Гүлжигит Калыков менен Канат Култаев кайрадан иштешет. Бул тууралуу атактуу ырчыларды таптап элге тааныткан продюсер Канат Култаев билдирди.
"Биз мурда 3 жылга келишим түзгөн элек. Ал арада Гүлжигит көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Жакшы чыгармаларды жаратты. Келишим аяктагандан кийин мен ага "өз алдынча иште" деп кеңеш бергем. Биз иштешүүнү расмий токтотконубуз менен, чыгармачылыкта агалык насааттарымды айтып, жол көргөзүп келдим. Ага-ини катары иштешкенде жоопкерчилик аз болуп калат экен. Ошондуктан кайрадан 3 жылга келишим түзүүнү чечтик", - дейт Канат Култаев.