Динара Акулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "БАКТЫЛУУ ӨМҮР СҮРҮҮ ЖОК, БАКТЫЛУУ КӨЗ ИРМЕМДЕР ГАНА БАР"

"Менин күйөрмандарымдын көпчүлүгү аялзаты экендигин жакшы билем. Андыктан жалпы эле кыргыздын кыз-келиндерине айтар элем, эң башкысы сабырдуу, токтоо, чыдамкай болгула. Жашоонун сыноолоруна сынып тамеки чегип, сыра ичип, түнкү клубдарга баруу маселеден чыгуунун жолу эмес",- деген мааниси терең кеп-кеңеши, чыгармачылыгындагы, жеке жашоосундагы жаңылыктары менен Динара Акулова бөлүштү.

– Саламатсызбы, Динара эже? Сизди маекке чакыруу үчүн байланышканыбызда бала карап убактыңыз тар болуп жатканын айттыңыз.
– Ооба, ар бир курактын өзүнүн ырахат тартуулаган учурлары болот эмеспи. Менин да таене болуп, небере жытын искеп турган убагым. Улуу неберелеримдин да ар биринин кыркын өзүм чыгарып, торолгончо кызыма кол кабыш кылгам. Азыр Маликамдын кызы Айгүндү карап жатам. Малика өзү жеке концертин берүү алдындагы иштери менен алектенип, үйдө отуруп бала кароого убактысы жок. Анын үстүнө өзү да бала. Чарчап келип наристесин жыттап эс алганы болбосо, баланы кароо ырахаты жана түйшүгү толугу менен менин моюнумда. Буюрса, кызыбыз 1 жашка толуп, там-туң басып калган учуру.

– Неберелериңизди карап туруп убакыттын өткөнү тууралуу ой жүгүртөсүзбү?
– Албетте, ойдо чек жок. Адам баласы тарыхын да, учурун да, келечегин да ойлонуп жүрөт эмеспи. Өзгөчө аялзаты.

– Андай ойлордун курчоосунда жашооңуздагы кайсы учурду артка кайтарып алгыңыз келет да, кайсы бир кетирген катаңызды оңдогуңуз келет?
– Жашоодо бактылуу өмүр сүрүү деген жок, бактылуу көз ирмемдер гана бар. Болбосо турмуш чындыгында татаал нерсе. 18 жашка эмне жетсин, ошол курагымды сагынам. Балалыгым өткөн айылымды сагынам, бирок азыр ал жакта мени күткөн эч ким жок. Энемдин үйү да сатылып кеткен. Ошол үйдүн чатырына чыгып алып "Асыл энем, таалайым менин энем" деп ырдаганымда "ай, Түмөнбай, түш, эл укса эмне дейт?" деген энемдин үнүн эстегенде жүрөгүм жылыйт. Ошол курагымды сагынам. Анан да кош бойлуу кезин ар бир аялзаты сагынса керек. Ал эми өткөн нерсеге өкүнүп калган учурлар көп эле болот. Бул өкүнүү дебейм, бирок артка кайтууга мүмкүн болсо ырчылык кесипти тандабайт белем деп калам. Анткени бул чөйрө абдан тар. Кандай кыймыл-аракет жасасаң да элдин көз алдындасың. Элге таанылып алган соң артка жол жок, бул чоң жоопкерчилик жана жүк. Анан да бул кесип жеке жашоого көпчүлүк учурда терс таасирин тийгизет. Мугалимдик, кол өнөрчүлүк кесиптери жүрөгүмө жакын.

– Бирок болбой эле кызыңыз Малика да сиздин изиңиз менен атактуулукту көздөй кадам таштады...
– Малика кичине кезинде "ушул кызым, менин жолумду жолдоп ырчы болот" деп ойлочумун. Азыр тескерисинче "бул чөйрөнүн түйшүгүн мен жакшы эле тарттым, жетишет, кызымдын түйшүгү аз болсун, башка эле кесип тандап алса" деп ойлоп калдым. Анын аял катары бактылуу болушун гана каалайм. Балдарынын мээримдүү энеси, жолдошунун сүйүктүү жары болуп эле жан дүйнөсү тынч болсун дейм.

– Убактыңыздын тардыгына карабай жеке концерт бергенге жетиштиңиз.
– Убактымдын тардыгынан көп нерсеге жетишпей калып жатам, ошентсе да аракеттенүүнүн үстүндөмүн. Былтыр жеке концертим берилбей калды эле, эки жылдык эмгектеримди чогултуп быйыл өткөрүп алдым. Анын үстүнө бала багуу да бир адамдын колун кармайт эмеспи, неберемдин тиши чыгып, буту басып түйшүктөнүп турган маалында күнү-түнү тыным жок. Айгүн да менин күн тартибиме "настройкаланып" калды (күлүп). Түнкүсүн мен жумуштан келгенден кийин анын курсагын тойгузам, жуунтам, кийимин даярдайм дегендей, ошентип биз жатканча саат 2 болуп кетет. Бирок кеч жатканын компенсациялап эртең менен кеч турат.
Бүгүн бир жакшы таанышыма жолугуп калсам "аябай чарчаңкы көрүнөсүң" дейт. Канча чарчабайын бала бакыт гана тартуулайт. Учурдан пайдаланып кичинекей наристе кучактап отурган энелерге күч -кубат каалайм. Буту баса элек, тили чыга элек периштелерин аман-эсен чоңойтуп алышсын демекчимин. Ден соолук мүмкүнчүлүк берсе көп балалуу болгон жакшы. Азыр, мисалы, менин кыздарым турмушка чыгып, үй-бүлө куруп кетишти. Кээде "балдарым көп болгондо" деген ой келет.

