Жайнагүл Дайырбекова: "БАШКА ЭЛДЕРДИН КААДА-САЛТЫН БИЛГИМ КЕЛЕТ"– Жайнагүл, байгең кут болсун! Өзүң тууралуу айта кетсең?
– Рахмат! Мен Ак-Талаа районунун Баетов айылынан болом. 17 жаштамын.
– Сен гезитибизден кайсы темадагы макалаларды окугуң келет?
– Мен көбүнчө сериалдарды, ырчылар тууралуу жана түркүн дүйнө темасындагы макалаларды кызыгып окуйм. Дүйнөдөгү башка элдер, алардын каада-салттары тууралуу билгим келет, ошого байланыштуу макалалар көп чыкса жакшы болмок.
САЙКАЛ БАГИШБЕКОВА: "УТУШТУ КҮТҮП ЖҮРГӨМ"– Сайкал, сиз оюн-утуштун жеңүүчүсү болдуңуз! Утам деп ишендиңиз беле?
– Рахмат! Ар кайсы облус ойнотулуп жатканда качан бизге кезек келет деп күтүп жүрдүм. Анан гезиттен биздин облустун тургундары катышарын окуганда үйгө барарым менен биринчи эле суроолордун жообун таап, ошол замат почтадан жөнөтүп жибердим. Жоопторум туура экендигине ишенгем.
– Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз...
– Мен Кочкордогу мектепте мугалим болуп иштейм, жашым 31де. "Супер-Инфо" гезитиндеги түркүн дүйнө, сериал, шоу чөйрөсүнө байланыштуу макалаларды кызыгып окуйм.
№751-санда жарыяланган Ысык-Көл облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Айткүл Токтобек кызы өзү келип белегин алып кетсе, №753-санда Талас облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган утуштун жеңүүчүсү Наризат Төлөбай кызынын ордуна курбусу Айзаада Сурабалдиева келип белегин алып кетти.
Урматтуу окурман, 15 жылдык мааракеге арналган оюн-утуш кызуу уланууда. Сиз дагы катышып, белек утуп алыңыз!