«ЖЕ КОНФЕТТЕР СЫЙКЫРДУУ БОЛОТ, ЖЕ КААЛООБУЗ КҮЧТҮҮ БОЛУП ЧЫГАТ»

Түн. Кар. Суук. Ызгаар. Буттарым какшап тоңуп калды. Дагы жакшы, чоң атамдын тонун үстүмө кийип келипмин. Ошол гана жанды сактап жатат. Сай боюндагы үйүңдөн алыс эмес жерде дарыядан келген муздак шамалга да, анда-санда шамал менен ойноп келип жылаңач моюнума жабышып ичиркентип жаап жаткан карга да кайыл болуп сени күтүп турам. Жарык жанып турган терезеңден бир бул жакка, бир тиги жакка өтүп жаткан карааныңды көрүп элжиреп коём өзүмчө... Анан бир убакта сен чыга келдиң. Жеңил кийинип алыпсың. Чуркап келип эле кучактадың. Чоң атамдын чоң тонунун пайдасы мына ушундайда тиет. Ошол тондун ичинде кучакташып туруп алабыз.
– Ий, байкушум, мурдуң тоңуп калган го,- дедиң жылуу мурдуңду көгөрүп турган менин мурдума тийгизип.
– Үшүгөн деле жокмун,- мурдумду шыр тартып койдум.
– А муну сага алып келдим,- жаңы жылдык дасторконуңдан ала чыккан 2 конфетти көрсөттүң.
– Чөнтөгүңө сал! Үйүңө барганда жаңы жыл кирип келип, баары каалоо-тилек айтып жатканда ичиңден “Жази экөөбүз кийинки Жаңы жылды чогуу тосолу! Дайыма бири-бирибизди жакшы көрүп жүрүп өтөлү!” деп тилеп туруп жеп коёсуң, түшүндүңбү?
– Түшүндүм! А бул сага!- жанатан бери тондун жылуу чөнтөгүндө жаткан бир карыш болуп кесилген кочкул кызыл роза гүлүн алып чыктым.
– Апе-ей, бул чын эле гүлбү? Пластмасса эмеспи?- таң калып калдың. Борбордон алыс, кышы кычыраган, жайында картошка араң өскөн биздин айылда чыныгы роза гүлдү көрүшсө көбү эле таң калмак. Болгондо да кар 1 метр жаап, Аяз ата өзү үшүй турган маалда розаны көрүү бул керемет эле болчу!
– Бул кайдан?
– Атайын сага өстүрбөдүмбү...- кыйынсынып койдум. Шаардан эжем апама топ гүлдү белек кылып алып келиптир, арасынан эң жакшысын сындырып алып сага алып келдим демек белем? Бекем кучактап өөп алдың. Анан экөөбүз коштоштук. 10 мүнөт сени менен ушинтип сүйлөшүп кучакташып туруу үчүн айыл четиндеги, сай боюндагы сенин үйүңө бир топ жол басып барып, анан дагы кышкы суукта 40 мүнөттөй күтүп, анан кайра кайтчумун. Бул жолу да ошенттим...
Үйгө кирсем, баары жаңы жылдык дасторконго отурушуп, каалоо-тилек айтып башташыптыр. Сен берген эки конфеттин бирин алып чыктым да: “Жази экөөбүз кийинки Жаңы жылды чогуу тосолу! Дайыма бири-бирибизди жакшы көрүп жүрүп өтөлү!”- деп тилеп жеп алдым.
– Эмне деп эле күбүрөнүп жатасың?- эжемдин бул суроосунан чочуп кеттим. Каалоомду сыртка үнүмдү чыгарып эле айтып салыпмын. Атам, апам жылмайып карап турушуптур. Кызарып кеттим...
Жаңы жылдык ошол тилек чын эле кабыл болду! Конфеттер сыйкырдуу беле же биздин каалообуз күч беле, билбейм. Айтор, кийинки жылы биз үй-бүлө катары Жаңы жылды чогуу тостук. Сонун болгон! Сен ак жоолукчан, улам мени карап күлүп, бактыдан маңдайың жарык жүргөнсүң. А менин дүйнөм түгөл эле.
Азыр Москванын эч эле биздин айылдын кышына окшошпогон мерез кышынын Жаңы жылга жакындап бараткан бир күнүндө өткөнүбүздү, айылда кош бойлуу бойдон мени күтүп үйдө отурган сени эстеп сагынып отурам.
Жаным, Жазим... Жазым. Азыр жаңы жыл келе элек, 29-декабрь. Мен бул жолу сени менен Жаңы жыл тосо албай каламбы деп чочуп турам. Москвага көптүн катарында мен да иштегени келгем. Биз, сен, мен, балабыз жакшы турмушта жашасак деген тилектин аркасында жүрөм. Сени чындап жакшы көрөм. Жаңы жылды ушунчалык сени менен, ата-энем менен тоскум келип жатат. Бирок айлык акы дагы кармалчудай... Бара албай калат окшойм деп ойлонуп алып, ошол ойдун өзүнөн эле туталанып эмне кыларымды билбей турам.
Мендей болуп туталанган канча кыргыз бар дейсиң? Бирок, Жази, Жази эле эмес, мигрант атасын же апасын Жаңы жылда күткөн балдар, жубайлар, аталар, энелер, биз силерди баарыңарды жакшы көрөбүз дегим келет! Алыста жүргөн баарыбыздын атыбыздан. Буюрса, баары жакшы болот! Кийинки жаңы жылдар баарыбызды чогуу кылсын! Мол дасторкондун үстүнө жадырап-жайнап отуралы! Жок, кийинки жаңы жылда дебейинчи, мына ушул жаңы жылды баарыбыз бир тосолу! Кереметтерге ишенели! Ушул жакшы тилектер кабыл болсун, Жазим үйрөткөн сыйкырдуу кеңешти колдоном! Бир конфет алам да, баарыбызга жогорудагы жакшы тилектерди каалап, бүгүн Жаңы жылга 2 күн калганда жеп коём. Ал тилектер сөзсүз орундалат, буюрса. Же конфеттер сыйкырдуу болуп чыгат, же биздин каалообуз күч болуп чыгат...


Жазинин Мараты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Tyty1990
2018-01-02 11:29:31
Тан гору дунуйо.....
+2
Patriot312
2018-01-02 11:33:06
Урматтуу админ кантип сиздер менен байланышсак болот? Электрондук кат жиберсем жооп бербедиңиздер.Бизде да баштан өткөн окуялар бар эле.
+2
Aisuluusha
2018-01-02 17:28:22
Ээээх,суйуу тууралуу тема болсо эле,балалыгым эске тушот....Ал убактагы суйуулор башкача эле да.
+1
Beka9393
2018-01-03 00:31:27
Aisuluusha, Кайсы жылдардагы суйуу?
+1
love.me.again
2018-01-02 20:26:38
Эээ кокуй биринчи щартына карап бутуну Сун да. Мына уйлонтуп алыпсын колунду Бир тыйын жок. Ошонун аркасынан Уй було жаьыркап атат да. Биринчи акчан болсо уйлон
-7
mmiram
2018-01-02 21:15:32
love.me.again, анда элдин кобу бутун сунбай калабы
+5
love.me.again
2018-01-03 01:44:27
mmiram,биринчи ищтесин щартын жакшыраак кылып уйлонсун
-3
Djka
2018-01-03 22:02:49
love.me.again,Bailyk Biilik bir tyiyn Bakyt tabyw en kyiyn Bailyk biiliksiz dele okat kylyp ketse bolot en negizgisi Olumdon bawkasynyn baary erte bolgonu jakwy kalgany akyryndyk mn bolo beret
+2
Mika2109
2018-01-02 23:09:04
Сонун. Бирок Москвага кеткени жаман экен.
+1
aizirek...
2018-01-05 07:48:24
Биздин жашоо го. Мен балам ичимде дагы бир балам Жаңы жылды чогуу тосолучу келе бериңчи деп атабызга жалдырап эле калып кеттик. Атабыз Россиянын бир кычыгында бизге жете албай мындан кийинки жаңы жылдарды эле эмес ар бир күндү чогуу тосконго убада берип 2 ай күтүүбүздү суранды. Не кылмак элем. Ушунча чыдадым 2 ай кантип чыдабайын. Күтөбүз да
+3
Alibek-0001
2018-01-06 15:53:48
Эхххх
0
toktogul0322
2018-01-06 21:45:13
Сонуууун
0
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан