АЗАМАТ СЫДЫКОВ 3 ИРЕТ КӨМҮЛГӨН АЯЛГА АРНАП КОНЦЕРТ БЕРДИ

Учурда АКШда жашап, чыгармачылыгын улантып жүргөн белгилүү пианист Азамат Сыдыков 23-октябрь күнү Түндүк Каролина штатында Кыргызстанда башка динге өтүп кеткен делинип сөөгү эки жолу казылган Каныгүл Сатыбалдиеванын элесине арнап жеке концертин берди. Ал социалдык тармактагы баракчасына: "Көп жердештерим динге жамынып алып адамгерчилик, мээримдүүлүк, гуманизм жана эркиндик деген түшүнүктөрдү унутуп койгону таң калтырды. Кыргыз кыргыздын бир кызын, апасын чөөдөй болуп мүрзөдө жаткан жеринен казып чыгып, өлүгүнөн өч алганы – алардын алсыздыгын, жапайылыгын көрсөттү. Кыргызстандын элин жана Конституциясын коргойм деп ант берген бийлик ал адамдардын ишин сотто карашы керек. Каныгүл апабыздын элесине арнап концерт бергенимди айрымдар жактырбай "баптист", "саткын", "каапыр", "Американын тыңчысы" деп сындашты. Бул сөздөр мени капа кылган жок. Айланайын кыргызым, жашоомдун жарымы чет өлкөдө өтсө да кыргыз тилин унутпай, өлкөмдүн желегин көтөрүп, дүйнөгө Кыргызстанды чыгармачылыгым менен таанытып келем. Мага кимдин кимге сыйынары же ишенери, кайсы саясатты колдоору кызык эмес. Мага баарыңар теңсиңер!"- деп жазып түшүндүргөн.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (72)
mi-li-na
2016-10-31 23:17:50
баптисттерди орустар-православтар да койдурбаптыр го анан неге мусулмандарга шек келиш керек. бул ошол баптисттердин нан-тузун жеп-ичсе аны актоо иретинде концерт коюп корунгусу келген эргул го...
+2
muke.kg
2016-11-02 20:03:22
mi-li-na,Ал кыргыздын баласы алыста журсо да кыргыздарды унутпайт. Силерди жаман жагынарды корсотпогуло дейт дин-дини менен. Кыргыздар болунбогуло Библия Тоорат Забур Инжил Куран булар кудайдын ыйык китептери ушуларды окусанар урушпайт эленер.
-1
Jadyrashka
2016-11-01 01:32:26
Жакамды кармадым, тообо тообо кези келсе көргө да батпай каласын деген ушул бейм, Аллахым күнөөдөн сактап, ыйманыбызы бекем кылсын.
+3
muke.kg
2016-11-02 20:30:59
Jadyrashka,Алахты Ыйык китептерди окубай тушунбой журсон сабаты жок Имамдарды уксан жаканды кармап журо бересин
-1
chakieva87
2016-11-01 03:13:01
Адам баласы адам боюнча калса Аллахка жагат деп ойлойм. Айбандын ишин кылбай......
+2
Revolyutsiya
2016-11-01 03:51:44
Мени элдин тушунугу томондоп сабаттуу боло туруп карангы болуп жатканы окундурот. Кай бироолор акча учун динин сатып баптист болуп жатса, башкалары соок кордоп куноого батып Кудайдын ордуна бул дуйнодо сурак жургузуп жатат маркумдарга. Учунчулор ошолорду колдоп жатат... Заманан курусун, билип-билбей коммент жазган чала молдо дин бузарлар диний сабатын остуруп, дунуйо таанымын кенейтип анан башкаларга акыл уйротушсо болмок...
-1
muke.kg
2016-11-02 20:37:56
Revolyutsiya,Мага айтып койчу Баптист болуш учун акча тологон жер болсо мен акча алганы баратэлем.Бирок жазгандарын ушак да. Мусулман дининде ушак суйлобойт.Соокту кордогондор булар мусулман динине жамынган шайтан-жиндер рахат алып жатышат.
-3
i-bilim
2016-11-01 09:21:38
Дин деп жүрүп адамдык сапаттарыбызды унуттук! Бардык нерсенин ЧЕГИ менен болгон жакшы, ашынып исламчыл, ашынып христианчы ж.б. кыла көрбө кыргызымды. Анда бабалар сактап келген баалуулуктарыбызды, адамдык аруу сапаттарыбызды унутуп, азыркы Сириянын жолуна түшөбүз (анын бетин ары кыла көр, э Кудаай!).
0
muke.kg
2016-11-02 20:39:17
i-bilim,Сизге кошулам.
-2
Alin16
2016-11-01 10:01:58
АЗАМАТСЫН!!!!! Тупптуура айтыптыр баарын, толугу менен кошулам!
0
tilekjusupbekov
2016-11-01 15:26:00
ушу эки суроо жаттап алып динчил болгон чала молдо дин бузарлар тажатты!жазааны суракты биз кылбайбыз аны бир кудай озу билет эмне кылышты! курандын кайсы бетинде жазылган маркумдун соогун казып салгыла сурак кылгыла кордогула деген?биз адамбыз кудай эмесбиз!бироону сындап бироого акыл уйротбой андан коро уйбулонорду тындап баккыла ата эненерди сыйлагыла!бул жерде билип билбей комент жазып олтурбай!
0
Solnyshkin
2016-11-01 16:37:22
Aitkan sozuno 100% koshulam.ХХХ ХХХ ХХХ Chet olkodo bizdi musulman dep hristiandar kazyp chygyp koidurbai koiso emne kylmaksynar? Art jagyn oilonbogon ХХХ ХХХ Baptist bolso kuday aldynda ozu joop bermek. Kanday akysy bar 2 jolu kazyp chykkanday?! Soz jok. ХХХ dep bilem anday adamdardy.
0
admin_superstan
2016-11-01 17:26:40
Solnyshkin, этика нормаларын сактап, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. Эскертүү!
0
Саби
2016-11-01 17:08:47
Кандай динде болсо да ал адам. эмне Советтер Союзунда баарынар дин тутуп журдунор беле?Ал адамдар кудай эмес Баарын чыгарган адам баласы баптис болсо эмне адам олтуруптурбу, же бир нерсененди уурдадыбы.Капкайдагы закондорду чыгарышат.
-1
Meerman
2016-11-01 18:55:56
azamat jana babtisti koldogondor kiyin katuu okunosunor
+1
take04
2016-11-02 01:38:32
Шариятка каршы болбойлу
+1
muke.kg
2016-11-02 20:43:07
take04,Шарият эмес Кыргыз респуликасынын мыйзамдарына каршы болбойлу.
0
tanyabeko
2016-11-02 22:52:22
muke.kg, эртерээк тообо кылыныз пайгамбарыбыздын айтканы туура эмес депсиз ушул созунузго далил таап анан суйлонуз. Кураан жерге тушкон акыркы китеп, пайгамбарлардын акыркысы Мухамед саллалоху алейхи вассалам. Араптарды туурап эмне зыян кордук.Кыргыздар убагында элечегин кийип узун койнок кийип жургон. Элдин баарына эрикпестен жооп берипсиз случайно Азаматтын тууган туушканы эмессизби?Ким эмне кылбасын Аллах тараза акыретте жооп берет баары. Сиз баары учун чечим чыгарбай эле коюнуз. Ак койду даг
+3
tanyabeko
2016-11-02 22:57:17
Ак койду дагы кок койду дагы оз бутунан асат.
-1
admin_superstan
2016-11-03 11:15:27
muke.kg, порталдын эрежелерине туура келбеген билдүүлөр түзөтүлөт. Этика нормаларын сактоону сунушап, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар экенин дагы бир жолу эскертебиз.
+3
suban78
2016-11-05 10:09:59
Азаматсын, бар экен кыргызда деле реальный коз караш менен жашаган адамдар. Азамат сага ийгилик. Ал эми динди жамынып алып элди дурботкондорго, борк ал десе баш алгагдарга Кудай бар. Ошол маркумду казып чыгарган адамдарды, буйрук бергендерди Алла Таалам озу сурап алат.
0
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан