БИР КҮНДӨ ЖАЗЫЛГАН «DESPACITO» ЫРЫНЫН ИЙГИЛИК СЫРЫ

Түнкү клуб, кафе, айтор, ар бир эс алуу жайында жаңырып, кулакка сиңип калган «Despacito» ырын сиз деле кыңылдап ырдап калсаңыз керек. Адамдарды көл-шал кылып бийлеткен жылдын хит ырынын ийгилик сыры эмнеде? Чыгарманы эл сүймөнчүгүнө айланткан ырчылар ким? Аткаруучуларга бул чыгарма кандай ийгиликтерди алып келгендиги тууралуу кеп кылабыз.

Аткаруучулар – Луис Фонси, Дэдди Янки
Чыккан жылы – 2017-жыл, 13-январь
Жанры – Латын-поп, реггетон
Ырдын узактыгы – 3 мүнөт 47 секунд
Чыгарманын авторлору – Луис Фонси, Дэдди Янки, Эрика Эндер


БИР КҮНДӨ ЖАЗЫЛГАН ЫР
Дүйнөгө белгилүү ырдын жаралуу тарыхы тууралуу аткаруучулардын бири Луис Фонси: – «Despacito`нун» дүйнө жүзүнө популярдуу болуп кетери үч уктасам түшүмө кирген эмес. Мен бул окуяны Кудайдын буйругу деп гана кабыл алдым. Ырдын жаралышы оңой болду. Бир күнү эртең менен ойгонсом башыма өзүнчө эле «Деспаситонун» музыкасы келип, ичимден улам ал музыканы «деспасито» деген сөзгө салып кыңылдап жаттым. Ошол күнү ырдын авторлорунун бири Эрика менен ыр жаздырып жатканбыз. Ага барып «бир обон бар «деспасито» деген сөзү менен, ушуну да ырга кошпойлубу» деп сунуштадым. Ал макул болуп, ырыбыз бир күндүн ичинде жазылып бүттү. Карап көрсөм, бир нерсе жетишпей жаткандай туюлду, ойлонуп Дэдди Янкини кошуп рэп айттырмай болдук. Рэп ырга өзүнчө түс берди. Бул ыр менен клиптин негизги каарманы сулуу кыз эмес, биз сүйгөн Пуэрто-Рико өлкөсү,- дейт ырчы.
Чынында эле дүйнөнүн ар бурчуна тараган ырдын клиби Пуэрто-Рикодо тартылып, ал өлкөгө эс алуучулардын санын арбыткан деп айтышат.

АТАКТУУЛУГУ БОЮНЧА «МАКАРЕНАНЫ» БАСЫП ӨТТҮ
«Деспасито» АКШнын хит-параддарында 16 жумадан ашык биринчи орунду камсыздаган алгачкы испан тилдүү ыр. Ал буга чейин АКШда 1996-жылы «Макарена» ыры жеткен ийгиликти басып өткөн.
«Деспаситонун» клиби ютубда 4 миллиард жолу каралып, аталган сайттын тарыхында эң көп каралган видеолордун катарына кире алган. Айрым батыш басылмалары «Деспасито» чыгармасы ютубдагы кароолордон эле 4 миллион доллар тапкандыгын жазышкан. Мындан сырткары түрдүү тилдерге которулуп ырдалып, пародиялар жазылып, кавер версиясын ырдаган ырчылардын багын ачкан. Кыргызстандык жаш ырчы Толгонай Арзыкеева да «Деспаситону» ырдап интернеттен белгилүү болгонун айта кетели.

ЫРДЫН ТЕКСТИНДЕ «АЧЫК» СӨЗДӨР БАР
«Деспасито» сөзү кыргызча жай, акырын жасалган кыймыл-аракетти түшүндүрөт. Ал эми ырдын текстинде «мен сени жай, акырын атыр жыттуу моюнуңдан жыттап, кулагыңа шыбырап, өпкүлөп чечиндиргим келет» сыяктуу «ачык» сөздөр бар. Ырдын сөзүнүн маанисин билбей ырдап жүргөндөр көп. Мисалы, Малайзияда аталган ырды мамлекеттик теле-радиолордон берүүгө тыюу салынган.

ВЕНЕСУЭЛАЛЫКТАРГА ТААРЫНЫП...
2017-жылдын июль айында Венесуэланын президенти Николас Мадуронун иш-чарасында «Деспаситонун» музыкасына башка сөздөр коюлуп ырдалган. Ал тексттин мазмунунда элди шайлоого катышууга чакырган лозунг колдонулат. Венесуэлалыктардын бул жоругуна капа болгон ырчылар «биз ырды саясий максатта колдонууга уруксат берген эмеспиз» деп чыгышкан. Дэдди Янки «ыр уурдоо, анын текстин бурмалоо эң оор кылмыш менен барабар» деп Венесуэла президентин кылмышкер деп айыптаган.

ЛУИС ФОНСИ
1978-жылы 15-апрелде Пуэрто-Рикодо туулган. Луис кичине кезинде эле ата-энеси АКШнын Флорида штатына көчүп келишет. Болочоктогу ырчы, актёр 1995-жылы Флорида штатындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, ийгиликтүү аяктайт. Ырчы Бирмингем атындагы симфониялык оркестрде да ырдап жүргөн. Алгачкы альбомун 1998-жылы жаздырып, ал ырлар жыйнагы Латын Америкада популярдуулугун арттырган. 2000-жылы Кристина Агилеранын испан тилдүү альбомунда Луис Кристина менен «Mi Reflejo» дуэтин аткарган. Жеке жашоодо модель Агюда Лопес менен баш кошуп, бир уул, бир кызды тарбиялап келишет.

ДЭДДИ ЯНКИ

1976-жылы 3-февралда Пуэрто-Рикодо жарыкка келген. Актёр, ырчы, продюсер Дэдди бала кезинде бейсболду сүйүп, спорт менен берилип машыккан. Тилекке каршы, бутунан катуу жаракат алып спортту биротоло таштаганга туура келген. Спортту таштагандан кийинки капасын музыка менен жазып жүргөн Дэдди 17 жашында үйлөнүп, учурда 3 баланы тарбиялап келет. Бизге Дэдди «Gasolina» аттуу ыры менен белгилүү. 2008-жылы «Таланттуу жигит» аттуу тасмада роль аткарып кинодо өзүн сынаган.

"Деспасито" ырынын клибине пуэрто-риколук модель, "Дүйнө периси 2006" сынагынын жеңүүчүсү Зулейка Ривера тартылып, клипке көрк кошкон.


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
ZhanMM
2017-12-05 09:35:55
Даа ... чынында мыкты хит болду.
+3
mumu00
2017-12-05 09:36:26
Клиптеги кыздын фигурасы мощный го...бийлегени жагат пляжда.
0
Bilal2014
2017-12-05 12:04:22
4млрд просмотров
0
Aikoo2014
2017-12-05 15:50:00
Ырдын маанисин билбей, кээ бир кыргыздар келген звоноко коюп алганы куйдурот. Карап турсан акылы соо эле адам, анан эле жонокой нерсеге акылдары жетпейт.
Музыканы коёоордо интернеттен котормосуна бир коз жугуртуп койсо деле ашыкча болбойтда. Пффф
-10
jama9210
2017-12-05 16:50:50
Тырын тырыыынннн аааайййй куа сиииии деееспасито пасито иииийййй
-9
Koshaly
2017-12-06 00:03:10
ушул ыр тажаты , чыккан куну эле угуп өчүрүп салгам
-5
Raiana17
2017-12-06 05:16:18
Луис Фонси аябай жакшы ырдайт экен жакында эле Италияда бизге келип ырдап берди ушул ыры ушунчалык популярный экенин билбептирмин
-4
AKCAHAT
2017-12-08 17:02:09
Raiana17, 4млрддын ичинде сен кантип билбей калдын экен
+2
Raiana17
2017-12-06 05:17:10
Луис фонси жакшы ырдайт экен
0
Dembele84
2017-12-06 09:39:24
Чыныгы хит 2017 ушул болду дуйнодо,4 млрд коруусу боюнча мындан ашкан бир да клип жок,мага деле жаккан эмес чыкканда эле,но хит болгонун моюнга алыш керек.А моюнундан жыттап,козум менен чечиндирдим-деген нерсенин эмне уяты бар?Тем более испан тилиндеги ыр болсо,кобуно музыка-обону жагышы мумкун,аны коюп журуштун эч уяты жок!
+2
Aisanur_89kg
2017-12-06 09:41:11
Бул ырды тил билгендер гана которуп тушунушу мумкун,которулушун билбегендер звоноко койо беришетда хит болуп атат деп,орус тилинде ырдалган кайфуем ыры чыкканда да аны эмне жонундо ырдалып жатканын билип туруп звоноко койуп алышпадыбы апасы чалат,агасы чалат,атасы чалат кайфуем деп.
+3
lustig
2017-12-06 10:28:33
Экоо тен картайып калышыптыр бирок алтымышка чыкса да мындай ырларды ырдай беришетго
-4
mimika
2017-12-10 07:49:38
Сонун ыр качан кыргыз элибиздин оозунан жакшы соз чыгат болду экен ичибиз таар коро албайбыз эч нерсени баарынын -(минус) жагын издейбиз ичибизде жаман гана ойлор жашап калган уфффф
+4
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан