ЖАН БИРГЕҢИЗДИ КАНТИП КУТТУКТАДЫҢЫЗ?

Бир собол

23-февраль биздин жигиттердин, ак сакалы жайкалган аталардын, башкача айтканда, бардык мырзалардын майрамы. Аты көпчүлүккө таанымал айымдардын айрымдарына «бул күнү жан биргеңизди кантип куттуктадыңыз?» деп собол таштадык.

Динара Акулова:
– Кандай десем?.. 23-февраль мен үчүн иш күнү болду. Көп адамдарды куттуктадым. Жан биргем жок болсо да, жыйырма беш жылдык чыгармачылык жолумда мени менен бармактайынан иштешип жүргөн уулдарым бар. Аларды куттуктадым, неберелериме белек алып бардым. Чынында, кеп белекте деле эмес. Жакшы сөз айтып, көңүлүн алууга эмне жетсин?

Роза Аманова:
– 23-февраль биздин үй-бүлө үчүн чоң майрамдардын бири. Жыл сайын балдарым менен баарыбыз чогулуп, ак дасторкон үстүндө атабызга каалоо-тилек айтабыз. Жан биргемди ошентип, өз колум менен жасаган даамдуу тамак-аштарымды жайнатып куттуктадым. Анан, албетте, көңүлүмдөн чыккан белегимди бердим.

Алина Жетигенова:
– Эржандын туулган күнү 20-февраль. Биздин майрам ошондо эле башталган. 23-февралда эртең менен майрамың менен деп бетинен өөп ойготтум. Анан сакал алганга чейин, алгандан кийин колдонулчу кремдерди, костюм-шым белек кылдым. Ал эми кечинде Мирлан Жетигеновдун туулган күнүнө бардык.

Бактыгүл Бадыева:
– Менин жан биргем 23-февралда Кыргызстанда болгон жок. Майрамдарда, туулган күнүндө белек берейин десем эле “мага эч нерсе бербей эле кой. Жанымда сенин болгонуң, мен үчүн чоң белек. Тагдырымдын берген таттуу белеги, жашоомдун ырыскысы сенсиң дей берет. Ошондуктан мен эч нерсе алган жокмун. Жигитиме менин өзүм эле чоң белек.

Неля:
«Эмне тамак жейсиң деп Урматтан 23-февралга чейин сурап, куурулган лагман жасаарымды билгем. Андан сырткары салат, десертке таттуу токоч жасап, дасторкон жайып куттуктадым.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg
Сүрөттөр
«Супер-Инфонун» архивинен алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Margosha
2010-03-01 21:29:24
Какая разница как они там их поздравляли, очевидно все подарили себя.
0
Debi
2010-03-14 22:44:55
Берейин десем... чын эле берейин дедин беле?
0
Debi
2010-03-14 22:45:43
Бактыгулдон сурадым
0
№ 382, 26-февраль - 4-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан