СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Иман андан ары эмне деп айтарын билбей карбаластап кетти.
– Иман, жай отуруп сүйлөшчү сөздөр көп. Өзүң көргөндөй уулуң да чоңоюп калды. Кезигип сүйлөшөлү деп ойлогом.
– Качан сүйлөшөлү?
Эртеси күнү кезигерин болжошсо да, экөө тең трубканы колунан чыгаргысы келбей турушту.
– Анда эртеңкиге чейин.
– Ыйманда жат!
– Түнүң бейпил болсун!
Имандын бир аз каргылданган үнүн уккан Айшанын кубанычтан жүзү албырып, жүрөгү алып учуп турду.
Эртеси Айша биринчи жолу жолугууга бараткан секелектей алып учуп, үйүн жыйнап, тамагын даярдап жатты. “Чиркин, көңүл карыса да, жүрөк карыбайт” деген чын экен го... Жүрөгүм алып учуп жатканын кара” деп өзүнө-өзү таң калып коёт. Аңгыча эшиктин коңгуроосу чыр дей түштү. Эшиктин алдында бири-бирин көпкө тиктеп турушту. Биринчи Айша эсине келди.
– Эмне туруп калдың? Кел, үйгө кир.
Конок үйгө өткөн Иман жупуну жасалгаланган үйдү айланта карап алды. Ушул шаардын ичинде, карыш эле жерде өзүнүн баласы жашап жүргөн тура. Кандай оор күндөрдү башынан өткөргөнүн ким билет. Ушул учурда өзүн эң жексур, дүйнөдө жок таш боор адамдай сезди. Ага баары бейтааныш эле. Экөө унчукпай көпкө отурушту. Ортодо жыйырма жылдан берки таарыныч, айтылбаган сырлар бар эле. Мына ошол нерсе алардын жолун бөгөп жатты.
– Эмне унчукпайсың? Сүйлөп отурсаң.
– Сүрдөп жатат окшойм,- деди Иман өзүн зордоп жылмайып.
– Менден сүрдөчүдөй жөнүң жок болуш керек.
– Ортодон канча жыл өттү?
– Жыйырма жыл.
– Да... Бүтүндөй өмүр дечи. Айша, чын эле ушул аралыкта турмушка чыккан жоксуңбу?
Айша кимдир бирөө камчы менен чаап жибергендей жыйрыла түштү.
– Бул суроону башкадан болсо да сенден күткөн эмесмин.
– Кечир!
– Эх, эркектер! Аял тууралуу эмнени билип коюпсуңар. Жок дегенде...
– Сага катуу тиерин билбепмин.
– Сенде эмне күнөө? Болгону, табиятыңар ошол да.
Айша ордунан туруп, терезе тарапка басты. Ортодо сөз уланбай экөө тең өз ойлору менен алек эле. “Эй, ушундай копол жайым бар да. Эмнеге антип сурадым, табалагандай болуп?.. Андан башка эч нерсе оюма келбей туруп албадыбы. Катуу таарынтып алдым. Ка-ап...” Иман дасторкондун четин кармалап бушайман болуп жатты. Акыры чыдабай терезени тиктеп турган Айшага жакын барды.
– Кечирип койчу...
Кулагынын түбүнө шыбыраган Имандын ысык илебинен Айша дирилдей түштү. Карегине айлана түшкөн жашты аарчып, күлүмсүрөй берди.
– Кайда барат элем? Мен сени эбак эле кечиргем. Уулуң кечирсе болду. Иман, сурооңо жооп берейинби?
– Туура эмес сүйлөп алдым окшойт.
– Сенден кийинки жашоомдун кызыгын, болгон сүйүүмдү уулума арнадым... Сенин уулуңа. “Эмнеге турмушка чыккан жоксуң?” дедиң. Бул суроону көп адам бергени менен, сенин сурооң аябай жанымды кейитти. Башка билбесе да, сен билишиң керек эле. Жүрөгүмдөгү сенин ордуңду эч ким толтура албасын... Сени ушунчалык катуу сүйгөм, Иман, түшүнбөпсүң. Жөн эле көңүл үчүн, дене кумары үчүн да бирөөгө байлана албасымды билбепсиң!
– Айша, мен сенин сүйүүңө татыктуу инсан эмесмин.
– Билем.
– Мен сени да, Гүлнараны да бактылуу кыла албадым. Жанчылып, сыздап эстечүмүн сени. Адамдар, өзгөчө эркектер өзүнүн алсыздыгын таптакыр моюнуна алгысы келишпейт. А сен менин алсыздыгымдын чыныгы күбөсү болчусуң.
– Болуптур, Иман, өткөн өттү. Эми кийинки жашооңду кантейин деп жатасың? Эл көзүндөгү адамсың. Сенин чөгүп үйдө отуруп алганың болбойт.
Иман ийинин куушуруп койду да, диванга келип күп түшүп отуруп калды. Бет маңдайында кичинекей Рустамдын сүрөтү турган экен. Сүрөттөгү сүймөнчүк бала колун азыр сермеп, сүрөттөн чыгып кетчүдөй бажырайып туруптур. Моокуму канбай сүрөттү көпкө тиктеп турду. Ана акырын колуна алды.
– Айша, билесиңби, уулумду дал ушундай элестетчүмүн. Мага укмуштай окшош. Айрыкча көзү, мурду, оозу...
– Кичинесинен эле кыялы башкача болуп чоңойду. Өзүнүн максатын билип, көжөлүп туруп алганын сага аябай окшоштурам. Башынан эле “музыкант болом” деп туруп алды. Башка кесипке канчалык кызыктырайын десем да болбой, кыл кыяк алдырып алганычы...
– Бул жакшы сапат. Көрөсүң го, Рустамдан кыйын музыкант чыгат. Баралына келгенде...
Иман толкунданып турду. Жашоодо ордун баса турган тукуму бар экенине сыймыктанды. Жаш баладай өрөпкүп, кубанычынан жетине албай жатты. Мунун баары кыраакы Айшанын көз жаздымында калган жок.
– Кел, чайың да сууп калды көрү­нөт.
Эшик ачылып, Рустамдын шаңдуу үнү угулду.
– Апа, мен келдим.
Конок үйгө кубана кирип келип, Иманды көрүп мостоё түштү.
– Апа, бул киши биздин үйгө эмнеге келди?
– Рустам, бул сенин...
Апкаарыган Айша жаалы көзүнөн учкан уулуна жалдырай тиктеди.
– Жайыбызга коюңуз деп айтпадым беле!
– Уулум, куубасаң деле кетем. Бирок...
– Сизди бул жакка ким чакырды?
– Мен чакырдым, балам.
Айшанын үнү катуу да, катаал да эле.
– Апа, сиз эмне...
– Анчалык катуу болчу эмес, балам. Атаң экени жалганбы?
– Жыйырма жылдан кийин ата болуп калдыбы?! Апаке, сурап көрчү, ата сөрөй кайда жүрүптүр?! Сен белиң кайышып үч жумушта бирдей иштеп жүргөндө бул каякта эле?! Мен “ата” деген сөзгө зар болуп жүргөндө кайда эле?! Эми өз башына күн түшкөндө биз керек болуп калыптырбызбы?! Сен ушунун баарын унутуп койдуңбу?!
– Жок, балам, унутканым жок. Ал унутулчу убак беле?
– Анда...
– Балам, кечиримдүү бол деп көп айтчу элем го... Кыйналган мен да анчалык кектебедим. Атаңды эбак эле кечиргем.
– Апа!
– Суранам, анчалык катуу болбо.
– Демек, кечирген экенсиң да?
Рустам экөөнү алмак-салмак карап турду да, эшикке атылды.
– Уулум, сен кайда?
– Рустам...
Иман эки аттап жетип, Рустамды ийинден алды.
– Апаңды ушунчалык капа кылганга акың жок, балам. Мени көргүң келбесе, азыр чыгып кетем. Экинчи көзүңө илинбейм. Бирок апаңа катуу сөзүң тийбесин.
– Коё бериңиз, болбосо...
Тиштене берген Рустам ийинин жулка бошотуп алды да, эшикке жөнөдү. Азыр эле кубанып турган экөөнүн тең жүзү томсоруп, шалдая отуруп калышты.
– Айша, бала да, азыр келип калат. Сен анча капа болбочу.
– Мен куруюн. Мүнөзүн билгенден кийин эч нерсе деп айтпай коё турсам эмне? Каны суюк жаш бала бир нерсенин үстүнөн чыкпаса эле болду.
– Бүгүн келбей эле койбой...
Иман бушайман боло ары-бери баса баштады. Кетип калайын деп ээн үйдө тынчсызданып жаткан Айшаны кыя албады. Кетпейин дейт, бирок эмне деп жубатып, эмне деп сүйлөштү билбей жатты. Айша былк этпей отура берди.
– Айша, мен кетейинби?
– Өзүң бил.
Иман Айшанын маңдайына келип, тизесине башын коюп отуруп калды.Илгери жалындуу жаш кездеринде Айшанын тизесине ушинтип жатканды жакшы көрчү. Айша калтыраган колдору менен назик сылай берди.
– Бир кезде чачтарың кара толкун болуп төгүлүп турчу.
– Сенин тизеңде өзүм­дүн келечегимди, сахнада турганымды, эл кол чапканын элестетип жата бергенди жакшы көрчү элем, эсиңдеби? Кызык, сен берген мээримди эч ким мага бере албаптыр, азыр ойлосом.
– Аялыңчы?
– Гүлнар... Гүкү жаш баладай ойноок, эрке, шайыр жан болчу.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
cool Nka
2010-06-10 13:37:41
я бы тож не простила бы своего отца, если б он так поступил
0
№ 395, 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан