11-июнь күнү уулдуу болуп, сүйүнүчү коюнуна батпай жүргөн кези. "Уулум төрөлөрдө абдан корктум, жубайыңдын, балаңдын ден соолугунан кабатыр болот экенсиң. Атын таятасынын керээзи боюнча Бексултан деп койдук. Азырынча уулумду эч кимге окшоштура элекмин, буюрса, мага эле окшош болот",- дейт актёр.
Ал эми өзүнүн туулган күнүндө кыздуу болгон алып баруучу Нурдөөлөт Копоев: "20-июнь күнү өзүмдүн туулган күнүмдө жубайым мага кыз төрөп белек кылды. Ысымын өзүм Нуршайыр деп койдум, анткени уулумдун аты Нурбайыр, ошого окшошсун дедим. Азыр жубайым кызым менен төрөтканада, мен уулумду карап үйдөмүн. Бала баккандын түйшүгүн, 16 баланы баккан апамдын мээнетин жон терим менен эми сезип жатам",- дейт.


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Allahtynkulu
2016-06-27 09:03:53
Омурлору узун, ыймандуу болуп чоноюшсун.
+2
Kanat.kg
2016-06-27 09:09:11
Омуру узун, келечеги кен болушсун!
+2
Mediziner
2016-06-27 09:20:02
Чың ден-соолуктуу, өмүрлүү, бактылуу балдардан болуп чоңоюшсун!
+2
Pandora
2016-06-27 11:21:23
Кандай гана соонун кабар!!! Жаратканым бизге да ушул кунду жакын кылсын....
+3
lolo.1
2016-06-27 14:24:01
Сонун жанылыктар
+2
Kunbeken
2016-06-27 17:18:01
Наристелеринерге ден-соолук, омур жана уй- булолук бакыт!
+1
Kunbeken
2016-06-27 17:19:17
Бизди да Аллахым ушундай бактылуу кундорго жеткирсин (Оомин).
+1
Nazikbaigazy
2016-06-28 00:16:56
Куттуктаймын омурлору узуун, акылдуу болуп чоноюшсун
+1
№ 712, 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан