Жылдыздардын жашоосу, алар менен болгон маектер, тагдырлар, кылмыштар, саясат, саякат, элет үнү, ашкана сырлары, пайдалуу кеңештер... Гезитибиз жарык көргөндөн бери ар кандай рубрикалардын астында актуалдуу макалаларды үзгүлтүксүз чыгарып келет. Арасында аянычтуу тагдырга туш келгендерге да орун берилип, кээ бир оор кылмыштарга сот кандай өкүм чыгарганына да кайрылабыз. Бул сапар биз гезит бетине оор тагдыры жарыяланган каарманыбыздын учурдагы абалы менен тааныштырабыз.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Мурунку сандарыбыздын биринде "Дордой" базарында араба түртүп, коробка чогултуп иштеген Мирлан Канаев тууралуу "Көмүрканада күн кечирип, араба түрткөн адамдын бир күнү" аталыштагы макала даярдаганбыз. Эске салсак, ал макалада 45 жаштагы тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Мирлан Канаевдин бир күндүк жашоосун чагылдырылган. Базардагылар анын чыныгы атын билбей, Мурат деп таанышат. Ата-энеси каза болуп калган, айылда агасы гана турат. Сүйлөй албаган каарманыбыз жаңсап "мамлекеттен берилген жөлөк пул 2000 сомго жетпеген акча, аны айылдан алышат, менин колума тийбейт" деп түшүндүрүп берген. Кезинде "Дордой" базарына жакын жайгашкан Эне-Сай конушунун жанындагы сайдын жээгинде коробкадан алачык жасап алып баш калкалап да жүргөн. Базарда иштеп Мирланды жакшы тааныгандар "ичпейт-чекпейт, турмушун тың кылат" деп айтып беришкен.
Биз анын жашаган жерине да барганбыз. Мирлан Канаев базардан алыс эмес жайгашкан жаңы конуштардын биринде атайын квартиранттар үчүн узунунан салынган тамдын бир бөлмөсүндө жашаарына күбө болгонбуз. Ал бөлмөгө каарманыбыз 1500 сом төлөп жашачу. Ошондой эле ал жашоого керектүү буюм-тайымдарды алып, өзү тамак жасап ичип, кир жууп тиричилигин өткөрчү.
ДАГЫ ДЕЛЕ ЖӨЛӨК ПУЛУН ӨЗҮ АЛБАЙТ
Учурдагы жашоосун билүү үчүн базарга барып каарманыбызга жолуктук. Ал колу менен жаңсап мурдагы эле батирде жашап жатканын, анын акысына 2 миң, электр энергиясына 500 сом төлөп жатканын түшүндүрдү. Ошондой эле ага мамлекет тарабынан берилчү жөлөк пулду дагы деле айылдагы туугандары алып жүргөнүн билдирди. Кээде ооруп калат экен, андайда жардам бергенге кишиси да жок. Базардагы соодагерлердин бири жардам катары сыналгы берсе, анысын үйүнөн бирөөлөр уурдап кетишиптир.
"ЖЕР ТИЛКЕСИН АЛЫП БЕРСЕКПИ ДЕП ЖАТАБЫЗ"
"Жунхай" базарында соода кылган Гүлнара Кенжетаева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мирландын тагдыры гезитке, сайтыңарга чыкканда ага жардам беребиз дегендер көп болгон. Орусиядан да телефон чалышып, банктагы эсебин сурашкан. Анан банктан эсеп ачып койсокпу дегенбиз, бирок ага көп документ толтуруш керек экен. Ошентип ага чуркаганга убакыт жок калып калган. Өзү мага 10 миң сомдой топтоп берди, ушул тегеректе соода кылгандар да 10 миң сомдой беришкен. Ушинтип чогултуп Мирланга жер тилкесин алып берсекпи деп жатабыз.
"ҮЙҮН БЫЙЫЛ БҮТҮРҮП БЕРЕБИЗ"
Мирлан Канаевге "Кайрымдуу бол!" коомдук кайрымдуулук фонду үй салып берүүдө. Аталган фонддун жетекчиси Азамат Байматов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Тагдыры оор адамдарга жардам берүүмө сиздер түрткү болдуңар. Сиздердин гезитке, сайтка чыгып жүргөн тагдырлардын бири менин жүрөгүмдү катуу оорутту. Ал "Дордой" базарында араба түртүп иштеген дудук киши жөнүндө болчу. Жүрөгүм ооруп эле тим болбостон, ага жардам көрсөтүүнү туура көрдүм. Ал үчүн сиздердин кеңсеңиздерге барып, Мирлан Канаевдин дарегин алып, анан ага жолуктум. Ага кийим-кечек, азык-түлүк алып барып бердик. Ошондой эле турак жай куруп берүүнү максат кылганбыз. Учурда биз "Манас" аэропорту жакка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, тагдыры оор 10 адамга үй куруп жатабыз, буюрса, быйыл бүтүрөбүз. Мына ошолордун арасында Мирлан Канаевдин дагы үйү бар.
Акыркы жолу Мирлан байкеге барып жолукканыма 2 айдай болуп калды окшойт, кийим-кечегин алып берип, ары жак-бери жагын караштырып келгем. Сиздердин жамаатыңыздарга чоң рахмат! Калың элдин катмарына ушундай тагдырларды чыгарып, жардам берем дегендер менен көпүрө түзүп жатканыңар жакшы жышаан.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg