Илима Дуйшеналиева:"ОКУУМА ЫРЧЫЛЫГЫМДЫН ЗЫЯНЫ КӨП ТИЙДИ"

Кыргыз сахнасында жакындан бери ырдап жүргөн "Style Mix" тобунун солисти Илима Дуйшеналиева үчүн жай айы ийгиликтер менен башталган. "Окуумду бүттүм, эми толугу менен өзүмдү чыгармачылыкка арнайм",- деген топтун сары чачтуу эркеси бул аптанын башкы каарманы болмокчу.

"КОНЦЕРТКЕ КАТЫШАМ ДЕП ОКУУГА БАРБАЙ КАЛЧУМУН"
– Быйылкы жай мен үчүн ийгиликтүү башталды, анткени дипломумду жактап, Кыргыз улуттук университетинин философия факультетин ийгиликтүү аяктадым. Чынында чыгармачылык менен окууну айкалыштырып кетүү кыйын, азыр ал кыйынчылыктардын баары артта калганына сүйүнөм. Окуума ырчылыгымдын пайдасынан зыяны көбүрөөк тийчү. Анткени концерттерге катышуу үчүн окуума көп барбай калат элем. Ошентсе да экзамендеримди ойдогудай тапшырып алдым.

"СЕН ДА ЫРДАЙ АЛАСЫҢБЫ ДЕШЧҮ"
– "Style Mix" тобуна келгенге чейин ырчы болом деп аракет кылып көргөм. Рэп окуган дос балдарым бар эле. Алардын студиясына барып "ырыңардын кайырмасын ырдап берейинчи?" деп сурансам, баары "койчу, сен ырдай аласыңбы?" деп таң кала беришчү. Бир жолу ырдап берип койгом, андан кийин баары мени кадимкидей талашып башташкан. Ошол кезде жаздырган репертуарымда 2-3 соло ырым бар. Ал эми учурда соло ырчы болуу тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн. "Style Мix" тобунун түзүлгөнүнө 3 жыл болду, топтогу балдар менен музыкага болгон көз карашыбыз бир.
Чыгармачылыкта жүрүп көп кызыктарга туш болобуз. Мисалы, "Акыркы кат" деген клиптеги мен ырдаган эпизодун Токмоктогу токойлуу жерден тартканбыз. Таңкы саат төрттөр чамасы эле, жарык жок. Кошумча эффекттерди беребиз деп артымда тобубуздагы Адилет от жагып, түтүнүн үйлөп туман сыяктуу эффект берип турган. Ал эми Талас колуна кагаздарды чогултуп шамал кылып чачымды учуруп вентилятордун кызматын аткарган. Концерттерде, репетицияларда көп эле кызык окуяларга туш болобуз. Микрофондун шнурларына чалынып барып бир нерсени сүзүп алып, ырдап жатканда текстти унутуп калган учурларыбыз көп.

"РИАННАНЫН КОНЦЕРТИНЕ БАРГЫМ КЕЛЕТ"
– Өзүм кичинемден Раллиянын ырлары менен чоңойдум. Кичинекей кезимдеги кыялымды орундатып Раллия эже менен жолугуп, азыр аны менен мамилем жакшы, эже катары кеңештерин берип турат. Жакындан бери пайда болгон дагы бир кыялым бар. Рианнанын концертине катышсам дейм. Анын ырдаганы, харизмасы жагат. Ырларынан дайыма анын энергиясын сезип турам. 19-июнь күнү Бишкекке "IOWA" тобу келди. Билсеңиздер, биз "Жаңы толкун" сынагында аталган топ менен чогуу ырдап, алардын "Күлүп койчу" деген ырын кыргызчага которуп клип тартканбыз. Алар келгенде атайын концертине барып чепкен, калпак, камчы берип куттуктап келдик. Алар да бизди көрүп абдан кубанышты.

"ЖИГИТИМДИ ЖӨН ЭЛЕ ЖАКШЫ КӨРӨМ"
– Чыгармачылыкка келгенден бери чөйрөм өзгөрдү, мурунку көп тааныштарым өзүнөн-өзү жок болуп, кээ бири алыстап кетишти. Аларды эмне кылып капа кылганымды билбейм. Бирок биздин элге коомдо өзгөчөлөнүп турган адамдар жакпайт окшойт, же көрө албастык кылыштыбы, түшүнбөйм. Мени түнт дегендер жаңылышат. Абдан ачык-айрым, баары менен тегиз тил табышкан адаммын.
Топто Адилет экөөбүздү кыз-жигит дегендер адашат. Мен интернеттеги баракчама Омар, Арсен байке, топтогу Адилет, Талас менен түшкөн сүрөттөрүмдү көп жүктөйм. Анан күйөрмандар "ушул жигитиңизби?" деп сурай беришет. Учурда жүрөгүмдүн ээсин тапкам. Жигитим чыгармачылыкты түшүнгөн адам. Менин ата-энем аны тааныйт. Жакында бири-бирибизди ата-энебиз менен тааныштырабыз деген пландарыбыз бар. Аны кайсы мүнөзү, мырзалык сапаттары үчүн жактырганымды айта албайм, жөн эле жакшы көрөм. Сүйлөшкөнүбүзгө 3 жыл болду.

"Социалдык тармактан күйөрман кыздарым чачымдын түсү тууралуу көп сурашат. Өзүмдүн табигый чачым - кара".

"Style Mix" триосунда ырдап жүргөнүмө 3 жыл болду".

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Сүйгөнүмдү себепсиз жакшы көрөм” дейт Илима Дуйшеналиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Futuro
2016-06-27 14:14:46
Оуоү
-1
Erniet
2016-06-27 16:17:49
Тиги суроттогу бала экоо жакшы тугой болчудай
0
rusha
2016-06-27 17:01:54
супер инфо Малика Динанын жашоосу копторго табышмак болуп кызыктырат эмеспи. Азат экоонон эсклюзивдуу интерью алып берсенер абдан жакшы болмок эле. Алдын ала рахмат!
+4
else
2016-06-27 20:16:52
видеосунда Адилетти кошпоптур а бул жакта бар бул кандайча?
-1
admin_media
2016-06-28 12:10:50
else,
Саламатсызбы! Гезит менен порталдын кабарчылары эки башка убакта интервью алышат. Ошол үчүн материалдарда айырма болушу мүмкүн.
0
Bahira
2016-06-28 04:22:59
Мына бир дагы негатив комментарийлер жокко жакшыны жакшы бакшыны бакшы эле деш керек
0
Tattybubu93
2016-06-28 11:55:39
Bahira,Бакшыны бакшы эле деш керек, а жакшыны жакшы деш к.к)))
+1
ss90
2016-06-28 17:50:15
Элина Абай кызынан маек куто берип карымай болдум(((
+2
Deniza-kyzy
2016-06-28 19:11:21
Уну жакшы, татынакай. Бирок негедир он келбетинде эстеп кала тургандай черта жок экен. Кочодон корсом тааныбай эле калам го.
0
leilek_suluktu
2016-06-28 19:22:31
Лейлекке концерти келер бекен Илиманы куто берем
+1
normalnyi..kyz
2016-06-28 22:10:56
Karatoru kyz eken eleda jawtygynda abdan ozgoruptur
+2
Gulzat86
2016-06-29 12:58:46
Ушул кыздын уну аябай жагат.Онорун оркундой берсин.
+1
xperia_kg
2016-06-29 15:24:41
Бактыгул Бадиевадан да кабар алып койгулачы супер!?
+2
admin_superstan
2016-06-29 15:33:32
xperia_kg, саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
pirim77
2016-06-29 16:36:13
Бу кайсы атактуу эле деп кыйла ойлонупмун. Жакшы тааныбайт экем
0
oilonchu92
2016-06-29 23:43:34
кантсе да нарындын кызы да азаматсын
0
Meerinsa
2016-06-30 10:05:38
Оо жакшы сулуу кыз экен бирок бул кызды биринчи жолу коруп турам
0
Uzakova.Z.A
2016-06-30 18:39:10
Сары чач кара тору адамды сары корсотуп коет экен
0
№ 712, 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан