Бул ырчы дайым коомчулуктун талкуусунда. Концерт койсо да, интервью берсе да. Аны сөгүшөт, тилдешет. Өзүнөн улуу кишиге турмушка чыкканын айтуудан тажашпайт. Ырчы болсо сынга сынбастан, сулуулук салонун ачып, топ түзүп, модель, төкмө акын болуп, жаңы өнөрлөрүн көрсөтүү менен алек. Жаш туруп үч баланын энеси, сахнадан ордун тапкан ырчы болууга жетишкен Самара Каримова биздин соболдорго жооп берди.– Самара айым, футбол көрүп жатасызбы? Кайсы команданын күйөрманысыз?
– Футболдун ашынган деле фанаты эмесмин. Криштиану Роналду үчүн Португалияга күйөрмандык кылып жатам. Кичинемде футбол ойногонду жакшы көрчүмүн. Бир жолу мектептен өзүмдөн улуу кызды топ талашып сабап салгам. Ал кыз ыйлаган боюнча апасын ээрчитип келиптир. Кайсы кыз көрсөтчү десе, «бетинде калы бар» деп мени көрсөттү. Апасынан аябай уруш уккандыктан кыздар менен мушташканды токтотком.
– Өзүңүздү ар тараптан сынап келесиз. Ага кошумча бала багып, үй-бүлөгө да көңүл бөлүш керек. Мынча энергияны кайдан аласыз?
– Мен эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин жасап тиричиликке бышкан кыргыз кыз-келиндеринин катарындамын. Мүмкүнчүлүк, убакыт барында колумдан келишинче аракет кылам. Өзүмдү баарына жетишип жаткан темир аял көрсөткүм келбейт. Мисалы, балдарымды апам карайт. Ал неберелери үчүн дарыгерлик кесибин таштады. Сулуулук салонду болсо кайын сиңдим иштетип жатат. «Самара» тобунун бийчилери элдин жакшылыктарында кызмат кылууда. Ырчыларым электр жарыгы өчсө кошо өччү кыздардан эмес. Комуз чертип 4-5 саат ырдай алышат.
– Чыгармачылыктан сырткары эмнеге шыктуусуз?
– Айылда чоңойгондуктан атты мыкты чабам. Лейлек килемин токуганды таенемден үйрөнгөм. Бардык түрүн токуу колдон келет. Кайненем да килем токуйт. Колум бошогондо кол кабыш кылып турам.
– «Эки талдын башын кармаган сууга агыптыр» деген кеп бар. Бирде бул өнөргө, бирде тигисине чабылып жатып элди тажатып албайсызбы? Айрымдар «башкасын кылса да төкмөлүк өнөрдү тим эле койбоптур, жаттап алганы билинип жатат» деп айтышууда?
– Сөздүн гүлүн терип ырдаган, укмуш төкмөмүн дебейм. Жамактап ырдап калам. Бул өнөр мага таенемден өткөн. Бала кезде анын колунда жүрүп, акыл-кебин угуп чоңойдум. Ал киши жамактап сүйлөгөн, кара сөздү калпып айткан аял болчу. Менде бул өнөрдүн угуту бар экенин Элмирбек Иманалиев байкап, шакиртим деп таптап жатканы үчүн ыраазымын. Кудай буюрса, төрт тарабы төп келген төкмө агаларыбыздын артынан биз дагы чыгып каларбыз.
– Тойлорго эл сизди көп чакырарын билебиз. Тойдон тапканыңыз үй-бүлөлүк бюджеттин канча бөлүгүн түзөт?
– Эмитеден эле күзүндө болчу тойлорго чакыруу түшүп, календарга жазып баштадым. Бирөөнү туурагым келбейт. Тойдон, концерттен акча табуу негизги максатым эмес. Коноктордун, той ээлеринин көңүлүн көтөрсөм, ошол мага жагымдуу. Тапкан каражатым Кудайга шүгүр, бюджетибиздин мынча пайызын түзөт деп так айта албайм. Элден алганыбызды элге беребиз. Жаңы форма тиктирип, жаңы ыр, клип тарттырабыз.
– Атактуу болушуңузга пиардын канчалык салымы бар? Же 100 пайыз талант деп ойлойсузбу?
– Кыргыздын ар бир экинчи жараны таланттуу. Талантым бар деп отура берген болбойт. Өнөрдү өстүрүү үчүн эмгектенүү абзел. Иштин көзүн билген менеджер болушуң зарыл. Бул жагынан мага жолдошум жардам берет. Ырчы үчүн пиар керек деп ойлойм. Өзүмдү мисалга алсам, социалдык тармактарда такай отуруп, күйөрмандарымдан келген түрдүү суроолорго жооп берем. Кеңеш сурап, сыр бөлүшкөн күйөрмандарым бар. Аларга 2 саат убакыт бөлгөнгө аракет кылып, кызыккан суроолоруна жооп берем.
– Мекенибизде 20 күнгө жакын концерт берип жүрөсүз. Чет жакка да талантыңызды таанытып, эл аралык сынактарга катышсам деген ой барбы?
– Ырчылык менин кесибим. Муну тандап алгандан кийин өтөөсүнө чыгууга аракет кылам. Балдарым чоңойсо сөзсүз эл аралык сынактарга катышам. Удаасынан үч бала төрөп, сынактарга катышканга убакыт болбой жатат.
– Сынга алынып, талкуу чордонунда көп болосуз. Бул эмнеден деп ойлойсуз?
– Сындап, талкуулап жатса иштеп жатканымдын белгиси. Жакшы пикир, туура сын болсо кабыл алам. Мени талкууга алып сындагандардын бардыгына жакшылык каалайм. Дагы да сындай беришине тилектешмин. Мен өзүм кандай болсом ошондой жакшы көрөм. Табиятымдан бирөөгө көрө албастык кылбайм.
– «Улуу көрүнөсүң» деген пикирлерге терикпейсизби?
– Андай пикирди бетиме эч ким айта элек. Уксам деле терикпейм. Улуттук көйнөк кийип жүргөндүктөн айрымдарга ошондой көрүнүшүм мүмкүн. Жанымдан көргөндөр «арык, кичине эле кыз турбайсыңбы» дешет. Азыр 25 жаштамын. Бир үй-бүлөнүн бактылуу кожойкеси, жолдошумдун сүйүктүү жары, үч баланын бактылуу энесимин. Кайын журтумда сый-урматка ээ болгон келинмин. Менден улуу алты эжем болсо да апам мени менен кеңешет, акылдашат. Негизи чөйрөңө карап калыптанасың да.
– Өзүңүз тууралуу чындыкка коошпогон кандай сөздөрдү көп угасыз?
– "Чачың өзүңдүкүбү?", "үч баланы өзүң төрөдүңбү?" деген суроолорду көп угам. Жакында эле эжем "базардагы аялдардан «Самара үч баласын тең багып алган» деп айтып жатканын уктум" дегенде аябай жаман болдум. Атактуу болгон соң түрдүү сөздөр айтылат экен. Чындык мен тарапта болгондон кийин андай сөздөргө маани деле бербейм.
Султан Төрөбеков
star@super.kg