(Башталышы өткөн сандарда)
Кызын керебетине жаткырып үстүн жаап коюп, өзү да жатты. Бирок уктай албады. Ички туюму бир нерседен кабар бергендей тынчсыздана берди. Анын жашоосу ушинтип улана берди. Бактылуу беле? Жок! Жашоосу кызыктуу беле? Балким. Бирок жашоосунда бакыттын даамын сездирбеген, кызыкты туйдурбаган бир жоготуу бар эле. «Унут, унут» деп жатты ар жолкусунда акылы.
ххх
– Бүгүн менин ишим бар эле. Эрте чыксам болобу?
– Эмне ишиң бар?
– Жеке ишим бар.
– Хм, болуптур, эртең анда эки саат кошумча иштейсиң,- деди кабагын чытыган үй ээси. Жанында отурган күйөөсү майланышкан көздөрү менен узата карап калды.
Ооруканага жакындаган сайын Жамилянын жүрөгү катуу согуп баштады. «Аз калды, жарым саат, анан баары бүтөт» деп чымырканып жатты. Кезегин күтүп аялдардын катарында отуруп калды. Эч нерсени ойлобогонго тырышты. Бир аз жүрөгүнө уруксат берсе эле бул ишти кыла албачудай.
– Жамиля Тунжа, келиңиз...- деди ичкеридеги үн.
– Даярсызбы?
– Даярмын. Кийимдерин чечинтип даярдап жатышты.
«Башка айлам жок болчу, бөбөк. Кечир мени. Сага жашоо бере албайм. Укугум да, мүмкүнчүлүгүм да жок» деди сызылган жашын сүртүп.
– Даяр болсоңуз жүрүңүз.
Бир, эки... Үчүнчү кадамды таштаганда бөбөктү ажал күтүп турган эшикке кирет. Жамиля эшиктин туткасын кармап бир саамга ойлонуп туруп калды да, кайра чечкиндүү басып кирди. «Аз калды, бир 10 мүнөт чыдасам баары бүтөт. Эч нерсе калбайт. Аз чыдасам...»
Бирок ойлору тынчтык бербеди. Алибек менен Жамилянын баласы! Бул тууралуу канча кыял курушчу эле. Көз алдына наристе кыялдары келди. Мына, эки колун жайып чачтары сексейген кыз бала чуркап келе жатат. Алибек менен Жамиля тосуп алып, ортого алып өөп-жыттап... «Кыялдарымды өз колум менен өлтүрүп жатам. Бизди өлтүрдүм. Алибек менен Жамиляны өлтүрдүм. Эми наристени...»
– Бир... Эки... Үч...
Жамиля каалгып кетип бара жатты.
ххх
Ойгонуп эки жагын караганында оорукананын кушеткасында жаткан экен. Жанында медайым отуруптур.
– Бүттүбү баары?
– Жок, эсиңизди жоготуп койдуңуз. Абалыңыз начар болгондуктан доктур кийинкиге жылдырды.
–Демек, аборт кылбадыбы? Менин кызым тирүүбү?
– Кийинкиге жылдырдык. Кааласаңыз эртеңки күн...
– Жок, жок, каалабайм. Рахмат сиздерге.
Шашып ордунан турган Жамиля курсагын сылап алып шашып сыртка жөнөдү. Бул тозоктун отунан алыстаганга шашты.
– Мен ага барганга аргасызмын, Нуриля, башка айлам жок. Мен Алибектин баласын өз өмүрүмдү курмандыкка чалсам да сакташым керек.
– Мен билгем. Муну кылбашыңа ишенгем,- деди күлүмсүрөгөн Нуриля.
– Эми Керемге шек алдырбаш керек. Убакытты коротпой аны менен жолугушуум керек.
Анын жолун да ойлоп табышты. Керем ар дайым түштөнө турган жер бар эле. Ошол жакка булар да кире турган болушту.
– Ал жерге билесиңби кимдер кирет? Стамбулдун бүтүн элитасы... Экөөбүз кантип киребиз? Эмне шылтоо менен?
– Башка жолун издештирели.
– Эмрени чоң энеси менен көрүштүрүү үчүн алып баралы.
Тагдырдын тамашасы эмеспи бул. Атын укса жаа бою качкан адамды кайра өзү издеп баштады. Ар жума Эмре чоң энеси менен интернет аркылуу сүйлөшүп турчу. Бул сапар уулуна алар Стамбулда экенин айтканга уруксат берди. Чоң эне ошол замат Эмрени үйүндө күтөрүн айтты. Капканга ким-кимди илди, бул жолу белгисиз эле.
ххх
– Керем, Эмре Стамбулда экен. Мен аны тез арада көрүшүм керек. Эгени жибер да, алдырт.
– Кайдан билдиң, эне?
– Скайптан сүйлөшүп жатып Эмре капысынан айтып алды. Энеси айтпа деп буюруптур, бирок жаш бала да, айтып алды.
– Кайсы жерде имиш?
– Кадыкөй тарапта. Сен Эгени жөнөт, мен ага даректи берем. Мен неберемдин келишине кам көрөйүн.
Карбаластап үйдү көздөй кетти Эсма. Керемдин жүрөгү дүкүлдөп кетти. Уулун көрөбү азыр? Жамиляны?
Көрдү. Эмрени чачынан жыттап, көзүнөн өөп, кучагына кысты. Аны мурдагыдай көтөрүп желкесине отургузду.
– Мен чоңмун эми, антип көтөргөнгө болбойт,- десе да болбоду.
– Сагындым сени, арстаным.
– Мен дагы.
– Энең кандай?
– Жакшы, көп иштеп жатат. Үйдө дайым болбойт. Мага тейзем карайт. Кыргызстанда мен өзүм жумуртка кууруганды үйрөндүм.
– Дагы эмнени үйрөндүң?
– Өзүм турганды, колу-бетимди жууп, керебетимди жыйнаганды. Ал жакта бала багуучу жок.
– Бала багуучу болушун каалайсыңбы?
– Жок, мунун баарын эми өзүм кылганды билем.
– Арстаным менин, сенин бул үйдө жашагың келеби?
– Ооба, бирок энем көнбөйт, ал ар ким өз үйүндө жашашы керек дейт.
– Мен Жамиляны көндүрсөм...
Керемдин жүрөгүндө үмүт ойгонду. Эмрени жибергенин өзүнчө жакшылыкка жоруду.
ххх
Жамиля өзүнүн бул жакта экенин билгенден кийин Керем кабар алат деп ойлогон. Бирок Эгени жиберип уулун алдыртып алып, өзү келбегенине таң калды. Ал билген Керем Жамиляга жолукмайынча тынчыбайт эле. Бул жерде бир нерсе бар... «Эмнеси болсо да көрөм» деди чыйрала. Жумушунан чыгып үйүн көздөй бара жаткан. Караңгыда бир узун караан турганын көрдү.
– Жамиля!
Жалт тиктеди. Алдында Керем турган экен. Өңү да азып, карый түшкөндөй сезилди. Чачын ак басып кетиптир. Эмнегедир аяп кетти.
– Керем?!
Жакын келди да, Керемди тиктеп туруп калды. Мына алдында турган сулуусу, Жамилясы. Ар дайым көргөндөгүдөй жүрөгү тыпырап кетти. Аптыга дем алып алды. Мына, турат сулуусу, баягы эле капкара жалындаган сырдуу карек. Апакай жүзү, кара чачы, сымбаттуу дене түзүлүшү, койкоюп турушу.
– Келдиң, демек...
– Келдим.
– Эмне мага жолукпадың?
– Өз жолум менен жашайын дедим,- деп баратып эрдин тиштей токтоду.Такыр калп айта алчу эмес. Бул жолу бардык эркин жыйышы керек. Керемге эч бир шек жаратпашы керек. Эгер курсагындагы бала Алибектин баласы экенин билсе, ал эч нерседен кайра тартпайт эле. Аздыр-көптүр Керемди билем деп ойлочу. Таш боор, куу, өз кызыкчылыгы үчүн эч кимди аябаган адам. Намыскөй дагы.
– Биротоло келдиңби?
– Билбейм, апам, сиңдим менен келдим. Сиңдим оор дартты башынан кечирип жатат. Аларды алып бул жакка келгенден башка айлам калбады. Бирок чыгабыз бул абалдан дагы.
– Билем, сен күчтүү аялсың.
Керем дагы жакын жылды. Көзүн көтөрүп караганга даай албады Жамиля. Жүрөгү түрс-түрс кагып айласы кете түштү. Ээгинен көтөрүп өзүнө каратты Керем. Каректери күйүп турган экен. Карай албай көзүн тартып кетти.
– Ырас келдиң, жаным. Стамбулга кош келдиң.
Чекесинен жумшак искеди. Денеси дүрт эте артка чегинди Жамиля, бирок күчтүү колдор кучактап алды.
– Кетпе, мени экинчи таштап кетпе. Мен сенсиз жашай албайм.
– Керем, коё бер.
– Мени таштап кеттиң. Сен үчүн өзүмдү түрмөгө салсам да сен бир кылчайбай башканын колун кармап кеттиң...
(Уландысы кийинки санда)