Акыркы күндөрү чыгармачылыкка кайткан ырчылар көбөйдү. Өткөн сандарыбызда Кумар Асанов ырчылык кесибин улантарын айткан. Бул жолу "Кыз-Бурак" тобунун экс-солисткасы Аида Макамбаева да чыгармачылыкка кайта турганын кабарлады.
– Салам, Аида! "Кыз-Бурактан" кетип, турмушка чыккандан кийин сахнаны таштап койдуң...
– Ооба, чыгармачылыктан алыстап кеттим. Анткени турмушка чыгып, жолдошумдун жумушуна байланыштуу Орусияда жашап калдык. 2 жылдан кийин кызыбыз төрөлдү. Ал торолгуча ушул убак келип калды. Негизи башкы максатым – үй-бүлөмдү бир жолго салып, анан ырчылыкты улантуу болчу. 40-50 жашында ырчылыкка келип, ийгилик жаратып жүргөн эжекелерибиз деле жүрбөйбү деп өзүмдү сооротуп койчумун. Жолдошум ырчылыкты улантышыма башынан эле каршы болгон жок.
– Сахнаны сагынсаң керек?
– "Кыз-Буракта" 6 жыл ырдадым. Сахна адамы болуп, жан дүйнөңдө ыр жашагандан кийин элдин алкышын, кол чабуусун, жылуу мамилесин сагынасың.
– Ысык-Көлгө келин болгонуңду билебиз. Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең...
– Ооба, Ысык-Көлгө келин болгом. Бирок келиндей кызмат кылып, эртең менен эрте туруу деген менде такыр болгон жок. Кайын журтума кызындай элемин. Тескерисинче, кайненем "бар, укта" деп иш кылдырбай коёт. Жолдошум Алмаз 33 жашта. Жеке ишкерлик менен алектенет. Кызыбызга 11 ай болуп, эми гана өнөрлөрү чыгып жатат. Кээде менин үнүм жетпеген тондорго жетип кыйкырып коёт. Талант балага да өтөт окшойт деп таң калып коём. Акырындан ырларды жаздырып жатам, эми чыгармачылыкка кайтам.