СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Таң калган Бактияр жаныма келди.
– Бул ким?- деп сүрөттү колуна карматтым. Ал бир топко чейин карады да:
– Мына, бул сүрөттөгү кыздын бири Канаттын карындашы окшойт. Бирок жанындагы кайсы кыз экенин тааныбайм.
– Тааныбайсыңбы?! А мен дал ошол кызды сурап жатамын!
– Тааныбаймын дедим го, сага!
– Тааныбайсың ээ?! Атайын “заказ” менен алдырып алып тааныбай калдыңбы?!
– Менби?
– Сен!
– Ким алып келди?
– Апаң Канаттан берип жибергенин унутуп койдуңбу?! Үйлөнүп жатыпсың!..
– Канат мага эмне эч нерсе айтпай туруп сүрөттү сага берди?
– Ал жагын сүйүктүү досуңдан сура,- дедим да, Канатты чакырып келдим.
– Канат, бул эмне болгон сүрөт?
– Апаң берип жиберди...- деди Канат көзүн ала качып.
– Мен бүгүн апам менен сүйлөштүм, эч нерсе айткан жок го...
– Сүрөттү алып кел деп өзүң дайындаптырсың го,- дедим сөзгө аралашып.
– Канат, сен айылда жүргөнүңдө биз эч нерсе сүйлөшкөн жок элек го,- деп Бактияр кыйкырып ийди.
– Мен антип айткан жокмун.
Канат азыр эле мага айткан сөзүн танып кетти.
– Канат, азыр эле ушинтип айттың го...- дедим жаным кейип. Ал таптакыр айтканын танып туруп алды. Бактияр сүрөттү тең ортодон айрып, мыжыга бүктөп ыргытып ийди да, чыгып кетти. Баарыбыз үн-сөзсүз жай-жайыбызга тарадык. Мындай майда-барат сөздөр, окуялар күн санап дилимди оорутуп, жүрөгүмдү сыздатып, жан дүйнөмдү түйшүккө салчу болду. Кыларын кылып, кыл жип менен бууп, анан Канат “ушулардын урушу басылбады!” деп бизди күнөөлөп сүйлөгөнү жанымды кашайтты. Бул го бул, “мындай аял менен өмүрү тынч жашай албайсың!” деп Бактиярга күйүмдүү дос болуп эскерткенин кантейин! Бул сыяктуу кеңештерди кандай кабыл аларын билбей, Бактиярдын башы маң. Акыркы мезгилдерде айтылган сөздүн ак-карасын ылгай албайт деп Бактиярга таарына баштадым. Ошентсе да андан алыстай алган жокмун. “Башталат баары майдадан...” дегендей, майда-чүйдө кеп-сөздөр акырындан чоң чатакка, таарынышууга, түшүнбөстүккө дейре жеткире баштады.
Күндөрдүн биринде “сүйлөшүп алышыбыз керек” деп, Бактияр мени түн ортосунда ээн жерге алпарды. Жеткиче мени кабатырга салып бир ооз кеп айткан жок.
– Тилла сенин курбуң да, ээ?!- деди жеткенде.
– Ооба, бүгүн билдиңби?!- дедим таң калып.
– Досуң экенин билчүмүн, бирок башкасын бүгүн билдим. Мен ишенчээкмин, жетеленме адаммын, дос-душмандын айырмасын билбеймин... Сенчи... Сен кимсиң?!
– Түшүндүрүп айтчы, Бактияр?! Экөөбүз бүгүн таанышкансып сурабай!
– Сен, Малика, адам эмессиң... Сен адам болбойсуң, эч качан! Ушунча жыл мени алдап, кантип уялбай көзүмө карап жүрдүң!..
– Бактияр, түшүнсөм өлөйүн... Эмне деп жатасың?!
– Түшүндүргүм да келбейт!- деп жаакка катуу чаап жиберди.
Артка кетенчиктеген бойдон темир тосмого кептелдим. Чачымдан тартып, заарлуу көздөрү менен мага тигилди. Чачтарымдын түбү оорутуп, анын карылуу колдорунан бошоно албай тыбырчыладым.
– Сен бүгүн менин колумдан тирүү чыгам деп үмүт кылба! Ушул жерден өлтүрүп, өлүгүңдү өрттөп кетемин!- деп сүйрөгөн бойдон алып барып карт даракка башымды сүздүрдү. Эмне кылар айламды таппай жалына баштадым:
– Бактияр, өлтүрсөң койсоң өзүң бил, бирок себебин айт, жок дегенде күнөөмдү билип өлөйүн!
– Билгиң келип жатабы?! Сен шүмшүк, баарын билесиң!.. Мага чейин эмне кылып жүргөнүңдү, кандай экениңди, ким менен эмне иш кылганыңды жакшы билесиң!.. Жашырып жүргөн экенсиң!.. Мен болсо сен айткандай ишенчээктигимден сага алданып жүрүптүрмүн. “Аруумун, суудан тазамын” деп ыйлабадың беле, мына сага!- деп мени жерге жаткыра чапты. Бетим менен жыгылып, топурак- чаңга аралаштым да калдым.
– Тур, сен мындан өлбөйсүң!- деп бул жолу өпкө талаштыра катуу тепти.
Коркконумдан жан талаша бетимди аарчып өйдө турдум. Каршылык көрсөтүүгө күчүм жетпеди. Бактияр заарын чачып, муштумун түйүп калтырайт. Ошол темирдей катуу муштуму менен дагы уруп жибербегей эле деп корунуп, денем титирей түштү.
– Билесиңби, Канат бүгүн мага кандай сөздөрдү айтты?! Ал мени сага кошуп шылдыңдады! Сен мени уят кылдың! Тилла ага сенин буга чейинки жоруктарыңды бүт айтыптыр!..
Кыскасы, Тилла менен Канаттын айтуусу боюнча мен абийири бузулган кыз экенмин. Бактиярдын көзүнчө жасалма мүнөз көрсөтүп жүрүптүрмүн. Адамдын мүнөзүнө тийиштүү терс сапаттар, жаман жорук-жосундар мага гана таандык экен. Алтургай сөзүмдү, жолумду таппай жүргөн мени Тилла жетелеп адам кылып койсо, шаарга келгени мурдумду көтөрүп калыптырмын. Тилла менен Канаттын сүйүүсүн көрө албай бузукулук кылыптырмын. Канат менин ушундай начар кыз экенимди көптөн бери Бактиярга айта албай жүрүп, анан эми гана жаны күйгөнүнөн айткан имиш. Мени бул жерге сүйрөп келгенинин себеби ушунда экен.
– Бул жерге сүйрөбөй жатаканада эле айтсаң болбойт беле? - дедим дагы эле уккандарыма ишенип-ишенбей.
– Чынын айтсам, өлтүрүп салгым келди. Сен жөнүндө ушуларды угуу оңой болду дейсиңби? Мен сүйгөн кыз, мен билген Малика мындай болбошу керек эле.
– Сен билген Малика андай болгон эмес, болбойт дагы,- ишенимдүү айттым.
– Кеттик, - деп Бактияр мени суз карап алдыга түштү.
– Өлтүрбөйсүңбү?..- дедим ордумдан жылбай.
– Жок, баары бир мага керексиң!.. Биз жатаканага жеткенде таң атарына аз эле калган. Бөлмөгө киргим келген жок, анда уктап жаткан Тилладан жийиркенип турдум. Бактын ичиндеги отургучка барып отурдум. Артымдан үнсүз келип Бактияр да отурду. Үстүндөгү күрмөсүн чечип ийиниме жапты. Таң атканча үн-сөз жок телмирип отура бердик.
Жерге жарык түшкөндө бөлмөгө кирип кийимимди котордум да, жумушка жөнөдүм. Уктап жаткан Тилла башын көтөрүп мени карап койду.
– Мен азыр эле кайра келемин, сен эч жакка чыкпа,- дедим. Тилла эмне үчүн экенин сурабады. Жумушума барып тынч отура албай кыйнала бердим. Жетекчимден суранып, кайра үйгө келдим. Тилла диванда ойлонуп жаткан экен, мени көңүлсүз тиктеп койду. Отурдум да, аны жаныма чакырдым.
– Айта бер,- деди ал жаткан жеринен козголбой.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Prince
2010-02-27 04:54:01
Озоктон чыккан от жаман, оздон чыккан жат жаман.
0
Simpotka
2010-03-01 11:13:21
Tuura aitasin, dushmandi alistan izdoonun kajeti jok
0
aiklaus
2010-03-02 03:07:58
biroono sabatyp kojup emne osun basyntat.
0
aiklaus
2010-03-02 03:08:58
tashap kettim kuto berip shok degende bir as koburook shasbaisynarby.
0
honestbek
2010-03-04 16:48:16
Bul serialda aiklaus en kyzyk jerine jetkende reklama degendei
0
azalove
2010-03-11 15:38:28
"Бироого ор казсан да кенен каз, озун тушуп калышын мумкун" Курбу кызына иттей жиним келди.
0
aika li
2010-12-28 11:10:28
ушундай шумшук курбудан кудай озу сактасын
0
№ 382, 26-февраль - 4-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан