Азур деген ысым менен тааныла баштаган ырчы кыздын клибин, сүрөтүн көргөндөр аны куурчакка окшоштурушат. "Эл менин бетимди шпаклёвка, толугу менен пластика дешет",- дейт ал. Айтылган кептер канчалык деңгээлде чындык? Маекти окуп билиңиз.
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 23-июль
Туулган жери – Кочкор району, Кара-Суу айылы
Билими – Кыргыз экономикалык университетинин менеджмент жана туризм факультетин бүтүргөн
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу
Учурда – Бойдок
Репертуарындагы ырлар – "Элесиң", "Ак кептер", "Ашык болсоң", "Сага барам", "Эч бир...", "Иссык-Куль"
– Азур, ысымың өзүңдүкүбү же сахнадагы каймана атыңбы?
– Азур – каймана атым, ушул ат менен элге таанылгым келет. Ошондуктан баарына "азан чакырып койгон атым башка" деп отурбай, паспортумдагы атымды Азур кылып өзгөртүп алгам. Мени көбү Нюшага окшоштура беришкендиктен продюсерим "Анюша болуп чык" деген. Бирөөнү туураганды жактырбаган жаным "өзүм эле бир нерсе ойлоп табайынчы" деп өзгөчө ысымдарды издеп отуруп Азур деген ысымга токтолдум. Ал француз тилинен "көк" деп которулат экен. "Көк" деп которулса, демек, образымда бул түстөгү бир нерсе болуш керек деп көк линза тагынмай болдум. Ойлоп тапкан атым, образым продюсериме жагып, Азур болуп калдым.– Буга чейин сулуулар сынактарын уюштурууга жардам берип жүргөнүңдү билебиз. Ырчылыкка ооп кеткениңдин себеби барбы?
– Сулуулар сынагын уюштуруп келген эжекем менен 14 жашымдан бери иштешчүмүн. Анын айткан тапшырмаларын так аткарып, көпчүлүк уюштуруу иштерин мен жасачу элем. Өзүм бирөөгө зыяным жок жоош кызмын, какса да унчукпай жүрө берем. Кийин ал элдин көзүнчө басмырлап, "сен эч ким эмессиң" деген сөздөрдү айтып намысыма тийди. Экөөбүз урушуп кеткенде "кете бер, сени кармабайм" деп үйүнөн чыгарып койду. Жанымда акчам да жок болчу. Бир тааныш кыз менен байланышып, аныкында жашап калдым.
Учурдагы менин продюсерим сулуулар сынактарын өткөрүп жүргөндүктөн жакындан таанышып калганбыз. Ал чогуу иштешүүнү сунуштап, 3 жылга келишим түздүк.
– Сени концерттерден көп көрбөйбүз...
– Чоң концерттерге чакыруу түшө элек. Элге жакшы тааныла элек ырчы болуп алып атактуулар менен мамиле түзгөндөн качам. "Алардын арты менен таанылып алды" деген сөзгө калгым келбейт. Көбү "мегажылдыздар менен дуэт жаздырып таанылууга акчаңар жокпу?" деп сурашат. Бирок мен атактуулукка дароо эмес, акырындап жетким келет.
– Башкалардан айырмаланып туруу үчүн өзгөчө болуш керек эмеспи...
– Мени кийинүү стилим өзгөчө көрсөтөт деп ойлойм. Көп боёнбой жүргөнгө аракет кылам, бирок "мунун бети шпаклёвка, толугу менен пластика" деген комментарийлерди жазышат (күлүп). Мага көңүл бөлүп жатышса, демек, кызыктырып жатам деп ойлойм. Таптакыр көңүл бурбай коюшса сыртта калмакмын.
– Пластикалык операция жасатып көрдүң беле?
– Көзүмө сурма жасатканымды жашырбайм. Өзүмдүн деле сурмам бар болчу, бирок жүзүмдү европалыктарга окшоштуруш үчүн чоңураак сурма жасатууга туура келди. Бул деле мени аябай өзгөрткөн жок. Анткени образымды линза гана ачат.
– Өзүңө кантип кам көрөсүң?
– Мурда аябай толук болчумун. Эл сырткы келбетиңе карап мамиле кылгандыктан диета кармап, азыркы калыбыма келдим. Таттуу, камыр тамактардан баш тартып, жашылча-жемиштерди көп жейм.
– Башка улуттун кызындай көрүнөт экенсиң...
– Атамда кыргыз, өзбектин, апамда болсо татар, калмактын каны бар. Алар айылда дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенишет. Метис болгонум менен, өзүмдү кыргызмын деп эсептейм.
– Айылдан шаарга канча жашыңда келдиң эле?
– 14 жашымда Бишкекке окуганы келгем. 8 ай туугандарымдын үйүндө жашадым. Алар кабак-кашын бүркөп баштаганда өзүнчө батирге чыгып, өз алдынча жашоого үйрөндүм. Тырышып аябай жакшы окудум. Бирок орус тилин жакшы билбегендиктен кыйналчумун. Сабакта орусча акцент менен жооп берсем, группалаштарым туура эмес айтып алган сөздөрүмдү кайталашып шылдыңдап, каткырышчу. Айтылган сөздөр жүрөгүңө тийсе өзүңдү өстүрүүгө аракет кылат экенсиң. Азыр орусча так сүйлөйм.
– Маегиңе рахмат!
Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
(Айрым сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg