Ар бир эле адамдын өз автоунаасы боло бербейт эмеспи. Эми болсо автоунааны сатып алууга шарты жоктугуна карабай, тиешелүү жерге жетүү, такси кызматында иштөө реалдуу болуп калды. Анткени ижарага берүүчү компания аркылуу автоунаа алууга мүмкүнчүлүк пайда болду.
Жакындан бери “Бери машину” же кыргызча айтканда, “Унаа ал” компаниясы калкка унааны ижарага берүү кызматын сунуштоодо. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, унааны ижарага алып иштетүү – киреше табуунун ыңгайлуу жолу. Унааны ижарага алуу менен кардар аны каалаган максатта, каалаган мөөнөттө колдоно алат. Алсак, жеке иштерге, такси кызматына же жөн гана ал унаа менен сейилдөөгө чыксаңыз болот. Баалары чөнтөккө туура келип, ижара үчүн күрөө талап кылынбаганы менен да айырмаланышат.
АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
ШАРТТАРЫ ЖӨНӨКӨЙ:
1. Bm.kg сайтына кирип, кайсы күнгө, канча убакытка унааны ала турганыңыз боюнча арыз калтырасыз;
2. Сайтта көрсөтүлгөн телефон номери боюнча WhatsApp тобуна кошулуңуз же жеке кат аркылуу кайрылыңыз.
Унаалар кардардын колунан жол кырсыгына же кандайдыр бир зыянга учураса, анда келтирилген чыгымды кардар төлөп берет. Ал эми компания унаалардын майын, дөңгөлөк жана тетиктерин алмаштырууну, оңдоп-түзөөнү өз моюнуна алат.
КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕКТЕЛЕТ?
1. Паспорт (шаарда же аймакта катталганы маанилүү эмес);
2. Жашаган жеринен маалым кат.
Унааны ижарага алууда документтерин толтуруу 10 мүнөт убакытты алат.
КАРДАРГА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР:
1. Ижара акысы суткасына бир унаага 750 сом;
2. Жоопкерчилик жана тактык;
3. Жаш курагы 21-70 жашка чейин болуусу керек;
4. Айдоочулук тажрыйбасы 2 жылдан кем болбоосу кажет;
“ТЕЛЕФОНДОРГО ТИРКЕМЕ ЧЫГАТ”
Эмил Сарымсаков, Кызматтын негиздөөчүлөрүнүн бири:
– Келечектеги максат – бул биздин аймакка келген туристтерди да убактылуу унаа менен камсыз кылуу. Ошондой эле кардарларга ыңгайлуу болсун деп телефондорго атайын тиркеме чыгарууну пландоодобуз. 2 жылдын ичинде унааларды кардарларга лизингге берүүнү ишке ашырабыз. Биз бул ишти жаңы баштап жаткандыктан азырынча биздин автопаркта 15тен ашык унаа бар. Келечекте унаалардын санын көбөйтүү негизги пландарыбыздын бири.
Байланыш телефону:
0770 52 77 50,
info@bm.kg