Концерттин датасы – 1-декабрь
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:30 (1 саат кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 105 пайызы (туруп көргөндөр да болду)
Алып баруучулар – Нурзат Токтосунова, Чыңгыз Мырзаев
Билет баасы – 400-600 сом
Мыкты номер – Сайкалдын Назбек Кенчинбаев менен биргеликте черткен күүсү, "Алымканды" жандуу үн менен созолонткону
Сайкал Садыбакасова сахна босогосун аттаганына быйыл 15 жыл болгонун белгилеп, алгачкы тушоо кесүү концертин берди. Концерттерден калбаган жаным кеч киргенде мен да Спорт Ордосун көздөй бет алдым. Залга кирсем эл көп, арасында жаш-кары, жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап там-туң баскан балага чейин бар экен. Ыйлап энесинин эсин оодарып жаткан наристеге карап биз, кыргыздар, концерт көрүү маданиятын үйрөнө элекпиз дедим. Даңкылдаган музыкадан жаш бала ырахат албай эле жүрөгү түшүп ыйлайт да. Кеченин жүрүшүнө келсек, сахна жасалгасында кынтык жок, Сайкал мыкты даярданыптыр. Сахнадагы чоң экрандардан ырчынын секелек кезиндеги сүрөттөрүн, видеолорун көрсөткөнү кызыктуу болду. Түрдүү аспаптарда ойногон музыканттар, ар бир ырды коштогон бийчилер концерттин көркүн ачышты. Кемчиликтер да көрүнүп жатты. Өтө көп бийчилер тар сахнага батпай, өздөрүнө ыңгайсыздык жаралып жатканы одоно байкалып турду. Микрофон жетпей, алпаруучулар Нурзат Токтосунова менен Чыңгыз Мырзаев биринен-бири микрофон күткөн учурлар, сахнага же алпаруучулар, же ырчылар чыкпай күттүргөн абалдар болуп жатты.
Сайкал "Асыл апам" деген ырын ырдап жатканда Гүлшайыр Садыбакасова гүл көтөрүп чыгып, кызына арнаган ырын окуп берип залдагыларды жашытты. Элди көрүп Сайкал кошо жашып, айтор, көпчүлүк сезимтал айымдардын көзүнө жаш тегеренип кеткенин байкадым. Кечеде Сайкалдын бир тууган иниси Эркин да ырга шыктуу экенин белгилеп англис тилинде ыр созду. Чыгарманын музыкасын эле уктум, сөздөрү угулган жок.
Өзгөчөлүк катары Сайкал аракет кылып Назбек Кенчинбаев менен комуз чертип залда отургандардын кол чабуусуна арзыды. Ал эми Токтогул атабыздын "Алымканын" жандуу созгондо көрүүчүлөр кыйкырып-ышкырып жатып калышты. 15 жылда ырчы бир топ эле хит ырларды аткарыптыр, алардын баарын концерттик программасына батыра албай кыйналганбы, попурри ырларды көп камдаптыр. Ырчыны куттуктап Жийдеш Идирисова, Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова, Чолпонай, Ильяз Абдыразаков, Нурлан Насип, Казакстандан ырчы Индира Елемес келип ыр сунуп, каалоо-тилектерин айтып кетишти. Кечигип башталган концертте антракт болбоду. Чыдабай кеттиби, артымда отурган жаш кыз курбусуна "бул жүрүштө концерт азыр бүтпөйт, жүр эшикке чыгып келели" деп жатканда Нурзат Токтосунова менен Чыңгыз Мырзаев чыгып "концерт бүттү" деп жар салышты. Концерттин кызыгына кирип алгандар тойбой калгандай болду. Анткени 19:30да башталган концерт саат 21:40та аяктап, көрүүчүлөр "бат эле бүтүп калды" деп сүйлөнүп баратканын кулагым эшитип калды. Биринчи концерт үчүн көзгө түшкөн кемчиликтерге карабай жакшы деген баа берүүгө болот. Сайкал кийинки концертине так программа түзүп, кимден кийин ким ырдаарын, алпаруучулар качан чыгып эмне деп сүйлөөрүн тактап, микрофонду керектүү санда даярдайт деп ойлойм.
Толик Сынчы