Дилбар Монокбаева, Аселдин апасы: «МУРДА БИР УУЛУМ БОЛСО, ЭМИ ЭКИНЧИ УУЛДУУ БОЛДУМ»
Аселдин апасы Дилбар айымга байланышып куттуктадык. Кызын турмуш жолуна узатып жаткан той ээси сезимдери менен бөлүштү. – Дилбар эже, той кут болсун! Кызыңыз Асел экөөңүздөрдүн ортоңордогу мамиле эне-бала эмес, курбулардыкындай. Кызыңызды турмушка узатып, ичиңиз ачышып тургандыр? – Рахмат. Негизи жакыныңды турмушка бергенде ичиң ачышат, ыйлайсың дешет го. Менде азырынча андай сезимдер боло элек. Тескерисинче, кызым бактылуу болсо экен деп эле жүрөм. Нурлан менен Асел бир топ жылдан бери мамиле куруп жүрүп, бирине-бири ынак болуп калбадыбы. Аселдин бактысын көрүп, сезип турам. Ушул менин кубанычым. Кызым жаман жерге барган жок. Ич ачышкыдай алыска да кеткен жок. Жаштар Бишкекте эле болушат да, биз да Бишкекте жашайбыз. Буюрса, көрүшүп, кабарлашып эле турабыз.
– Кыз узатуу тою эки күн болду окшойт? – Ооба, кыргыздын салты менен бата той 24-апрель күнү үйдө өттү. Үйгө Токтогулдан кудалар, күйөө бала, достору, кыздар болуп жалпысынан 40тай конок келди. Ал эми 25-апрелде ресторанга куда-сөөк, тууган-урук, жоро-жолдошторду чакырып, баары ойноп-күлүп кете тургандай кылдык. Чакырылган 250дөй адам кыз узатуу тойго күбө болуп кетишти.
– Эми күйөө балаңыз Нурлан Насип тууралуу эки ооз кеп айтсаңыз. – Нурланды мурдатан эле тааныйм да. Боюн көтөрбөгөн, кичипейил, элпек жигит. Жадырап-жайнап апалап эле турат. Кызым жактырып, тандап жатса, мен кантип жакшы көрбөй коё алам? Алтургай эл да сыйлап, эмгегин, адамдык сапатын баалап тургандан кийин жакшы күйөө балам бар деп кубанам. Нурланды мен өз баламдай кабыл алам. Мурда бир уул, бир кызым болсо, азыр эки уулдуу болуп калдым деп сүйүнүп отурам.
– Тоюңуздар тойго улансын. Убакыт таап маек куруп бергениңизге рахмат!
Кыстарылган видео
Асел Кадырбекованын кыз узатуу тоюнан эксклюзивдүү репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Tyty1990
2018-05-01 09:33:00
Той эки күн болду бирок, бир айдан бери реклама болтат. Каерди ачсаң ушулардын тою. Не деймин бактылуу болсун
+25
Paprikafm
2018-05-01 10:15:32
Tyty1990,ошону айтсан каерге кирсен эле ушулар, бактылуу болгула алтындарым
+14
Djal1987
2018-05-01 11:48:25
Tyty1990,болтат деп аябай догурунгансын го
+4
Ferdews
2018-05-02 15:03:39
Tyty1990,не буларга майтыфон жокбу,Туту байке))
+4
Tyty1990
2018-05-02 22:06:17
Ferdews, майтыфонду айпериге египетке салып ийдим калбады
+3
madina.87
2018-05-01 09:56:02
Бактылуу болгула баш кошкон эки жаш,Таалайлуу болгула табышкан эки жаш!!!
+5
zojolu
2018-05-01 11:41:36
жакшы
0
Aisanur_89kg
2018-05-01 14:08:02
Туура кайсы жакта болбосун экоонун тойу,бирок озубузда андып эми не болот экен деп кутуп отурабызго интернеттен чыкпай той коруп,анан баарыле телефон менен убара болуп атса камерачынын деле кереги жок болуп калды.
+6
Peri93.93
2018-05-01 15:28:10
Ак куудай ак болгула эки жаш,
Адашуудан сак болгула эки жаш.
Ынтымактуу ырыскылуу булоодон,
Кок тиреген бак болгула эки жаш.
Демекчи силерге ар дайым бактылуулукту каалайм.
+6
asiia03
2018-05-01 16:22:01
Jakshy baktyluu bolgula. Men toi bergensip suiunup atam ekoonu korup, baktyluu bolgula tugoilor. Asel choiulgany menen jakshy kelin bolchudai sozulup.Ekoonu korup ele ichim ezilip atat. Tuugandar toi bklotta anan bular yrchy adamdar taanysh , katysh kop , baarynardy berip otura bergile da. Emne myncha ichiner tar. Tobooo.
-1
Kubanychbek1991
2018-05-01 20:50:11
Бактылуу болушсун. Холодильникти ачсан, утукту сайсан дагы ушулардын тою го
+3
Saikyli
2018-05-02 23:46:56
Эн сонун пара бакыт тилейм ылайым кооп балалуу болгула......
0
Sharipa-asia
2018-05-03 21:34:50
Бактылуу болушсун
0
Lilireinhart18
2018-05-04 11:39:55
Комениарийлер хаха да
0
aslan_akjol89
2018-05-06 10:37:25
Бактылуу болушсун!Эми шыртан пыртан этип эл козуно 5 минут сайын чыга бербей тихо жашагыла.Орустар айтмакчы "Чужая семья-темный лес" болсун да.
Айтмакчы,оператордун аты бир жарым метр го,Мухамадзиямидин ишине ийгилик!:-)
0
Aznazalai
2018-05-06 22:18:20
Эми не дейли бактылуу болушсун.Айгерим расул кызынан да отуп кеттинер тойдун санын кобойтуп.Той концертин кошкондо 6-7той болот экен!Ысырапкерчилик болбосун да.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.