Президент Алмазбек Атамбаев "Судьбе назло", "Я не могу без тебя жить" аттуу обондуу ырларын ырдап чыгып, көпчүлүк билбеген талантын ачыкка чыгарды. Анын "Судьбе назло" чыгармасын кыргыз ырчылары кавер версияда жаңырта башташты. Биринчи бул чыгарманы Кайрат Примбердиев созолонтсо, көп өтпөй Салтанат Аширова, Айя Садырова, Жийдеш Идирисова, Омар жана "Non-Stop" дуэти да ырдап чыгышты.
"Бизге бир журналист бул ырды ырдап берүүбүздү суранган. Кесиптештеримдин ырдаганын чогултуп, монтаждап, интернет айдыңына таратышыптыр",- дейт Жийдеш Идирисова.
Ырчылардын аткаруусунан кийин көпчүлүк интернет колдонуучулары "президент жакшы ырдаган, силердики ага жетпептир" деген пикирлерди калтырышты. Белгилей кетсек, өлкө башчысынын чыгармалары коомчулукка тарагандан кийин орусиялык ырчы Валериянын жолдошу, продюсер Иосиф Пригожин жергиликтүү телеканалдардын бирине Алмазбек Атамбаевге продюсер болууга даяр экенин билдирген. "Эгер ага продюсер керек болсо, мен даярмын. Жон Керри да гитарада, Билл Клинтон саксофондо ойнойт. Саясатчылар деле таланттуу болушат",- деген пикирин билдирген Пригожин.