Ырчы Омар "Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фондунун "1 окуучу – 1 демөөрчү" акциясынын алкагында жетим балдар үйүндөгү 10 жаштагы бир баланы өз камкордугуна алды. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси билдирди. Ал эми ырчыга байланышканыбызда ал: "Негизи бул нерсенин жашыруун эле болушун каалагам. Сооп ишти жарнамалагым келген эмес. Бирок фонддун жетекчиси тарабынан маалымат элге тарап кетти окшойт. Ооба, балдар үйүнөн бир баланы өз камкордугума алгандыгым чындык. Буюрса, ал баланын тамак-ашына, мектепти бүтүп, жогорку окуу жайда билим алуусуна, негизи эле эрезеге жеткиче каржылык жактан колдон келишинче жардамымды көрсөтөм, ага катары дайыма кеп-кеңешимди берем. Жетим балдар – жалпы коомдун балдары, кээ бирөөлөр аларга жардам берүү кыйын деп ойлошу мүмкүн. Ал өтө кыйын эмес, ошондуктан бардык мекендештерибизди сооп иш кылууга чакырам",- деди. Буга чейин да алып баруучулар Эркин Рыскулбеков жана Нурсултан Майназаров бул долбоордун алкагында бирден баланы өз камкордугуна алышкан.