Сульфия Мураталиева: «АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН МАКАЛАЛАР ЖАГАТ»– Саламатсызбы? Сиз гезитибиз өткөрүп жаткан утуштун жеңүүчүсү болдуңуз. Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Рахмат! Мен Талас шаарындагы Жылуулук камсыздоо ишканасында эмгектенем.
– Сиз калтырбай окуп турган макалалар кайсылар?
– Мага көбүнчө үй кожойкелерине арналган макалалар жагат, тамак-аш тууралуу чыккан рецепттерди көп окуйм.
Төлөбай кызы Наризат: «ТУУГАНДАРДАН УГУП КАТЫШЫП КАЛДЫМ»– Наризат, байгеңиз кут болсун! Утушка кандайча катышып калдыңыз?
– Рахмат! Утуш тууралуу туугандардан угуп, катышып калдым. Сан сайын гезитти барактап, Талас облусу боюнча утушту күтүп жүргөм. Өзүм Бакай-Ата районунун Кыргызстан деген айылынан болом. Жашым 17де. Гезиттин көбүнчө шоу дүйнө тууралуу макалалары жагат. Андагы кызыктуу маектерди калтырбай окуп келем.