– Бош убактыңызда, эгер болсо, кандай эс алууну жактырасыз?
– Чынын айтсам, азыркы күндө бош убакыт жок. Азыр тойлордун, жакшылыктардын сезону, иштеп жатам. Шашып эле жүргөндөн тажап кеттим. Эртең менен деле, түштө деле, кечинде деле шашып жүргөн болом. Бир жерге барыш керек болуп калат. Анан үйдө кир жууп койгон болсом аны жайып чыкмайын жаным тынчыбайт, конок келип калса, аларды таштап кете албайм. Ошентип жатып эле бара турган жагыңа кечигип каласың. Эми болсо жаңы жылдык тартуу иштери башталды. Негизи, өмүр бою эле уйкуга зар болуп келе жатам. Тынчтыкты аябай сүйөм, тымтырс бөлмөгө кирип алып уйкум канганча уктасам жакшы эс алам. Ошентсе да элимдин дем-күчү менен талыкпай эмгектенип келем.

– Маегиңизге рахмат, талыкпай ийгиликтерди жарата бериңиз!

"Убакыт учкан куш, кичинекейим Малика да азыр эне".


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Динара Акулова: "Чоңдор" кээде ырдабай турган жерде ырдатышат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Apsi
2016-11-28 10:28:15
чойулат го тимеле чойулат
-19
vangolu
2016-11-28 11:11:21
маектин башында тамеки чегип ичкилик ичпегиле деп башкасы айтса да динара айтпасынчы
-18
Deniza88
2016-11-28 14:04:41
vangolu, неге? Озун коргонсунор го?
-3
vangolu
2016-11-28 16:00:48
Deniza88,бир нерсе айтып берсем банга кетип каламбы.унчукпай турайынчы
-6
Nazikbaigazy
2016-11-28 11:34:30
Инстаграмда тим эле Малика ажырашты кылып жибериштиго маектин башында Айгунду карап жатам десе чочулап кеттим ылайым тынч эле жашагылачы ырды жыйыштырып коюп
+3
Deniza88
2016-11-28 14:04:16
"Бактылуу жашоо жок, бактылуу коз ирмемдер бар" деген созду мен да айтып калам! Таене болуп кыздарына каралашып жатканын сыйлап кеттим,
0
Ramina-malina
2016-11-28 15:33:54
Аябай маанилуу маек болуптур!Ийгилик сизге эжеке!
+1
dilnaz100284
2016-11-28 16:17:39
Урматтуу админ,сураныч Кайрат Нуртастын жаны чыккан Журегимди устап турып деген ырын киргизип коюнуздарчы.
-4
nurzada78
2016-11-28 17:27:16
Талыкпай эмгектене бериниз!Эмгек кылып,эл менен аралашып жургонго не жетсин!Ден-соолук болсун эн негизгиси!
+1
Elika
2016-11-28 19:46:22
"Чондор" ким болду экен.
0
yakutiya-Mirnyi
2016-11-28 22:50:42
в глазах негедир боль,тоска,ыйлагысы келип тургандай корунду.канча жылмайып турсадагы,аябай кучтуу аял экен,сыйга,урматка татыктуу экенсиз!ден соолугунуз бекем болсун,бактылуу коз ирмемдер коп болсун жашоонузда
+4
Sagidko88
2016-11-29 12:10:12
баламды алып отуруп окуп жаткам эженин каалоосу абдан жагымдуу болду. рахмат эже, сиз да неберелериниздин жытын жыттап журо берин. чыгармачылык ийгилик.
+1
Izdeim_seni.
2016-12-02 09:06:43
туура айтыптыр. ападан кийин торкун жок,деп коюшат ко кыргызда.ошол учун айтып атат да,айылда мени куткон эч ким деле жок деп. жакшы маек болцптур. а бу жактагыларга ушактатып эле койсо. кызынар да,эркегинер да бирдей ушакчы болуп кеттинер
+2
Mile
2016-12-03 01:24:04
Туура айтасыз мурда ырчыларды көрүү кыйын эле. Концертке барсак мактанчу элек. Азыр тойдо топурап эле ырчылар жүрөт. Сиз айтмакчы эл менен чогуу тамактанышат, сүрөткө түшүшөт. Автограф ошол.
+1
Deniza-kyzy
2016-12-05 09:57:50
Эжебиз кооз суйлогонго аракет кылат, бирок ото маанисиз. Кудай ораторство дегенди айтпаган. Бирок талантын сыйлайм, жарк эткен жылдыз.
-2
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан