САМАРА КАРИМОВА УУЛДАРЫНА СҮННӨТ ТОЙ БЕРДИ

Ырчы Самара Каримова жана жолдошу Асан Мансуров 12-декабрь күнү 600 кишини конокко чакырып, уулдары Алихан менен Барсбекке сүннөт той берип элдин батасын алышты. Тойдогу кызыктар жөнүндө ырчы: «Дос-тааныш, туугандарыбыздын көбү Бишкекте жашагандыктан, борбордо эле той берели деп чечкенбиз. Күндүн суугуна карабай келип жакшылыгыбызга күбө болгон конокторго рахматымды айтып кетер элем. Биз да конокторубузга өзгөчө маанай тартуулайлы деп белектерди өзгөчө даярдаганбыз. Тойдогу антрактарда эң мыкты бийлегендерге Дубайга, Түркияга эс алууга жолдомо бердик. Бир жолдомону мыкты бийлегени үчүн алпаруучу Нурдөөлөт Копоев утуп алды. Андан тышкары да үй турмушуна керектелчү буюмдар призге коюлган. Айтор, келген коноктор мени күтүүсүз белектер менен кубантса, биз да аларды капа кылбай узатканга аракет кылдык. Эми Ош шаарында чоң той берели деп жатабыз»,- дейт.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Самара Каримова уулдарынын сүннөт тоюнда Дубай, Түркияга жолдомо ойнотту
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
kkkkkk9696
2017-12-19 23:39:49
Самара чон кишиге тийип 3баланы тороп жашап жатат ээ ХХХХХ
+6
Elitta
2017-12-20 00:23:03
kkkkkk9696,Самара чон кишиге тийседа бактылуу зато ак нике менен жашап жатат,ХХХХХХХХХХХ 3баланы тарбиялап жатат ХХХХХХХХХ
-6
Elitta
2017-12-20 00:28:03
Самара терс комент жазган душмандарга конул бурба,сага жетпей сендей болоалбай ХХХХХХХХХХХХХ Азаматсын той кут болсун!
-7
admin_media
2017-12-20 14:22:11
Elitta, башка колдонуучуларды кемсинтүүгө, жеке айтышууларга тыюу салынат, порталдын эрежелерин сактаңыз!
+1
vivaldi
2017-12-20 01:53:05
Мен жеке, ушундай төгүп чачмай, тамак аш менен мактанмай, ысырапкорчулукту такыр терс көрүнүш деп эсептейм. Тарыхта да тойду көбүнчө байлар, манаптар тайпасы берген. Элдин эсебинен жалтырап май басып жашап өтүшкөн. Дуба инсандан эмес Кудайдан тиленет чынында.
+11
Ne.vajno
2017-12-20 10:03:11
Ошто чон той беребиз дейт бул эмне кичине тойбу ошондо . Элден чогултуп буто албай атасынбы?
+5
Nanei
2017-12-20 10:08:57
Самара ХХХХХХХ
+3
Benazir08
2017-12-20 10:24:22
Асандын мурунку аялы кантсе да ичи тыз тыз этип аткандыр жаш ХХХХХХХХ алдырып. Ошто кылбай эле койгула. Ошто кылайын дегенге дасторконго кеминде 50дон ашык акчв кетет жок дегенде ошо 50ну бирого берип кой ана 3 балан бактылуу болсун
+5
admin_media
2017-12-20 11:03:01
Benazir08, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазуудан алыс болуңуз! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
-1
Gulipa
2017-12-21 08:41:18
Бироонун кемчилигин жашырсан,Аллах сенин кемчилигинди наркы дуйнодо жашырат
+1
noeli
2017-12-21 23:06:38
Дос туугандын көбү Бишкекте экен дейт Ошто калган каткандарга даагы той берет экен да ээ?
+1
Shahrizaada
2017-12-22 00:00:22
19кун элди мажбурлап концерт коюп тапкан акчанарга ырчы-чоорчуларды сайрандатыпсынарда
+3
Gulzina1993
2017-12-22 12:26:52
Кудай аай 600адам, ошол адамдардын ичип жегенин бей беччараларга жок дегенде белеке кетирген акчанды коротсон омур боюу бата бермек.
+1
Gimi_poi
2017-12-22 12:31:29
19кун концерт койгон Самара 2кун той бергенден уялмак беле,озун пияр кылып эле басып журот жалан ошондой жолду издеп жашашат деп ойлойм,бир адам суктанарлык уну болсочу.Бишкекте Элиталарга калган катканы Оштобу,Оштон нан таап жеп жанын багып оштун чыгармачыл адамдары менен адам болгондон кийин биринчи Ошто той берсе болмок.
+1
Aselina87
2017-12-22 14:42:25
Osh dagy batkenge dagy otkozom dep atat.men birinchi jolu ugup atam toidu 1jolu ele beret ko bata alyp ar kaisy waarga berip farfyrabai
+1
gulzat85
2017-12-23 10:37:29
Азыркы жашоо байлардыкы эле болуп калды.эптеп байлыгын коргозуп мактаныш керек болгону ошо менин оюмча.
0
Jhyza
2017-12-23 13:04:05
Той кут болсун!
0
Sarychelek9286
2017-12-23 15:53:55
Мынча ысырап керчиликтин не кереги бар эле.үйдөн эле чакан кылып өткөзүп бата алышса деле болмок экен.ушул тойдогу ысырап керчиликке кеткен акчаны муктаждарга берип дуба кылып коюсун сураса,дубалары кабыл болмок жана сообу тиймек.биздин байлар качан ысырап кылбоону үйрөнүп,садакканы көөбүрөк муктаждарга беришер экен.өкүнүчтүү
0
№ 789, 15-21-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан