"Кыздын сыры", "Арген", "Ал мен эмес", "Жаз" аттуу ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Алина Жетигенова эки апанын кызы. Бири 9 ай боор алдына көтөрүп төрөсө, бири эркелетип чоңойткон. "Өз апамдын аты Бермет, 6 баланын энеси. Мен чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойгондуктан өз атамды байке, апамды жеңе деп калгам",- деген ырчынын апасы, чоң апасы тууралуу кызыктуу баянына чогуу көз жүгүртөлү.
"ЧОҢ АТАМ МЕНЕН ЧОҢ АПАМА ЭРКЕЛЕП ЧОҢОЙДУМ"
– Мен бир үй-бүлөнүн тун кызымын. Апам мени 17 жашында төрөп, чоң атам менен чоң апамдын колуна бериптир. Ошол себептен ата-энемди байке, жеңе деп калгам. Чоң ата-чоң апам мени бөпөлөп эркелетип, куурчактай кылып чоңойтушту. Атам 3-класска чейин моюнуна көтөрүп сабакка алып барып, алып келип жүрдү. Мектептен келгенден кийин балдар менен чүкө ойноп, кубалашып эле жүрчүмүн. Чоң апам тамашалап сүйлөп, шайыр жүргөн асыл адам болчу. Ал кишинин урушканын деле эстей албайм. Жумуш жасайын десем эле колумдан ишти жулуп алчу, жарыктыгым. Бир жолу алар конокко кеткенде уурданып уйду саап коёюн дедим. Биринчи жолу уй саап жаткандыктан колдорумдун эби келбей чаканы кучактап бир саат отуруп кичине сүт чыгардым. Уй сааганыма сүйүнүп чакамды короонун сыртына коюп койсом, сүттү эшек ичип салып аябай ыйлаганым эсимден кетпейт.
"ЧОҢ АПАМДЫН КӨМӨЧҮНДӨЙ ДААМДУУ КӨМӨЧ БОЛБОСО КЕРЕК"
– Чоң апамдын бышырган көмөчү башкача болчу, даамын сөз менен айта албайм. Ал нанды эстесем секелек кезим, апамдын күлүп турган элеси көз алдыма тартылат. Эмнегедир сүттүн каймагын жеп алсам эле мурдум канай берчү. Ал көмөчтүн камырын сүткө жууругандыктан бышырарда мага "сүттүн каймагын жебей алып кел, мурдуң канап кыйналасың" дечү. Аны укмак белем, каймакты жеп алып мурдум канап ыйлап эле жүрчүмүн.
"ЧОҢ АПАМА АРНАП ЫР ЫРДАСАМ ЫЙЛАП ЖИБЕРГЕН"
– Чоң атам мугалим болчу, айылда аны Абдылда Жетигенов деп элдин баары сыйлашар эле. Ал мени "кызым, чоңоюп калдың, ырдап бүттүң, эми иште" десе, апам "Алина иште дегениңди түшүнбөйт, ырдай берсин. Кызым, бети-башыңды көп боёбо. Оозуңду кызыл, кашыңды кара кылып койсоң жетиштүү" деп колдоп коёр эле. Бир жолу Таласка концерт коюп бардым. Апама арнап:
"Сарсанаага батпачы,
Кайгыга башың салбачы.
Ак сүтүңдү актачу
Балдарыңдын максаты",- деген ырды ырдап, бетинен өөп кучактасам ыйлап жиберди. Апамдын ыйлаганын көрүп Мирлан Жетигенов себебин сураса "жөн эле ыйладым, бутум ооруп кетпедиби" деп элдин баарын күлдүргөн.
Апамдын орусча сөздөрдү айтканы укмуш эле, губернаторду аккумулятор, ипподромду аэроплан деп күлдүрө берчү. Чоң атам экөө уруша кеткенде анын согуштагы күндөрүн эскерип "ай, көр немис, ай! Сени кантип көрбөй калды экен? Окопто эле бекинип жаткансың да. Атып эле салса болмок" деп ого бетер ачуусуна тийип калчу.
"ӨЗ АПАМ ЭКӨӨБҮЗ КУРБУДАЙБЫЗ"
– Башка үй-бүлөдө чоңойгондуктан өз апамды көрчү деле эмесмин, ошондуктан ал апам тууралуу көп деле билбейм. Бой жетип калганда "ушулар сенин чыныгы ата-энең" дешсе, "калп айтып жатасыңар" деп кабыл алгым келчү эмес. Азыркы учурда экөөбүз курбудайбыз. Ал менин атымды айтпай "мырза кыз" деп тергейт. Үйүнө барып калсам "кайын сиңдим келди, жакшылап чай бергиле, ушактап кетпесин" деп турат. Мен ага "ай, мен деген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артистимин, мени менен жакшынакай сүйлөшкүлө" деп тамашалайм. Апамды сыйлайм, урматтайм, аябай жакшы көрөм. Бирок кичинемден жанында өспөгөндүктөн анча деле мээрим төгө албайм. Экөөбүздүн кебетебиз окшош, мүнөздөрүбүз башка. Ал шашма, мен сабырдуумун. Көбүнчө тил табыша албайбыз. Бир темада 5 мүнөт эле сүйлөшсөк жетиштүү, анан уруша кетебиз (күлүп).
Султан Төрөбеков
star@super.kg